Өткөн жумада Бишкекте төбө чачты тик тургузган окуя болуп өттү. 14-август күнү 5-кичирайонундагы таштанды таштоочу челектен эркек адамдын колдору жана буттары табылды. Кийинки күнү Фучик көчөсүндө таштанды челегинен адамдын башы жана жансыз дененин калган бөлүгү борбордогу чайханалардын жанынан табылган. Аз өтпөй жиликтенип борбордун ар кайсы бурчуна ташталган жарандын өздүгү такталып, ал ишкерлик менен алектенип жүргөн 1981-жылы туулган Эрлан Оркошев болуп чыкты. Ишкердин өлүмүнө шектүү катары анын жубайы кармалды. Биз Эрлан Оркошевдин жакындары менен жолугуп, алардын оюн угуп кайттык.
Гүлнар Байыскулова, каза тапкан Эрлан Оркошевдин апасы: «УУЛУМДУН ЖҮЗҮН КӨРӨМ ДЕП ЫЙЛАДЫМ, КӨРСӨТҮШКӨН ЖОК»– Баламдын бир адамга да зыяны жок болчу. Жоготконума ишене албай турам. 7 жыл Кытайда, 3 жыл Англияда жашады. Англис тили менен кытай тилин кыргыз тилиндей сүйлөчү. 5 убак намаз окуп, колунан келсе кишиден жардамын аячу эмес. Бишкектин чет жагында кагаз идиш-аяктарын жасай турган заводду ишке киргизем деп чуркап жүргөн. Тез-тезден сүйлөшүп турчубуз.
13-август күнү телефон чалсам алган жок. Санаам тынчыбай келиниме чалсам ал да албай, кийин өзү чалды. «Айланайын, Эрлан каякта? Телефонун албай жатат го» десем, «Мен апамдыкына кеткем. Ал мончого барганда ошентип өчүрүп коёт» дейт. Эртеси чалсам дагы өчүк. Телефонун өчүрчү эмес. Эки телефону менен теӊ тынбай бирде Кытай менен, бирде бул жактагы жумушундагылар менен сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турчу. Келиниме эртеси чалсам, «Эрлан түндө үйгө келген жок» деди. «Мурда келбей калчу беле?»десем, «жок, антчү эмес» дейт. Балдарым менен издей баштадык, милицияга кайрылдык. Жанагы рэкет деген кармап алып кыйнап жатабы деп да чебелектеп жаттым. Аягында «Эрландын үйүн тоноп кетиптир» дегенинен Бишкекке учуп келдим. Түз эле ШИИББге бардым, барсам келиним Айдай бозоруп эле турат. «Эмне бозоруп калгансыӊ, Эрлан маӊдайыӊа келип калары бардыр» десем, «ооба, апа, келет» деп бири-бирибизди жубаткандай болдук.
Ошол мени менен калган түнү келиним уулум Кытайдан белекке алып келип берген кызыл чемоданга баламдын денесин салып ыргытып келген экен. Аягында келинимдин баламды өлтүрүп, денесин бөлүп салганы маалым болду. Аны же мага айтышпайт. Ортончу баламдан «Эрлан кыйналбай өлүптүрбү?» десем, «жок, апа, жүрөккө эле бир сайыптыр» деген. Кийин кепинге ороп алып келишкенде «көргө кетсе көрбөй калам, жүзүн көрөм» деп ыйладым. Көрсөтүшкөн жок.
Келинимдин кантип ушуга дити барганын азыр да түшүнө албай турам. Мурдараак Айдай мага кытайлыктардын киносун көрсөткөн эле. Анда да бир аял күйөөсүн жиликтеп салат. Ошону көрүп башынан ойлонгонбу деп түркүн ойлорго кептелем. Балдары жетим калды. Сыздап, кылар айламды таппай турам. Келиним «кайненемди аяйм, ал жакшы киши» деп айтыптыр. Аяса ушинтип баламды жиликтейби? Баламдын башын табышканда эмнегедир муздак экен. Кийин келинимден тергөөдө сураганда «башты кесип муздаткычка коюп анан ыргыткам» дептир. 29 жашында баламды шаштырып ак тоюн берип ушул кызга үйлөнткөм. Эми айламды таппай турам.
Шерлан Оркошев, бир тууган иниси: «АГАМДЫН КУМУРСКАГА ДА ЗЫЯНЫ ЖОК БОЛЧУ»
– Тергөөнүн жүрүшүндө такси кызматына жасалган чалуулар аркылуу кылмыштын бети ачылды. Көрсө, жеӊем башка номур менен үйүнөн ары жактагы үйгө буйрутма кылып, ошол жактан түшүп кетип жүргөн экен. Бир таксист көрсөтмөсүндө «Жаш келин эки баласы менен отурду. Жанында оролгон чоӊ килем бар. Килемди унаа жуучу жайга алып барып таштады» дептир. Унаа жуучу жайдан сурасак, килем аябай кан болгон экен. Дагы бир таксист «Жаш кыз чоӊ кызыл чемодан менен келип отурду. Айткан жерине жеткен соӊ тура тур деп кайра чемоданы жок келди» деп жатат. Жеӊебиз кылмышын моюнуна алды.
«Тамак жасай албайсыӊ» дегенинен урушуп кетип, байкабай бычак сайып алдым дептир. Агам бою узун, спорт менен машыккан эркек, ал эми жеӊемдин салмагы ашып кетсе 45 килограмм болот. Байкабай сайып коё алмак эмес. Агам андай уруш болгон чакта да сайдырбайт болчу. Менимче, агам уктап жатканда кылмыш жасалса керек. Күйөөсү урчу экен деп айрым ММКлар жазып жатышат. Байкем антмек эмес, дайыма жеӊемдин көзүн карап турчу. Айрымдар «байкуш кызды күйөөсү ошого жеткирген экен» дешүүдө. Агамдын кумурскага да зыяны жок болчу. Логикага салып көргүлөчү, ошончо кордук көрсө ажырашып кетпейби? Мүлкүнүн жарымын алганга укугу бар болчу. Биз дагы жеӊебиздин ушул кылмышка барганына таӊ калып, ишене албай жаттык. Бирок анын көрсөтмөлөрүн көрүп ынандык. Агамдан ажырап кабыргабыз кайышып турат. Баарынан апама оор болду. Атабыз бир жарым жыл мурун каза болгон эле. Эми агамды жоготтук.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg