ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-сентябрдан 13-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында ден соолугуӊузга сак болуӊуз, жаракатка кабылуу коркунучу жогору. Жумушуӊуздун көптүгүнөн кайсы бирин бүткөрөрүн билбей кыйналасыз. Талантыӊызды, куулугуӊузду пайдалануу менен бул абалдан чыгып кетесиз. Үй-чарба иштери дем алыш күндөрүн толугу менен ээлеп, эс албай каласыз. «Жөжөнү күздө сана» дегендей, эмгегиӊиздин үзүрүн көрчү маал да келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү күнү жумуштан сизди каралаган кабар угуп маанайыӊыз түшүшү ыктымал. Туруктуулукту сактоо үчүн эмоцияга алдырбаӊыз, бардыгын таразалап-тактачу адамдар четтен чыгат. Шаршембиде досторуӊуздан конокко чакыруу аласыз. Аптанын аягында пайдалуу долбоорлорду, майда-чүйдө идеяларыӊызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр чыгат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгилик кошточу апта. Андыктан мурда пландалып, бирок аткарылбай келген иштериӊиздин көпчүлүгүн бүткөрүп, көӊүлүӊүз жай алат. Шаршембиде жакын адамдарыӊыздын бири менен чырдашып кетишиӊиз ыктымал, сабырдуу болуӊуз. Бойдокторду жаӊы таанышуулар күтөт, бактыӊызды кармап калыӊыз. Ишембиде алыс жолго чыкпай туруӊуз, жолуӊуз болбойт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушуӊузда оозго аларлык ийгилик күтүлбөйт. Андыктан бул аптаны өзүӊүзгө арнаӊыз. Досторуӊуз, үй-бүлөӊүз менен табият коюнуна чыгып эс алыӊыз. Салонго барып сулууланыӊыз, дүкөн кыдырып кийим-кече алыӊыз. Эс алып энергия топтогондон кийин гана жумушка жаӊы күч, жаӊы идеялар менен келип кесиптештериӊиздин мактоосуна арзыйсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө жумушта бейтааныш адамдардан сунуш түшүшү күтүлөт, тобокелдикке салып макул боло берсеӊиз пайдасын көрөсүз. Билим кампаӊызды кеӊейтип ар кандай курстарга жазылыӊыз, китеп окуӊуз, таанып-билүүчүлүк, таалим-тарбиялык мааниси бар көрсөтүүлөрдү көрүӊүз. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөӊүзгө арнап, алардын кем-карчын толуктаганга аракет кылыӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында алдыга койгон планды ишке ашыруу үчүн досторуӊуздун жардамына муктаж болосуз. Шейшембиде керектөөӊүзгө акча таппай кыйналышыӊыз ыктымал. Жалкоолукка алдырбай, баш көтөрбөй эмгектене берсеӊиз, ийгилик сиз тарапка оойт. Апта соӊу ден соолугуӊузга көӊүл бөлүп, тамак-аш рационуӊуздан куурулган, майлуу, ачуу тамактарды алып салыӊыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көӊүл бурбай жатып үй-бүлө мүчөлөрү өзүӊүздөн алыстап баратканын байкайсыз. Ортодогу аралык узарып кете электе чара көрүӊүз. Көптөн бери колуӊузду кармап, убактыӊызды алып жаткан ишти таштап, анын ордуна жаӊысын баштасаӊыз оӊой жана жемиштүү бүтөт. Бул аптада жумушка, үй-бүлөгө көӊүл бөлүүдөн сырткары өзүӊүздүн ден соолугуӊузга да кам көрүүгө туура келет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Романтиканы сүйгөн адамдар үчүн сюрприздерге бай апта. Айрымдар түгөйүнөн күтүлбөгөн белек алып, кээ бирөөлөр эӊсеп келген кийимин же буюмун сатып алып кубанышат. Бирок «жашоо – малина» деп отуруп калбай, жумушуӊузду бир калыпта сактоого аракет кылыӊыз. Жаза бастым дегиче «жылуу ордуӊузду» атаандаштарга тарттырып жибересиз. Аптанын аягында тынч эс алууну тандаӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбү, шейшембиде жумушта оор сыноого туш болосуз. Кам санабаӊыз, ал кыйынчылыктардан акылыӊыз, иш тажрыйбаӊыз менен оӊой эле чыгып кете аласыз. Чыгармачыл адамдарга аптанын ортосунда эргүү келип, жаӊы эмгектер жаралышы ыктымал. Аптанын аягында сизди активдүү эс алуу күтүп турат. Айланаӊызга көз сала жүрүӊүз, болочок түгөйүӊүздү таап калышыӊыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада эмоционалдык теӊ салмактуулукту сактай албай, себепсиз эле маанайыӊыз бирде көтөрүлсө, бирде түшөт. Кызуу кандуулукка алдырып досторуӊузду таарынтып албайын десеӊиз, белгиленген жолугушууга баруудан баш тартыӊыз. Андан көрө жалгыздыкта ойлоруӊузду иретке келтирип, башыӊыздагы ашыкча маалыматтардан арылууга, энергия топтоого аракет кылыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын биринчи жарымында тырышчаактык сапатыӊыздын арты менен башчыӊыздын көзүнө урунасыз. Мунун арты карьералык тепкичтен жогорулоого алып келет. Каржы абалыӊыз жакшыргандыктан, жакындарыӊыздын маанайын көтөрүп белек-бечкек тартууласаӊыз болот. Ишемби, жекшембиде азгырыктуу сунуштардан качып, үй жумуштары менен алек болуу сунушталат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иш күндөрүн толуп-ташкан энергия менен баштайсыз. Бирок жеке жашоого байланыштуу себептерден улам аптанын ортосунда депрессияга түшүп калуу коркунучу бар. Бул учурда жакын досторуӊузду жардамга чакырыӊыз. Жума күнү жагымдуу кабар угуп маанайыӊыз көтөрүлөт. Дем алышта үй-бүлөӊүз менен чогуу эс алганга аракет кылыӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан