Улакчы Сейдалы Келдиев: «АТТЫ БАЛАӉДАЙ КАРАП, ДУШМАНЫӉДАЙ ЧАБЫШ КЕРЕК»

Улуттук оюндарыбыздын ичинен жылкы менен ойнолчу көк бөрү, ат чабыш, эр эӊиш, кыз куумай сыяктуу оюндарга машпыз. Мындан сырткары ат жалында шамалдай ойногон жигиттерибиз торпокту улак кылып тартып келишет. Мурда бул оюн өлкөбүздүн түштүгүндө гана ойнолсо, жакынкы жылдардан бери Чүй өрөөнүндө да ойнолуп жатат.

УЛАКЧЫ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Сейдали Келдиев
Туулган жери – Алай району, Арпа-Тектир айылы
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 2-апрель
Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уулдун атасы

Торпок улакты 15 жылдан бери тартып келе жаткан улакчы Сейдали Келдиев менен бул оюн тууралуу баарлаштык.

– Ат жалында ойноп, улак тартканыӊызга канча болду?
– Бала кезимден эле ат мингенди, чапканды жактырчумун. Мектепти аяктагандан бери улак тартып келе жатам.
– «Улакчы торпокту тартканды эле билет, аны аттын табына келгени, сууганы кызыктырбайт» деп коюшат. Саяпкериӊиз барбы?
– Аттарды атам таптайт. Убагында ал киши дагы улак тартчу. Чоӊ атам дагы улакчы болгон экен. Жакшы атсыз улак чабууга болбойт. Ошондуктан аны балаӊдай карап, душманыӊдай чабыш керек.
– Торпок улакта жеке балбан, команда менен тарткан улакчылар же кайсы бир бизнесмен, саясатчынын улакчысы болгондор да бар. Сиз кандай улакчысыз?
– Жаӊыдан улак тарта баштаганда жалгыз тартып жүрдүм. Инилерим бой жетип, бүгүнкү күндө үч иним менен команда болуп тартабыз. Кайсы бир адамдын улакчысы эмесмин. Андай улакчылар деле бар.
– Кадимки улак тартыш менен торпок улактын кандай айырмасы бар?
– Торпок улакта топтун ортосунан торпокту жалга ашырып, тез көтөрүп кетүү керек. Теке улакка караганда торпоктун салмагы оор болгондуктан күчтүү болуу кажет.
– Улак тартып эӊ кымбат кандай байге алдыӊыз?
– Баарын санасам мактангандай болуп калам. 2013-жылы Чүй өрөөнүндө болгон улак тартыштан 10 тай, 5 торпок, бир төө байгеге алгам.
– «Байге алып байыбайт» деген сөз бар...
– Кудайга шүгүр, Чүйгө көчүп келгениме эки жыл болду. Үй салдым, аттардын шартын ылайыктап сарай салдырдым. Ушунун баары улактан тапкан кирешеме бүтүп жатат.
– Курсак ток болсо, эки кол шок болот. Тамакты кандай жейсиз?
– Эл катары эле. Улак башталганда тамакты карабаса болбойт. Кой союп, күнүгө эт жеп турам.
– «Улактын кумары болот» дейт. Сизде да ошондойбу?
– Эртеӊ улак деген күнү уктай албайм. Улак тартыш болчу жерге жеткенче бушайман боло берем. Качан гана жеткенде көӊүл тынчыйт. Улак тартыш десе жеген тамагымды таштап кетип калам.
– Торпок улактын кандай эрежелери бар?
– Мында негизи эреже деле жок. Жерден көтөрүп жатып жулдуруп ийсеӊ да, сырттан тарттырып жиберсеӊ да байге алган адамга кетет. Аламан топто улакка эӊилип жаткан адамды күтүп, ат салбай, жардамдашып мээнетин баалоо деген улакчылардын өз ара эрежеси бар. Бирок кызып кеткенде баары унутулуп калат.

КАЧАН, КАЙДАН ЧЫККАН?
Улак тартыш, көк бөрү – бул кыргыздын улуттук ат оюндары. Улак тартыш илгертен бери чоӊ салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлүп келген. Анын качантан тарта ойнолгондугу тууралуу так маалымат жок. «Манас» эпосунда:
«Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, көк бөрү
Тартпай турган жер бекен?»- деп айтылган жери бар. Эгерде эпостун улуулугун эске алсак, бул оюндун да карт тарыхы бардыгынан кабар берет.
Көк бөрү деп аталып калышынын да себеби жөн жерден эмес. Малга тийген бөрүлөрдү ат менен кубалап союл, камчы менен чаап өлтүрүшүп, кимиси чапчаӊ экенин көрсөтүшкөн. Мал-жанды коргоонун бул түрү бара-бара оюн катары ойнолуп, бөрүнүн ордуна текени союп тартышкан.

ТОРПОК УЛАК ТУУРАЛУУ
Торпок улакта аты айтып тургандай эле 50-90 килограмм салмакка чейинки музоо же торпок тартылат. Көк бөрүдөн айырмаланып бул оюнда атайын эреже деле жок. Топтолгондордун ичинен 80-90 килограммдык торпокту улакчы аттын жалына салып кетиши керек. Топтон чыккандан кийин башкалары байге таштоочу мара чийимине жеткичекти улакты талаша берет. Эгер жалдан улакты алып кетсе, байге ошол адамдыкы болот. Бул оюнду улакка алымсынбаган балбандар тартышып, ошондон пайда болгон деп айтылат.

Торпок улактан бир көрүнүш.

Султан Төрөбеков
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bazarkyl
2015-09-07 11:31:45
бир там, шаарга салса жакшы киреше табат экен. Балбандыкты туура пайдаланган адам ушул.
0
zhusaliev89
2015-09-07 15:39:16
Улакчылар сезондо жакшы эле иштеп алышат
0
Das15
2015-09-11 00:51:44
Менин да чон атам торпок улакчы болгон!!!козу тируу кезинде жаш элем, азыр тируу болгондо кызык нерселерди сурап билип алмакмын......
0
dasta
2016-01-16 20:05:31
Торпок улакты анча мынчасы ат жалына сала бербейт кучтуу болуш керек анан адамдын озудо дагы шык болуш керек
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан