«ПАТРИОТТОР» ДАГЫ БИР КЫРГЫЗ КЫЗДЫ ЖАНДООЧУСУ МЕНЕН САБАШТЫ

Орусияда дагы бир кыргыз кызы өз мекендештери тарабынан сабалды. Бул тууралуу видео интернет баракчаларына тарады. Видеого «патриоттор» кыргыз кызын өзбек улутундагы жигит менен баратканда кармап алып, ур-тепкиге алышканы тартылган. Алар кызды суракка алып, аты-жөнүн, туулган жылын толук айттырышат. Андан соӊ өзбек баланын да аты-жөнүн айттырып, суракка алганы жазылган. Кыз Бишкек шаарынын четиндеги Күн-Туу айылынан, өзбек жигит Өзбекстандан болорун айткан. Анда өзбек улутундагы жигит жумуштан чыгып, кыргыз кыздын үйүнө батир көрүүгө баратканын жана анын жолдошун тааный турганын айткан.
Эске салсак, аз убакыт мурун эле баткендик кыз «патриоттор» тарабынан сабалганы тартылган видео таркаган эле. Ал кыздын ким экендиги такталып, видеону интернетке жарыялаган «патриоттордун» бир нечеси кармалганын Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен 18-июлда кабарлашкан. Өздөрүн «патриот» деп эсептеген бул тайпанын Екатеринбургда 15ке жакын мүчөсү бар экени белгилүү болгон. Ал эми жогорудагы окуя Санкт-Петербургда болгон. «Патриоттор» Орусиянын бир эле шаарында эмес, көп аймактарында «өнөр» көрсөтүп жатышат деп жыйынтык чыгарууга болот. Кыязы, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын алсыздыгы, мындай мыйзамсыз иштерге чекит коюуга көӊүлү жоктугу да «патриотторго» кошумча шыкак бергендей.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (159)
Lizazai
2015-09-05 01:06:11
Баардык адам затына ыйман берсе экен деги Аллахым.Ооздорунан ак ит кирип , кара ит чыгат го, жон гана айтып тушундуруш керек, мееси болсо тушунот, болбосо жок.
-4
jama9210
2015-09-05 03:09:31
Ошо видеону корушум керек экен срочно))
0
asi_azis9291
2015-09-05 04:52:24
Аллахым ар бирибизге ыйман ынсап сабырдуулук берсин!шайтандын жолунан озун асрай кор аллахым!Кимге кандай мамиле жасасан ошондой жообун аласын деп жазылган! Бир нерсени жасардан алдын жакшылап ойлонгула кам сут эмген пенделер !!!!
+1
kera2
2015-09-05 12:34:46
Эми ушу кыздардын жазган ойлоруна МИНУС басып койсом эле элдер жаман ойкен деп калат деп ойлойт окшойсунар э? Былгытыып. Элдин баарыле силер эмес...
-6
Drogba
2015-09-05 15:43:41
Аалахым баарыбызга ыйман берсин ,бул кыздар башка улут эмес Кыргыз жигити мененда ойногонго акысы жок ,биз мусулмандар никесиз эч ким менен жатканга болбойт Кыздарга эмес Жигитерге да тийишту бул соз бул парзыбыз.
+1
Arslanbek
2015-09-05 19:41:21
Ээй кыздарды жанын алган тоок мээлер "кыргыз улутуна"шек келтирген кыздардын эмнесине куйосун?кайсы озбек же тажик мн суйлошсон кыргыз кыздар копейка турат деп айтат.мындай создор тол-ра.
-7
karona
2015-09-07 04:51:43
Arslanbek,ошол копейка менен силер камсыздап тургула анда ошол кыздарды, ошондо башкаларга кетпеши мумкун.
0
zinza.girl
2015-09-05 20:54:15
Булар эмне эле кыйын болуп атышат
-4
Patriot...kg
2015-09-06 01:50:38
Видеосун кордум
0
malywKG
2015-09-06 08:59:08
Ар ким озу учун туура,тажиктер оозго алып жалайткен кыздар ошогоо кызыгат экеен деп уктум ошол учун бузулатко,париоттор булар тажик озбектер мн суйлошкондо кыргыз кыздары андай мындай деген да анан жер тиктеп баш которо албай ушул ишке барды да,урбасан теппесен андай кыздар созго тушунбойт я сама знаю деп тетири карап кетет Бир муштун дан кийин Ака байке кечирин деп баштайт,кыздар кысыып журсо париотторго иш деле калбай оздору жок болот
-1
malywKG
2015-09-06 09:05:49
Кыздар оздорун тыйбаса патриоттор бирин артынан бири чыга берет милиция кармады дейт париотторду кармаш учун орусиядагы бардык кыргыздын жигиттерин кармаш керек болот,башка Бир жолу кыргыздын кыздары ошол жерлерин кызкыла же ужас болсода кыргыздын жигиттерине бергиле, кыргыздар билбесин депле тихоо тажик озбектер мн жата бербей
0
Nurluujan16
2015-09-06 18:00:03
Акыйкаттык үчүн Кыргызстандагы, чет мамлекеттеги аялдарынын башына мүйүз тагып, кулагына лапша илген кыргыз эркектерди муштап көргүлөчү! Экөөлөп бир эркекти кармап алганыңарга сыймыктанбай!Кыргыздын уятын, намысын сактоочусу аял заты эле эмес эркек дагы!!!!!
0
adilbars
2015-09-06 23:08:36
Ушу озбектер менен журбой эле койбоптур ал дагы
+2
nazi84
2015-09-07 01:40:58
"Патриоттор" биринчиден бироонун кызына кол которгонду коюп, озунун эже карындаштарын контрольдоп тарбиялап алса ары жоктонбой. Патриот болсо Россияда эмнеге тентип журушот мекенине кызмат кылбай. Деги эле ар бир эркек озунун кыз бир туугандарына, аялына камкор болсо, ыйлатпаса, эч нерседен кем кылбай бакса мына ошондо патриот болушу мумкун, "мындай" кыздарыбыз да аз болмок.
0
friendwipkg
2015-09-07 01:56:40
патриоттор фондун ачып акча чогултуп бербейлиби, эгерде ушунчалык патриот экендигин далилдегиси келсе, ошол кыздарга үйлөнүшсүн. ошондо кыздар да өздөрү да тыйылат эле.
+1
ZHaziko
2015-09-07 11:02:14
Ушунчалык патриот болсо кыздарды четке чыгарбай эле оздору эле багып алса болот! Кыргыз кыздары чет жака иштеп жатканына биздин эркектер кунолуу Турчанка казак же тажиктердин кыздары чет жакта иштеги жок! Жалан Кыргыз кыздары жыргаганынан барган жокта
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан