(Башталышы өткөн сандарда)
Адел улам телефонун карап коёт. Анын шыӊгыры үчүн жанын бергенге даяр эле. Кечке маал гана көптөн күткөн телефон шыӊгырап, калтыраган колдору менен трубканы алды.
– Салам!- деди шайыр үн.
– Салам!
– Адел, мен сен жакка бир сааттан кийин барам. Даяр болуп тур.
Телефон шак коюлду. Адел үчүн бир саат бир кылымга татып кеткендей болду. Тимур башын жерге салып келе жаткан келинди көрүп күлүмсүрөп алды. Жүрөгү адаттан тыш дүкүлдөп чыкканын сезди.
Алдынан тосуп чыгып машинесине отургузду да, айдап жөнөдү.
– Кайда барабыз?
– Сен менден коркуп турасыӊбы?- деди жигит.
– Жок, сенден корксом, сага ишенбесем келет белем? Болгону тааныш адамдар көрүп калабы деп чочулап жатам.
– Коркпо, экөөбүз эч бир жан билбей турган жерге барабыз.
Күн батып бара жаткан учурда тоо алдында шаркыраган суу боюна салынган үйгө келишти.
– Коркпо, бул биздин дача, азыр эч ким жок.
Машинесинен ала келген нерселерин түшүрүп жаткан Тимур акырын көз кысып койду. Тамак-аш менен кошо суусундук, ичимдик, мөмө-чөмөлөрдү да ала келген экен.
– Биздин жолукканыбыз үчүн!- деди шампанды колуна алган Тимур. Адел эрдин тийгизгени болбосо ичкен деле жок.
– Алып отурбайсыӊбы.
– Мен такыр ичпейм.
– Таптакыр ичпеген адамды биринчи көрүшүм.
Келин үн катпай күлүп койду.
– Өзүӊ тууралуу айтып берчи?
– Биринчи сен айтып берсеӊ.
– Менин өмүр баяным анча деле кызык эмес. Шаарда төрөлүп-өскөм. Ата-энемди болсо өзүӊ көрдүӊ. Жогорку билимди чет өлкөдөн алдым, бул жакка жакшы жумушка орноштум. Эми ата-энем үйлөн эле үйлөн деп мага ылайыктуу кыз издеп жүрүшөт.
Аделдин жүрөгү тилине түштү.
– А сенчи?
– Эмне мен?
– Качан үйлөнгөнү жатасыӊ?
– Сени көрө электе билчүмүн, азыр билбейм.
Тимурдун эриндери жакындап келе жатты. Денесин майда калтырак баскан келин артка чегине албай майтарылып турду. Денесин бир жалын каптап кеткенсип ошол жалын жан дүйнөсүн балкытып, буга чейин биле элек, туя элек бир сезим чулгап алды. Чоктой ысык эриндер жакындап, ысып жанган денелер кынала түштү. Тимур аптыга келиндин алкымынан, төшүнөн өпкүлөп, көйнөгүнүн топчуларын чече баштады. Бир маалда эсине келе түшкөн келин Тимурду түртүп жиберип ордунан атып турду.
– Адел!
– Мен анте албайм... Мен...
Калтыраган келин бетин басып өксүп жиберди. Тимур аны акырын гана бооруна кысып, чачтарынан сылай берди.
– Мен күйөөсү бар аялмын, мунубуз жакшылыкка алып барбайт. Эртеӊ жолдошумдун жүзүн кантип карайм?
– Тыс-с, ал тууралуу азыр ойлобо. Кечир мени, мен шашып кеттим.
– Эгерде мени сыйласаӊ, сүйсөӊ, азыркыдай нерселерди оюӊа алба! Билесиӊби, Тимур, мен үчүн сенин жүзүӊдү көрүү эле чоӊ бакыт. Мен сени сүйөм, менде ушунчалык
күчтүү сезим болгон эмес.
– Кичинекейим менин!
Ошентип экөө таӊды тоо алдындагы үйдөн тосушту. Таӊ аткыча укташкан жок, кучакташып отуруп сүйлөшө беришти. Адел башынан өткөргөн окуялардын баарын айтып берди. Тимур аны аяп угуп отурду. Келин өмүрүндө мынчалык көп сүйлөбөсө керек, дилиндеги сырларынын баарын ачып төгүлүп отурду. Анын көзүндөгү мелт-калт толуп турган ысык махабатты көрүп Тимур да коркуп кетти. «Мен ушунчалык күчтүү сүйө аламбы?» деп жатты өз оюнда.
Аделге мурун жашоо бир калыпта өзгөрбөгөндөй супсак туюлса, эми дүйнө жапжашыл, кооз, мээримдүү сезиле баштады. Биринчи жолу өзүн бактылуу сезди. Жалгыз гана ушул адамдын жанында өзүн бактылуу сезерин байкап жатты.
Ушул жолугушуудан кийин келиндин мүнөзү өзгөрдү. Муну Карыпбек да, Айкөл да байкады. Айкөл себебин билип ичинен сызып жатса, Карыпбек акыры тагдырына баш ийген экен деп кудуӊдап жатты. Ал Аделдин күлкүсү, бактылуу жылмаюусу үчүн баарын берүүгө даяр эле.
– Дайыма ушундай шайыр жүрчү,- деди ал кубана. Жаш аялын имере тарта бергенде ал кучагынан чыгып кетти.
– Мен тамакты коюп койдум эле,- деди шаша-буша.
– Токточу, сени сагынып кеттим, жарыгым...
Адел күйөөсүнүн олдоксон кыймылын, тер жыттанган жытынан көӊүлүндө жипкирип жиберди. Эмне шылтоо айтарын билбей, болгон күчү менен жулунуп кучагынан чыга берди.
– Эмне болду сага?
– Эч нерсе, болгону менин да адам экенимди унутпасаӊыз. Менде деле көӊүл бар, сиз...
Адел сөзүнүн аягына чыга албай көз жашын көлдөтүп сыртка чыга качты. «Болбойт, мындай жашоо болбойт! Ары же бери болушубуз керек!» деп жатты өзүнө-өзү.
Карыпбек биринчи жолу кагуу жеди, биринчи жолу аялы андан ачык эле качып жатканын сезип көӊүлү сынды. Ого бетер шаабайы сууп, артта калган жаштыгына өкүнүп жатты.
Үзүлөйүн деген чынжырдай болгон жашоо уланып жатты. Адел сүйүүсүн тапканы менен, аны менен келечеги кандай болорун билбей бушайман. Карыпбек болсо ачуулуу, шекчил адамга айланып кетти. Эмнегедир ошол жылы картая да түштү. Мурун Аделдин көзү менен теӊ айланса, азыр ашыкча эле текшерүүгө алып, болгон ачуусун андан чыгарып алчу болду. Ортодо Айкөл эмне кыларын билбейт.
Бул учурда Тимур Карыпбектин ишенимине кирип алды. Кээде кайсы бир иштер үчүн үйгө да келип алчу болду. Карыпбек болсо эч нерседен шек санаган жок, колдон келген жардамын берип жүрдү. Айкөл менен Адел тамак ичели деп Карыпбекти күтүп жатышкан. Адел үстүнкү кабаттан түшүп келе жатып жолдошунун жанындагы жигитти көргөндө жүзү албыра катып туруп калды.
– Саламатсызбы?- деди үнү калтырай.
– Салам!- деди бейкапар үн каткан Тимур.
Аделдеги мындай өзгөрүүнү Айкөл дароо байкай койду. Алдында турган жигит ким экенин да сезди.
– Айкөл, таанышып ал. Бул Тимур, сага айтып жүрбөдүм беле.
Бири-бирине кол беришкен эки жигит теше тиктешип калышты. Адамда алтынчы туюм деген укмуш иштейт эмеспи. Тимур да жек көрө тиктеп турган жигитте бир сыр бар экенин сезе койду. Эмнегедир Айкөл ага дароо жаккан жок. Аделдин сөзүнөн улам үйдө бир жигит жашаарын билчү, бирок бакча-сакчаны караган кол бала го деп ойлогон эле. Келбеттүү, акылдуу, билимдүү, өзү менен теӊ тайлаша тиктешкен жигит экенин билген эмес. Тимур кызгана түштү.
– Айкөл – бир тууган жээним. Учурда менин ишимди алып кете турган ишенимдүү юристтердин бири,- деди Карыпбек. – Кана эми, дасторконго карайлы.
Тимур өз чөйрөсүндө аты чыккан чечен жигит боло турган, бул күнү да ар кайсы темада сүйлөп кызыктырып отурду. Адел анын билимдүүлүгүнө суктана эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнбөсө да, балбылдаган көзүн албай муюп угуп отурду. Ансайын Айкөлдүн жаны кашая тигинин бал тилин ичинен жек көрүп жатты...
(Уландысы кийинки санда)