Жайдын аптабы өтүп кетти деп эс алып калдыӊызбы? Өлбөгөн жанга эртеӊ эле жаз, жай келет. Ошондуктан чалкалап жатпай короого бассейн, колдон келсе шаркыратмасы менен курууну сунуштайбыз. Куруу иштерин азыр баштасаӊыз, 2016-жылдын жайы сизди бассейни менен тосуп алат. Үй, бассейн куруучу Рахат Ажиев кеӊеш берет.КАЗУУ
Биз куруучу бассейндин туурасы 3 метр, узундугу 6 метр, тереӊдиги 1-1,30 сантиметр. Балдар кичинекей деп мындан кичине курсаӊыз, алар эртеӊ эле чоӊоюшат да, бузуп кайра салууга туура келет. Ошондуктан кичинекейлерге ылайыктап бир четин тайыз, экинчи жагын чоӊдор үчүн тереӊирээк кылуу керек. Бассейндин ордун жалкоолонбосоӊуз өз колуӊуз менен казсаӊыз болот. Эгер киши жалдасаӊыз 30 метр куб 30 000 сомго түшөт, 1 метр кубу 1000 сомдон казылат.
БЕТОН КУЮП, КАФЕЛЬ ЧАПТООЖер казылган соӊ бассейндин бир башынан экинчи башына кетүүчү түтүктөр орнотулат. Капталдарына, таманына арматуралар коюлуп, бетон куюлат.
Арматура (12 диаметрлик) – 800 метр, 1 метри 42 сом – 33 600 сом
Цемент – 2 тонна, тоннасы 7000 сом – 14 000 сом
Майда шагыл – 1 машина, 7000 сом
Бетондун үстүнөн силикат клей кошулган аралашма менен кум шыбак жасайбыз.
Цемент – 7 мүшөк, 1 мүшөгү 350 сом – 2450 сом
Кум – 25 мүшөк, 1 мүшөгү 50 сом – 1250 сом
Силикат клей – 10 литр, 1 литри 150 сом – 1500 сом
Кафелди дубалдыкын эмес, бышык болуу үчүн полдукун гана коюу зарыл.
Кафель – 45 чарчы метр, 1 чарчы метри 500 сомдон жогору – 22 500 сом
Клей (бассейндики) – 9 мүшөк, 1 мүшөгү 400 сом – 3600 сом
Жээктелчү атайын таш – 3,5 чарчы метр, 1 чарчы метри 1000 сом – 3500 сом. Жээгине коюлчу таш бассейндин сыртын көздөй да ашыкча чапталышы кажет. Буларга чачыраган суу бат кургайт.
Жалпы чыгым – 89 400 сом
БАССЕЙН ҮЧҮН КЫЗМАТ АКЫ
Бетондоо менен кум шыбак жасоонун 1 метр кубу 2800 сомдон, 30 метр куб – 84 000 сом
Кафелдин 1 чарчы метри 400 сомдон коюлат, 45 чарчы метр – 18 000 сом
Технологиялык схемасын орноштурууда эки шайман улашкан жер 1 чекит болуп саналат. Бир чекит 1500 сом, 7 чекит – 10 500 сом
Жалпы чыгым – 112 500 сомШАРКЫРАТМА
Алгач шаркыратманын эки капталы, тепкичтери (бетон) куюлат. Тепкичтин алды бош болот, ал жерге шагыл төгүлүп насос, сууну тазалоочу аппарат жайгаштырылат.
Четтерине тизүү үчүн атайын таш – 4 тонна, 1 тоннасы 5000 сомдон жогору – 20 000 сом
Майда шагыл – 1 машина, 7000 сом
Цемент – 1 тонна, 7000 сом
Силикат клей – 10 литр, 1 литри – 150 сом – 1500 сом
Тордолгон темир – 2 даана, 1 даанасы 500 сом – 1000 сом
Жалпы чыгым – 36 500 сом
Суунун айланып туруу схемасы
Суу бөлүштүргүч (тройник) – 2 даана, 1 даанасы 12 сомдон – 24 сом
Түтүктөр (20 диаметрлик)– 30 метр, 1 метри 35 сомдон – 1050 сом
Чорго (вентиль) – 4 даана, 1 даанасы 150 сом – 600 сом
Суу буруучу түтүк (отвод) – 8 даана, 1 даанасы 10 сомдон – 80 сом
Насос – 20 000 сом
Скаймер – 5000 сом
Фильтрлөөчү аппарат – 30 000 сом
Бассейн үчүн тепкич – 10 000 сом, лампочка – 2 даана, 1 даанасы 2000 сомдон – 4000 сом
Жалпы чыгым – 70 754 сом
ШАРКЫРАТМА ҮЧҮН КЫЗМАТ АКЫ
Бетон – 3 метр куб, 1 метр кубу 2500 сомдон – 7500 сом
Ташын чаптоо – 3 метр, метри 500 сомдон – 1500 сом
Жалпы чыгым – 9000 сом
Чыгымдардын бардыгын эсептегенде (бассейндин ордун казууну кошпогондо) – 318 154 сом
Кам көрүү
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg