Жабырлануучу таксист: «МЕНИ БЫЧАКТАП ЭЭН ТАЛААГА ТАШТАП КЕТИШТИ»

Жакында Чүй облусунда таксистти бычактап, анын машинасын уурдап кеткен деп шектелген 3 жигит колго түшүрүлдү. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын мындан башка да кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

«БИР НЕРСЕ БОЛОРУН СЕЗДИМ»
Кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан таксист Марат Сырдыбаев учурда Чүй облустук ооруканасында дарыланып жатат. Кылмышкерлердин тузагына кантип түшүп калганы тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 21-август түнкү саат бирлер чамасында заказ түшүп, Бишкектин Чүй менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине барсам, 2 жигит отурду. Алар мага «Токмокко барып акча алып кайра келебиз» дешти. Токмокко жеткиче сүйлөшпөй эле бардык. Жеткенден кийин алар 2 жигитке жолугуп, бирөөсү алар менен сыртта 10 мүнөттөй сүйлөшүп турду. Анан баары машинага отурушуп, «бул жакка айдаӊыз, акчаӊызды алып берели» дешти. Ошондо жаман бир нерсе болорун сездим, бирок качып да кете албайт элем.
Шаардан чыгып, ээн жерге барганда бирөөсү «токтотуп коюӊузчу, мурдум канап жатат, жууп алайын» дегенинен токтоттум. Үчөө жерге түшүп кетип, бирөөсү артта ичин басып отурган. Бир убакта эле оӊ жагым ачышып, муздап чыкты. Тура калгыча калгандары жетип келип ар тарабымдан уруп-тээп, сыртка сүйрөп чыгышты. Түшүргөндөн кийин да жерге басып алып, башка-көзгө тепкилеп жатышты. Аларга «акчанын деле кереги жок, мени коё бергиле» десем болбой сабашты. Анан экөөсү колтугумдан таяп арыраак жерге жетелеп барып, алгач колумду, анан ага кошуп бутумду байлашты. Бирөөсү «өзүӊдү сезип жатасыӊбы?» деп сураганда, «ооба, сезип жатам. Колумду чечип койгулачы. Мен силерди тааныбайм, силер мени тааныбаган бойдон калалы» десем болбой ээн талаага таштап кетип калышты.
Алар кеткенден бир топтон кийин эптеп колумду чечип, анан бутумду чечтим. Талаа тарапта алыстан жарык күйүп турганын көрүп, жол тарапка эмес, ошол жарыкты көздөй басып жөнөдүм. 1 сааттан ашуун убакыт тынбай басып барып жеттим. Короого кирсем, 2 киши уктап жатыптыр, аларга болгонун айтып бердим. Алар милиция менен «Тез жардамга» телефон чалып чакырышты эле, алар көп өтпөй келип калышты.

«СЕНДЕ КӨП АКЧА БАР ДЕШТИ»
Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булуӊ айылынын Эрма Мусаев аттуу тургуну да бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жапа чектим дейт:
– 21-июлда түнү уктап жатсам бет капчан 4-5 белгисиз киши кирип келип аялым экөөбүздүн колдорубузду скотч менен байлап, менин көзүмдү таӊып салышты. Эмне болуп кеткенин деле түшүнбөй калдым. Анан мени коӊшу бөлмөгө алып барышып, тапанча такап акча талап кыла башташты. Үйдө 30 миӊ сомдон ашуун акча бар эле, турган жерин айтсам барып алышты да, «бул майда акча экен. Калганы кайда?» деп мени сабап, демитип киришти. «Башка акча жок» десем, бирөөсү «мен акча көп деген маалымат боюнча келдим, сенде көп акча болуш керек» деди. Анан мени таштап, аялымды коркутуп сурай башташты. Ал ортодо бирөөсү муздаткычтан эт алып чыгып жеп, сөөктөрүн жерге таштап салыптыр. Башка акча жок экендигин билгенден кийин гана алар аялымдын алтын буюмдарын, акчаны алып чыгып кетишти. Кылмышкерлер кеткенден кийин саатты карасам 2 жарым болуптур, алар 2де келген болуш керек. Күн аябай ысык болгондуктан
3 балам сыртта уктап жатышкан, дагы жакшы аларды кылмышкерлер көрүшпөптүр.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Уран Асанов мурун да тоноо беренеси боюнча соттолуп, 7 ай абакта отуруп 1 жыл мурун эркиндикке чыккан. Ал тергөөдө төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Досум Жеӊишбек экөөбүз Токмок шаарындагы темир жол бекети тарапта кыздар менен сыра ичип отурганбыз. Түнкү саат 12лер чамасында улуту дунган Рамазан деген таанышым телефон чалып, «мен Токмокко баратам» деген. Анан бир убакта такси менен келип калды, машинага отурайын десем «сен коё тур» деди. Машинадан четирээк баргандан кийин Рамазан мага «машинага кардар бар. Ушул таксистти сабап, колу-бутун байлап, машинасын алып сатабыз» деди. Таксини айдатып алып кант заводу жактан түштүк тараптагы талааны көздөй айдаттык. Жолдо баратканда Рамазан дааратканага барам деп унааны токтотуп, түшүп кетти. Артынан барсам, ал мага «мен сага белги бергенде машинаны токтотуп, таксистти муунтасыӊ» деди. Машинага отуруп жатканда Рамазан колума чаап белги берди. Таксистке «кускум келип жатат. Машинаны токтотчу» деп токтоттурдум. Ошол убакта шериктерим машинадан түшүп кетишти. Мен таксистти муунтканга эрким жетпей туруп калдым. Ошол убакта Рамазан келип колума бычак карматты. Анан бычак менен таксисттин оӊ капталына 3 ирет бычак сайып жибердим да, көӊүлүм айланып кетип эшикке чыгып кусуп жибердим. Кичине өзүмө келип кайра келсем, шериктерим таксисттин колу-бутун байлап, ары жакка таштап келе жатышыптыр. Анан машинаны айдап шаарды көздөй кетип калдык.
Июль айында да Рамазанга бирөөлөрдөн кеӊ-булуӊдук бир кишинин үйүндө 5-6 миӊ доллар акча бар деген маалымат түшүптүр. Биз ошол кишинин үйүнө кирип баратканда бет кап кийип, газ тапанчасын алып алганбыз. Киргенде дунган улутундагы эркек менен аялды көрдүм. Алардын колу-буттарын скотч менен байлап, акчаны, алтынды алдык. Акчаны коротуп жибердик.

«БАШКА КЫЛМЫШТАРГА ДА ТИЕШЕСИ БАР ЭКЕНДИГИ АНЫКТАЛДЫ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 21-август күнү 35 жаштагы айым Чүй райондук ИИБине арыз менен кайрылып, 20-25 жаштардагы белгисиз 4 киши 29 жаштагы инисине 5-6 ирет бычак сайып, сабап, колу-бутун байлап талаага таштап, Гольф 4 үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кеткендиги тууралуу билдирген. Бул кылмыш боюнча Чүй
ОИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү издөө иштеринин жыйынтыгында 22-августта кылмышка шектүү катары 3 киши кармалган. Алар: Ысык-Ата районунун 21 жаштагы тургуну Уран Асанов, Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Жеӊишбек Келдибек уулу жана Кара-Балта шаарынын 18 жаштагы тургуну Адилет Иманкулов. Ал эми төртүнчүсү азыр издөөдө. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр мындан башка да эки каракчылык кылмыштарына катышкандыгы билинди.
Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда түнкү саат 2лерде Ысык-Ата районуна караштуу Кеӊ-Булуӊ айылынын 30 жаштагы тургунунун үйүнө каракчылык кылуу үчүн 4-5 бет капчан киши кирген. Үй ээсин жана анын аялын тапанча менен коркутуп, 31 миӊ сом жана алтын буюмдарын алып кетишкен.
Ошондой эле 21-апрелде түнкү саат 10дор чамасында Токмок шаарынын 53 жаштагы тургунунун үйүнө да бет капчан кишилер киришкен. Үй ээсин, аялын жана балдарын тапанча менен коркутуп, сабап,
3050 АКШ долларын, 92 миӊ сом жана 58 миӊ сомдук алтын буюмдарын алып изин суутуп кетишкен. Жогорудагы кылмышка шектелип кармалгандардын бул кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда кылмышка шектелип кармалгандар СИЗОго киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Марат Сырдыбаевдин ооруканада жаткан учуру.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Somalimogadishu
2015-09-08 00:32:51
пацаны к успеху шли но не фортануло
-5
asiana
2015-09-08 09:12:49
Значит 21 сентябрда кылмышкерлердин байланыштарын тактап андып кармаш керек.
0
tynych88
2015-09-08 13:44:55
зокурдун жузун корсотуп тура кылгансынар олум жазасын бериш керек
0
aydarken
2015-09-08 13:55:50
А эмне учун Рамазан дегендин суротун чыгарышпады дунган улутундагы каракчыны?
+1
macho90
2015-09-08 14:05:24
Бизу мурда бар болчу азыр алып салышкан олум жазасын.
0
Mars55
2015-09-08 18:48:46
акмактардын 21 дегени тан калтырды адамды
0
ajaraka
2015-09-08 19:21:01
Тообо кылдым, тообо кылдым. Байкуш энелеринин мээнетин куйгузуп гана кете беришиптир.
0
kurguz...
2015-09-09 06:57:19
Дунгандарга олум дунган емес алар цыгандан хуже кыргызстан дунган жашабаш керек же токо жерге иштеп башн которбош керек фукалар.
0
sherzatik
2015-09-09 20:08:09
Өлүм жазасын бербесеңер мындайлар токтотпойт кылыктарын.
0
Gulnaz.GS
2015-09-09 20:42:01
ата энелери каякты карап журушот тарбия бералбай
0
sabyrov.s
2015-09-09 22:48:15
Gulnaz.GS Ата энелери андып журмок беле. Жашы 18 ден откон балдар экенго. Жазасын алат да
.
0
4inarbek
2015-09-10 00:39:18
21 деген цифра ачко дегенди тушундурот,демек ишибиз онунан чыгат дешкенго.
0
Take_men
2015-09-10 01:40:09
Эми бул балдарга берсе 3-5 жыл берет. Амнистия менен 2 жылда чыгат. Эгер таксистти мерт кылса эмне болмок. Ошондуктан жаза катаал болуш керек
0
siezd
2015-09-13 20:08:06
былтыр кышта менин кайними да ушундай кылып тоношкон бирок бычактарын унутуп калышкан экен сигаретти куйгузуп пешенесине басып раса урушуп чала олук кылып таштап кетишкен олду деп ойлошконго ал да таксист болчу машинасын 1000долларга сатып ийишкен экен милициялар табышкан.
0
Elaman180993
2016-03-01 00:18:21
Jawtyk kylywyptyr emi kylganyna okunup otursa k.k
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан