Көпчүлүктүн актуалдуу маселелеринин бири – колдонуп жаткан чөнтөк телефонунун жай иштеп, башкача айтканда, «тормоз» болуп калышы. Бардык учурда эле адистерге кайрылууга мүмкүнчүлүк болбойт эмеспи. Смартфонубуз (Самсунгдун мисалында) бат иштеши үчүн кандай «алгачкы жардам» көрсөтө алабыз, сөз ушул туурасында болсун.
«КҮЧТӨП ТОКТОТУУ»
Кээ бир учурда телефондогу айрым программалар гана катып калат. Ал учурда смартфонуӊуздун «настройки» баскычын бассаӊыз, «диспетчер приложений» деп чыгат. Кайсы программа же оюн жай иштеп калса ошону ачып, «принудит. остановить» баскычын басасыз. Эгер көп колдонбогон программа болсо өчүрүп (удалить) салыӊыз.СМАРТФОНДУ «КАЙРА ЖҮРГҮЗҮҮ»
Смартфонго кайрадан «жан киргизүүнүн» оӊой жолу – «кайра жүргүзүү» (перезагрузка). Телефондун оӊ капталындагы өчүрүп-күйгүзүүчү кнопканы 3-4 секунд бассаӊыз, «параметры устройства» деген терезе ачылат. Ал жерден «рестарт» деген жазууну басып койсоӊуз, телефонуӊуз өчүп, кайра өзү иштеп баштайт.
Дагы бир ыкма, телефондун сол капталындагы үн кичирейтүүчү «-» жана оӊ капталындагы өчүрүп-күйгүзүүчү баскычтарды бир мезгилде 5-10 секунд басып турсаӊыз да смартфон кайра иштеп калат.ТЕЛЕФОНДУ «ЧЕЧИНТҮҮ»
Смартфонуӊуз такыр эле катып, баскычтары иштебей калса, анда телефонду «чечинтип» көрүӊүз. Батарейка, сим-карта, эс-тутум-картасынан бери чыгарып салыӊыз да, 5-10 мүнөт жайына коюӊуз. Бул учурда аппарат аз да болсо «эс алып», иштеп калат.ВИРУС
Смартфон көтөргөндөрдүн көпчүлүгү интернет колдонот. Ал эми интернеттен же болбосо блютуз аркылуу вирус кирип кетип, телефондун жакшы иштешине тоскоолдук жаратат. Андыктан сөзсүз түрдө чөнтөк телефонуӊузга антивирус орнотуӊуз.
КЭШТИ ТАЗАЛОО
Телефонуӊуздун өзүнүн «эс-тутумунда» бош орун болушу керек. Керектүү программа, музыка, сүрөт, оюн дегендердин баарын эс-тутум картасына жүктөӊүз. «Настройки» бөлүмүндөгү «Диспетчер приложений» баскычын бассаӊыз, сиз интернеттен жүктөгөн программалар чыгат (Facebook, Odnoklassniki, Messenger сыяктуу). Алардын бирине кирип, «очистить кэш» баскычын басуу менен да телефондогу ашыкча эс-тутум ээлеп турган маалыматтардан арыласыз.
БАШТАПКЫ АБАЛЫНА КЕЛТИРҮҮ
Жогорудагы кадамдардан кийин да телефонуӊуз катып жатса, кайрадан «настройки» бөлүмүнө кирип, «резервное копирование и сброс данных» баскычын басыӊыз.
Эскертүү! Бул кадамды аткарардан мурун телефондогу керектүү маалыматтарды, байланыш телефондорун көчүрүп калыӊыз. Бардыгы өчүрүлөт. Андан сырткары эс-тутум картасын да чыгарып коюу сунушталат.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg