ЖЫЛДЫЗДАР МЕНЕН КҮЗГӨ КИЙИМ ТАНДАЙБЫЗ
Мезгил жаӊырган сайын моданын жаӊы агымы келет эмеспи. Бул күздө сиз дагы жумушуӊузга, жеке жашооӊузга гана өзгөртүү киргизбестен гардеробуӊузга да жаӊыланууларды киргизиӊиз. Мода жаратуучулар быйылкы күздө бизге кандай кийим кийүүнү сунушташат, чогуу байкайлы.
Быйыл жоон жана ичке сызыгы бар свитер, футболка, айымдардын көйнөгү жылдын хити болгонун баса белгилей кетели. Мындай кийимдердин актуалдуулугу ушул күздө да уланат.
Дизайнерлер бул күздө токулган түрдүү моделдеги кардиган, свитер-туникалар модада дешет. Айрыкча ар кандай сүрөт жана геометриялык фигура түшүрүлүп токулган кийимдер сиздин келбетиӊизди ачат.
Бул жай жыртылган жынсы шымдар менен чолок шымдардын мезгили болду десек жаӊылышпайбыз. Ал эми токулган кардиган ушул күз мезгилине ылайыктуу эӊ жылуу жана саркеч кийим.
Мырзалар үчүн торчо, сызыкчалары бар костюм-шымдар быйылкы күздө өзгөчө актуалдуу. Бирок торчо, сызыкчалары бар пиджак, шымдарды бою кичинекей жана толук адамдар кийбей эле койгону туура. Анткени мындай кийим адамды толук, көлөмдүү көрсөтүп коёт. Аталган костюм-шымды кечки тамактанууга баратсаӊыз туфли менен, ал эми кеӊсе жумуштарына же жолугушууларга кеда, кроссовка менен деле кийип алсаӊыз болот.
Узун, жеӊи жок жилеттер да бул күздүн трендине айланат. Андыктан ар түстөгү жилетти кеч күзгө чейин жеӊи узун водолазка менен кийип жүрө берсеӊиз болот. Ал эми классикалык, тумшугу шиш (лодочка) туфлилер дайыма модада. Мындай туфлилер ар бир бийкечтин гардеробунда болууга тийиш.
БУЛ КҮЗДӨ МОДАДА...
Бут кийим. Бул күздө тизени жапкан өтүктөрдү кийүү да модада. Айымдарга ишенимдүүлүк, күч тартуулаган ботфорт өтүгүнүн триумфу ушул күздө болот деп күтүлүүдө.
Клатч. Айымдардын көркүн ачкан аксессуарлардын бири клатч эмеспи. Бул күздө дизайнерлер кооздук менен бирге ыӊгайлуулукту эске алышып, саркеч айымдарга колго илмей клатчтарды сунушташат.
Шарф. Калыӊ моюн орогучтар менен бирге эле бул күздө ичке шарфтар да модада. Айымдарды стилдүү көрсөткөн ичке моюн орогучтарды дүкөн, базарлардан оӊой эле табасыз.
Шым. Быйыл айымдар үчүн бели бийик жынсы шымдар модада болгону белгилүү. Аны менен бирге учурда түрдүү фасондогу кенен шымдар жаӊы трендге кирди. Мурунку клёш шымдар да модага кайтып келди. Андыктан шым тандоодо сизде мүмкүнчүлүк көп болот.
Бомбер.Мырзалар үчүн да, айымдар үчүн да эрте жазда жана күз айында кийилчү бомберлердин кыска, жеӊил күрмө)модасы кете элек.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Биз,15-20 жыл мурун,джинсы шымдардын белине чейин жаап турганын эле кийчу элек,азыр бир укмуш болуп,шымдардын "посадкасы низкий"болуп кетти,аныда кыздар бели корунгон топик менен кийип алышат,энкейсе баары корунуп.
aikokul14, бели эле көрүнсө жакшы го, башкасы да көрүнүп жатпайбы.Бир жолу маршруткада бир балалуу болуп калган, 30-35тердеги аялдын ошондой шым кийгенин көрдүк кошо бараткандар. Ал орундуктан туруп түшкөн атса шымы ылдый түшүп кетти, ич кийими да жокпу, же кошо шыпырылып кеттиби,тигинин жамбашы бүт эле ачылып калды.Кыздар ойлойт,ушундай шым кийсек, жигиттерге жагабыз деп,тескерисинче, жигиттерди билбейм, менин жүрөгүм айланып кетет,ошондойлорду көргөнгө
оногу бели бийик шымдын кайра модага келгени жакшы болдуда киндик корсотмой бир аз болсо да азаят экен. Жакшы кенеш болду
Жакшы кенеш экен рахмат супер инфо.
Бели бийик жынсы кийген кыздарды корсом эле башкача болуп кетем. Копчулук кыздарга жакшы жарашат экен
Бели бийик шым чыкканы жакшы болду. ден соолукка да бели низкий шымга караганда пайдалуу. джинсы деген катуу материал экен кыздарга зыян.
супер инфо мен Кубик К,алыковдун интервьюсун таппай жатам айтып койунуздарчы
Ооба, ден-соолукка пайдалуу дегенинерге кошулат элем.
Эркектердин кийими боюнча дагы маалымат берсениздер жакшы эле куйоом экобуз кийим тандаганда эле ураша беребиз, озуно жарашпаган кийимдерди ала берет. Аныда копко кийбейт шкафта туура берет.
Ledi89,эркектердики деле жазылып туратго.
костюм шымды кеда кроссовки м-н кийгени чатак экен )))