КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН КЫЗДАРЫНЫН КӨЗҮНЧӨ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

Кызганычтын айынан буга дейре канчалаган үй-бүлө кыйрап, канчалаган өмүрлөр кыйылды. Алардын айрымдарын гезит бетине жарыялап келебиз. Жакында эле так ушул кызганычтын айынан дагы бир кылмыш жасалды.

КАНДУУ КЫЛМЫШ
Үстүбүздөгү жылдын 17-август күнү түнкү саат 02:45 чамасында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында болжол менен 35-40 жаштардагы аялдын бычактан жаракат алып каза тапкандыгы тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Жайыл РИИБинин ыкчам иликтөө тобу дароо окуя болгон жерге барып, иликтөө иштерин башташкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал ошол эле айылдын 38 жаштагы тургуну, Айбарчын Амаджан кызы болуп чыккан. Кылмышка шектүү катары анын 3 жылдан бери чогуу жашаган күйөөсү, 49 жаштагы Акимжан Жапаралиев кармалган.

«КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН УШУЛ ИШКЕ БАРДЫМ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Акимжан Жапаралиев күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
– Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөм, учурда Кара-Балта шаарында жашайм. Жыгач устачылык менен алектенем. Тагыраак айтканда, үйлөргө эшик-терезелерди жасап, үй-бүлөнү багууга жеткидей жакшы эле каражат тапчумун. Биринчи жубайым мындан бир топ жыл мурун каза болуп калган. Айбарчын менен жашаганыма 3 жыл болгон. Мен аны бул убакыт аралыгында урушкан да жокмун, ага колум да тийген эмес.
Бир аял үйүнө эшик-терезе жасатууга заказ бергени биздикине келген. «Сен ошол аял менен жатып алыптырсыӊ, сени менен ажырашам» деп аялым болбогон жерден уруш чыгарып, эжелерин чакырып, алар менен кетип калган. Мен ага «артыӊдан издеп барбайм, кайра өзүӊ келесиӊ» дегем. Эртеси таӊкы саат 6да «Акимжан, мен түшүнбөстүк кылып коюптурмун, мени кечирип койчу» деп өзү келип кечирим сурап кетти. Ошол маалда Орозо айы болчу. «Эжем жарашканыбызга каршы чыгып жатат. Орозо бүтсүн, мен өзүм келем» деди. Ал Кара-Балта шаарындагы базарда пирожки сатып иштечү. Анын иштеген жерине күндө барып жүрдүм. Кай бир күндөрү ал үйгө келип кирлеримди жууп, тамактарымды жасап берип, кайра кетчү.
Бир күнү эжелери мени алдап аялымдын Адыл деген агасынын үйүнө чакырышып, ага токмоктотушту. Анда унчуккан жокмун. Кийин Айбарчын «кел, сүйлөшөлү» деп эжесинин үйүнө чакырды. Барсам, ал жерден эжеси менен жездеси токмоктоду. Анда да каршылык көрсөткөн жокмун. Бир күнү үйдө жатсам мага «мен баратам, тосуп ал» деп телефон чалып калды. Аны тосуп алып экөөбүз үйгө келип 1 сааттай сүйлөшүп отурдук. «Бир кафеге жумушка орношом» деди. Кафеге алып келип таштап коюп кайра үйгө кеттим. Түштөн кийин телефон чалсам, «жумушка эртеӊ чыкмай болдум. Бул жактан азык-түлүк алып кайра үйгө кеттим» деген.
Эртеси эртеӊ менен телефон чалсам албай койду. Араӊ саат 11лер чамасында трубканы алып «талаага иштегени чыгып кеттим» дегенинен «кафеге эмнеге келген жоксуӊ?» деп сурасам, жооп бербей телефонду өчүрүп салды. Ошентип кечке чейин телефонун жандырган жок. Кечинде жумуштан чыгып баратып дагы чалсам, Альбина деген кызы алып «былжыраган эшек, жогол ары!» деп коюп салды. Кийин Айбарчын өзү алып, «мен эшикте жүрсөм кызым алып жооп берген тура, азыр аны урушуп жатам. Кечинде үйгө келе бер, эшикти илбейм, мурдагыдай такылдатпастан эле кире бер» деди. Мурда да 2-3 жолу алардын үйүнө барып түнөп келгем. Анда «эжем менен жездем көрбөсүн» деп өзү кыздары менен эшиктин алдынан тосуп алып киргизген болчу. Бир аздан соӊ «баратам» деп чалсам, «азыр мага бирөө келип калды, кайра чалам» деп коюп салды. Дагы чалсам «келбей эле кой, керегиӊ жок» деди. Ачуум келип «азыр эле кел дедиӊ эле го, эмне болду? Барам» деп ага жөнөдүм.
Жолдо баратып аялым ким менен жатат деп кызганып, жиним келип арак ичип алгам. Барсам кыздары уктап жатышыптыр, Айбарчынга «бул эмне кылганыӊ? Акмаксыӊбы?» десем, «сени кызгандырайын дегем» дейт. Экөөбүз уруша кеттик. Чатакташып жатканда терезеде бычак турган экен, ала коюп мени бутка сайып калды. Жиним кашайып колун бурап бычакты жулуп алдым да, анын көкүрөк тушуна, алкымына сайып жибердим. Кыздары ойгонуп, бакырган боюнча эшикке чыга качышты.
Анан ал жерден чыгып аймактык инспектор Алмаз Жуматаевге телефон чалып «аялым менен урушуп, бычак сайып жибердим» деп айттым да, өзүм бет келди качып жөнөдүм. Жолдон өлгүм келип өзүмө өзүм эки ирет бычак сайдым. Бирок андан өлбөй калган соӊ үйгө барып жанымды кыйганы кетип баратканда милиция кызматкерлери кармап кетишти.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Асылбек Токтомушев буларды айтты:
– Кылмышка шектүү катары кармалган жаран мурда да «мал уурулук» беренеси боюнча 2 жолу соттолгон. Ал учурда күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал өз өмүрүнө кол салып, бычактан жараат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн соӊ убактылуу кармоочу жайга камалды. Жогорудагы окуя болгон жерде маркумдун 8 жана 11 жаштагы кыздары болгон. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
«Колуӊ менен жасаганыӊды моюнуӊ менен тартасыӊ» демекчи, кылмышка шектүүнү алдыда темир тор күтүп турганынан шек жок. Ал эми ичимдик, кызганычтын айынан бир бейкүнөө өмүр кыйылып, 2 кыз жетим кала берди.

Кылмышка шектүү Акимжан Жапаралиев

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кызганычтан улам аялымды өлтүрдүм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
fea1990
2015-09-07 12:16:24
Жашоосуда кантет......
0
Bandit_bala
2015-09-07 13:20:00
Oo kudai saktaigor jaman ish boluptur birok aialda dagy kuno bar ozuno ozu olum tilep alyptyr nege keldep turup kaira kelbe deit bul jerde bolok bir ish bolgon
0
Taalaibek.
2015-09-07 15:55:48
Баардык ката аяалынан кетиптир.
+3
AFRODITA-89
2015-09-07 17:02:38
арак бардык жактан жамандыктан башка эч нерсе алып келбейт неге тыюу салып койбойт билбейм арак ичкенди корсом кадимкидей жиним келип кыжаалат болуп кетем олло жаман кором ошол жинди сууну
0
Nadira.1402
2015-09-07 19:05:43
Кара жер кабар айтпасын, чон эле аял экенго, жаш кыздардай кылыктанганы болбойтго. Аял жакшы эр жакшы дейт.
+4
killerbee
2015-09-07 21:11:30
Мен бул аялды билет елем кара-балтада пирошки сатчу . Аябай жакшы еже еле . Намаз окууган
0
killerbee
2015-09-07 21:18:23
Мен бул ежени билет еле Кара-Балтада пирошки сатчу . Жакшы еже еле намаз окууган
0
aizada_jusupova
2015-09-08 19:10:34
Кыргыздар эмне болуп баратабыз?Жанылыктарга кирсен эле олтурду,сайды,мас экен дегенди эле окуйм.Аракты ойлоп тапкан кишини тозоктун отуна, бензин ордуна арактан чачып куйгузуп аткандыр КУДАЙ.
0
peri-jan
2015-09-09 02:31:53
АстаагфирАлла, ар жума сайын ушундай коркунучтуу, журоктун ушун алган окуя чыга турган болдуго. Мурда мындай корунуш болсо копко чейин элдин оозунда дуу-дуу кеп болот эле, азыр тобо тез тез боло берип элдин кулагы да конуп буто турган болду. Аллахым ар бир инсанга ыйман бере кор..
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан