Чоӊ кишиден жаш балдарга чейин кайсы оору менен оорубасын акыркы учурларда дарыгердин белгилөөсү менен бактамед деген укол алып калышкан. Жаш балдар бутун сүйрөп басып калышса, чоӊ кишилердин бели ооруп калган фактылар кездешти. «Бактамеддин айынан жыйырмадан ашуун баланын буту баспай калды» деген Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова аталган дарыны колдонуудан алып салуу керектигин үстүбүздөгү жылдын апрель айында айтып чыккан. Дары дагы деле дарыканаларда сатылып жатат. Мындан 1 ай мурун Ошто дагы бир бала ушул препараттан улам баспай калган.
«БАЛАМДЫН БУТУ ӨТӨ ИЧКЕРИП КЕТТИ»
Эки жаштан жаӊы ашкан Адилет Адиля Базарбекованын экинчи баласы. Адилет үстүбүздөгү жылдын февраль айында тамагы ооруп, апасы Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына алып келген.
– Балам тамагы ооруп калганда №3-балдар ооруканасына алып келдик. Кабылдамада отурган дарыгерге көрсөтсөк, күнүгө бир маалдан 5 күнгө бактамед деген укол жазып берди. Акчабыз жок болгондуктан ошол жердеги дарыканалардын биринен бир ампула сатып келсек, врач өзү сайып берди. Балам чаӊырып ыйлап ийди. «Ачуу дары беле?» десем, «ооба, өтүп кетет» деди. Ошентип үйгө бардык, дикилдеп чуркап жүргөн балам кечинде эле сол бутун сыртка кайрып сүйрөп басып калды. Баарыбыздын жүрөгүбүз түшүп, эртеси эле жеке менчик ооруканалардын бирине барсак, «өтүп кетет, булчуӊ эти чоюлуп калыптыр» деди. Биз жакшы болуп кетет деп күтө берип арадан 3 ай өтүп кетиптир. Анан жеке менчик балдар ооруканасына көрсөттүк. Кабыл алган дарыгер дароо эле «бактамед алдыӊар беле?» деди. «Ооба» десем, «Ушуга чейин жүрө бересиӊерби? Баланын сол буту оӊ бутунан 3 сантиметрге ичкерип кетиптир. Дарылабасаӊар таптакыр куурап калат, уколду кайдан алсаӊар ошол жерге баргыла» деп урушуп кетирип жиберди. Ошентип №3-балдар ооруканасына бардык, 10 күн дарылашты. «Эмне кыласыӊар билбейм, баламдын бутун айыктырып бергиле, силер сайган бактамедден ушинтип калды» дедим. Массаж, токко кактоо, парафин жабуу менен дарылашты. Врачтар «ай сайын 10 күндөн бир жылга чейин дарылоо курсунан өтөсүӊөр, бирок толук айыгып кетесиӊер деп кепилдик бере албайбыз» дешти. Азыр деле калыбына келе элек, сол буту оӊ бутуна караганда ичке, алсыз.
Мындан сырткары 34 жаштагы Венера деген окурманыбыз дагы мындан 3 жыл мурун 3 жарым жаштагы кызынын бактамедден улам сол буту баспай калганын айтып кайрылганы бар.КИМДЕРГЕ БОЛОТ, КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Колдонууга болбойт: Сезгичтиги жогору адамдарга.
Колдонууга чектөө: Боору жана бөйрөгү ооругандарга.
Терс таасирлери: Ич өтүү, денени кычыштыруу, майда бүдүрлөр чыгуу. Кээде жүрөк айлануу, кусуу, уйкусуроо, алсыздануу, баш оору.
Колдонууга көрсөтмө: Дем алуу органдары (пневмония, өпкө абсцесси, бронхит, тонзиллит, синусит, орто отит), жыныс жана табарсык органдары (пиелонефрит, пиелит, цистит, уретрит, простатит, эндометрит), тери, муун, ичеги-карын (импетиго, дерматит) инфекциялары.
Холецистит, холангит, бактериалдык септицемия, менингит, перитонит.
«КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА САТЫКТАН АЛЫНБАЙТ»
Бактамеддин айланасындагы ызы-чуудан улам атайын комиссия түзүлүп, текшерип чыгышкан. Жыйынтыгы кандай болду жана башка суроолорго Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги медициналык жардам көрсөтүү сапаты жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Талант Арстанкуловдон жооп алдык.
– Бактамед дарысынын тегерегиндеги ызы-чуудан улам комиссия түзүлдү эле, жыйынтыгы кандай болду?
– Комиссиянын курамында жогорку деӊгээлдеги мыкты, тажрыйбалуу он чакты адис иштешти. Алар колдонулбасын деген жыйынтыкка келишкен жок. Эмнеге? Биринчиден, ушундай диагноз менен ооругандардын арасында аталган дарыны эмес, башка дарыны алгандар да бар экен. Экинчиден, бардык эле учурда билими бар адистер укол сайышпаганы аныкталган.
– Жаш балдардын ден соолугуна караганда дарыны ташып келген компаниянын акчасы артыкпы? Сурайын дегеним аталган дарынын тегерегинде коррупция барбы, ушунча талкууга алынып жатса да эмнеге эмдигиче сатыкта?
– Түзүлгөн комиссиянын алдына коррупция жөнүндө эч кандай суроо коюлган эмес, нейропатия болгон балдардын ден соолугуна бактамеддин тиешеси барбы-жокпу, ошол маселе гана каралды. Эгер коррупция жагын карай турган болсок, курамга медиктерден сырткары башка тармактын адамдарын да кошуш керек эле.
– Комиссия дарынын курамын, адамдын организмине таасирин текшерип чыгыштыбы же даяр, мурунку медициналык документтердин негизинде эле караштыбы?
– Качан, кимге, канча жаштагы балага канча доза сайылгандыгы тууралуу бардык документтерди карап чыктык. Дарынын курамындагы заттарды текшерүү боюнча бизге тапшырма берилген эмес. Бир гана нерсени айта алам, ар бир дары каттоо болордун алдында департамент тарабынан текшерилет.
– Канчалаган компаниялар чет өлкөдөн дары ташышат, ошонун баары дарыларды акча бербей, таза каттоодон өткөрөт деп айта аласызбы?
– Колумда факт болбогондон кийин «ооба акча берип каттоодон өткөндөр бар» деп айта албайм, ошол эле учурда жок деп айтуудан да алысмын. Дары биринчи жолу каттоодон өтүп жатса курамындагы заттарды, документтерди текшерип чыгышат. Эгер ага чейин ошондой эле курамдагы дары Кыргызстанда каттоодон өткөн болсо, биринчи дарыдай көп документтер чогултулуп, тыкыр изилденбейт. Мисалы бактамедге чейин бизде уназин деген дары каттоодон өткөн.
– Эмнеге врачтар бактамедди ооругандарга көп жазып жатышат?
– Жакшы суроо, бизде этикага жатпаган бир көрүнүш бар. Ооруканаларга, бейтапканаларга фирмалардын атайын өкүлдөрү барып дарыларын сунушташат. «Мынча дары өткөрсөӊөр баланча пайызы силердики» дегендей келишим менен барышат. Ошондуктан бактамед сайылчу учурда да, сайылбачу учурда да колдонулуп калган. «ИСПАНИЯ АЛ ДАРЫНЫ ЭЧ КАЧАН ЧЫГАРГАН ЭМЕС»
Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова бактамеддин айынан айрым балдар таптакыр баспай калуу коркунучунда турат дейт:
– Бактамеддин балдарга тийгизип жаткан терс таасирин текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия үстүртөн чечим чыгарышты. Алар укол сайгандар туура эмес жасашкан деген бүтүмдү карманышкан. Укол жасагандардын баары менен сүйлөшүшкөн жок, айрымдары бир нече жылдык тажрыйбасы бар адамдар. Балдары жабыркаган ата-энелерде калган дарыларды чогултуп, бир жума мурун Женевадагы бүткүл дүйнөлүк лабораторияга жөнөттүм, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал эми Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигине «Бактамед деген дары чыгарылабы, колдонулабы?» деп официалдуу түрдө кат жөнөткөм. Испаниядагы дары-дармек жана медициналык продукция менен камсыздоо агенттигинин аткаруучу директору Белен Креспо Санчес Эзнарриага LDP Laboratorios Torlan, S.A. заводу бактамед эч качан чыгарган эмес деди. Бул дарыны ким, кайсы жерде чыгарганы белгисиз. Айрым дарыларда чыгарылган жери Испания деп, айрымдарында Англия деп жүрөт. Мисалы, Молдовада дарылардын сапатын текшерүү лабораториясы тарабынан бактамед препаратын колдонууга бөгөт коюлду. Препараттын каршы көрсөтмөлөрү болуп, сульбактам кошулмалары жана суюктуктун түстүүлүгү табылган.
Кыргызстанда жыйырмадан ашык бала ушул дарыдан улам жабыркады. Айрымдары таптакыр баспай калуу коркунучунда турат. Элдин ден соолугун ойлогондун ордуна Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бул маселени эмнеге көтөрүп чыкты дегендей мени күнөөлөп жатат.«ДАРЫНЫ ИСПАНИЯ ЧЫГАРЫП, АНГЛИЯГА САТАТ»
Дары-дармектер менен камсыздоо, Медициналык техникалар департаментинин маалымат борборунун жетекчиси Замир Акаевге да кайрылдык.
– Бактамед Кыргызстанда канчанчы жылы, кайсы компания тарабынан каттоодон өткөн?
– LDP Laboratoriоs Torlan (Испания) компаниясы тарабынан чыгарылган бактамед дарысы бизде алгачкы жолу World Medicine фирмасы тарабынан 2008-жылы каттоодон өткөрүлгөн. Каттоо беш жылга жарактуу болгондуктан, 2013-жылы дагы кайра жаӊыртылган. Каттоодон өтүп жатканда дарынын курамындагы заттар, ал гана эмес ар бир сериясы биздин лабораторияда текшерилет. Ызы-чуу болгондон кийин Алматыдагы экспертиза борборуна текшерүүгө жибергенбиз, нормадагы талаптарга жооп берген. Ошол себептен дарыканалардан алып салган жокпуз. Бирок аны ташыган компания каттоодон алуу туурасында арыз менен кайрылышты. Мындан ары сырттан алып келишпейт, бирок мурун алынып келинген дарылар дарыканаларда сатыкта боло берет.
– Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова «бул дары иштелип чыккан өлкөдө сатылбайт, коррупция өнүккөн, кедей өлкөлөрдө сатылат» деп айтып чыкты. Испанияда эмнеге колдонулбайт деп кызыгып көрдүӊөр беле?
– Каттоодон өткөрүп жаткан компания Испанияда чыгарууга, сатууга, экспорттоого болот деген тастыкталган кагазын алып келген. Ызы-чуудан кийин Испаниядагы Torlan компаниясына өзүбүз да кат жөнөткөнбүз. Алар ампициллин, сульбактам чыгарыларын айтышты. Аны сатып алган англиялык «Медрайк» фирмасы препаратты бактамед деген ат менен сатыкка чыгарары белгилүү болгон. Биз элге кантип сапатсыз дарыны сунуштайлы? Баарыбызда эле бала-бакыра, тууган-урук бар. Алар деле оорушу мүмкүн.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg