ИКРА

Кышка камылганы улантабыз. Кезекте жашылчалардан жасалган икралардын рецепттери. Эгер билсеӊиз, икранын курамына суу май кошулгандыктан тоюмдуу келет. Кааласаӊыз нандын бетине сүйкөп же болбосо күрүч, макарон сыяктуу азыктарды сууга бышырып үстүнө салып жесеӊиз да болот. Анан да бул даам «сабиз жебейм, болгар калемпирин жебейм» деп тергендер үчүн да эӊ жакшы тамак.

БАКЛАЖАН ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 2 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Сарымсак – 3 баш
Укроп – 1 боо
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз.
2. Эми баарын (сарымсактан башкасын) чакмак түрүндө туурап, ар бирин өзүнчө идишке сала турабыз. Тууралган баклажанга болсо бир аз туздан себелеп, жарым сааттай тыныктырып коёбуз. Бул ыкма андагы ачуу даамдын чыгып кетишин шарттайт.
3. Казанга майды куюп ысыган кезде пиязды, сабизди, андан соӊ болгар калемпирин салып, 10 мүнөттөй кууруп, баклажанды салып аралаштырабыз. Казандын капкагын жаап, жай отто 10 мүнөттөй демдеп коёбуз. Баклажанды саларда колуӊуз менен сыгып алууну унутпаӊыз!
4. Белгиленген убакыттан кийин казанга помидорду жана майда тууралган сарымсак менен укропту салып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, отту жайлатып дагы 20 мүнөт кууруйбуз.
5. Баклажан икрабыз даяр. Аны алдын ала бууланган банкаларга салып, оозун беките берсеӊиз болот.

САБИЗ ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Сабиз – 2 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Кумшекер – 100 грамм
Уксус (70%) – 2 аш кашык
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз да, эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Казанга помидор менен сабиздин аралашмасын куюп, ага өсүмдүк майын, кумшекер, туз кошуп аралаштырабыз. Андан соӊ жай отто 1 саат кайнатуу керек.
3. Белгиленген убакыт болгондо майдаланган сарымсакты, лавр жалбырагын жана уксусту кошуп 5 мүнөт кайнатабыз. Икрабыз даяр. Даярдаган банкаларыӊызга куюп жаба берсеӊиз болот.
Эскертүү, икраны банкага куярда лавр жалбырактарын алып салууну унутпаӊыз.

КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Кызыл кызылча – 1 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Пияз – 700 грамм
Сабиз – 700 грамм
Сарымсак – 2 баш
Өсүмдүк майы – 300 миллилитр
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылча, сабиз, пияз жана сарымсакты аарчып, жууп алабыз. Эми буларды жашылча сүргүчтөн өткөрүп, ар бирин өз-өзүнчө идишке салабыз. Помидорду болсо эт
өткөргүчтөн өткөрүп же блендерге салып майдалап алсаӊыз болот.
2. Эми жашылчаларды кууруу этабына өтөбүз. Алгач пиязды соолуганча кууруп алабыз да, үстүнө сабизди салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Андан соӊ кызылчаны жана помидорду салып, 1 стакан суу куюп аралаштырабыз. Табитиӊизге жараша ачуу калемпир кошсоӊуз да болот.
3. Татымына жараша туз, мурч кошуп, жай отто 30 мүнөт демдеп коёбуз.
4. Даяр болгон кызылча икрасын бууланган банкаларга салып, оозун бекитебиз.

«АССОРТИ» ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 1 килограмм
Кабакча – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Сарымсак – 4 баш
Болгар калемпири – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Кумшекер – 200 грамм
Уксус 6% – 1 стакан
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды аарчып, жууп-тазалап алабыз. Помидор менен сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Баклажан, кабакча, сабиз, болгар калемпирин чакмак түрүндө, ал эми пиязды жарым тегерек түрүндө туурайбыз. Эми жашылчалардын ар бирин өз-өзүнчө кууруп
алабыз.
3. Куурулган жашылчалардын баарын казанга салып, тартылган помидор менен сарымсактын аралашмасын куябыз. Үстүнө кумшекер жана татымына жараша туз кошуп, жай отто 30-35 мүнөт кайнатабыз. Эми уксусту куюп, жакшылап аралаштырабыз. Жашылчалардын топтомунан жасалган икрабыз даяр. Банкага жаап, кышкыга сактай
берсеӊиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jasi
2015-09-07 11:39:41
сонун го, издегенимди таап алдым )
0
beben
2015-09-07 11:54:28
Сонун кенеш экен кайнежем Икра жасйлы десе билбейм дедим эле эми озум эле жасап аламго
0
jany-aryk
2015-09-07 17:51:54
chakmak degeni kandai turaalat.
0
Meer
2015-09-07 21:09:06
чакмагы кубик турундо дегени болсо керек
0
deva
2015-09-09 19:33:33
Чакмак ооба, кубик түрүндө! Чакмак дептер дейбиз го мектепте. Жакшы рецепттер экен, жасап көрөм го
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан