Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Элмирбек Иманалиев, төкмө акын: «СЕЛСАЯКТАР МЕНЕН АРАЛАШЫП ОТУРУП АЛГАН КҮНДӨРҮМ ӨТТҮ»

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж


Сүйлөгөндө күлүп сүйлөгөн, ырдаса ууртунан жылмаюу жанып, боюнан ою ашып турган төкмө акын бар. Ал 3 жашында тамга таанып, китеп окуй баштаган, 16 жашында үйлөнүп, наристелүү болгон. Сөз Токтогул же Жеӊижок жөнүндө болуп жаткан жок, кадимки эле Элмирбек акын тууралуу уланат.

Обондуу ырлары: «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм» жана башка.
Прозалары: «Үркөрдөйдөгү үч күн» деген аӊгемеси, «Эсил жылдар» деген повести бар.

«АГАЛАРЫМА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЫП БЕРЧҮМҮН»
-Бир күнү атама «жер кайсы жерден бүтөт?» деген суроо узатсам, ал «жер Ленин, Сталин аталарыӊ жаткан Москвадан, Кремлден бүтөт» деп кызыктуу жооп узаткан. Атамдын жообунан кийин мага Кремлдин ары жагы деӊиз же талаа болуп барып жер бүтчүдөй туюлчу болду. Өзүм көрбөгөн нерселерди элестетип тарта баштадым. Гезит, журналдардан Лениндин сүрөтүн көчүрүп тартам. Акча, тыйындардагы сүрөтү болсо деле тарта берчүмүн. «Тартпа, көрүп калса каматып жиберет» деп коркутушса деле болчу эмесмин. Эс тарткан сайын Манаска болгон кызыгуум артып, Манастын баатырлыгына, айкөлдүгүнө, эрдиктерине маашырланып, Манас болом деп чыктым. Көк чыбыкты ат кылып минип, аны Аккула деп атап, туягын элестетип тегерете сызып атама көрсөтө берчүмүн. Бара-бара алдымдагы көк чыбык Аккула, мен Манас боло албасымды түшүнгөндөн кийин эпосту айткым келе баштады. Манас айтканымды көргөн агам, «мен эпостун бардык томун окугам, сен айткан жери жок болчу» деп катуу уялткандан кийин тык токтотком. 3-4-класста окуп жатканда ыр жазуу дымагым ойгонуп, классташ кыздарга сүйүү саптарын арнай баштадым. Ыр жазганымды билген жогорку класстагы агаларым буйрутма берип, сүйгөн кыздарына ыр жаздырууга өтүштү. Алгачкы гонорарларымды ошол учурда эле ала баштагам.

«КОЙДУН ЖҮНҮН САТЫП ЖОЛ КИРЕ КЫЛЫП БОРБОРГО КЕЛГЕМ»
-6-классымда Нооруз майрамы болуп, мугалимибиз «комуз менен саламдашасыӊ» деп текст жазып берди. Сахнага чыгып агайым жазып берген ырды ырдап, ары жагын өзүм жамактап төгүп салдым. Менин бул өнөрүмдү Тууганбай Абдиев айылга келип угуп, «Сенден төкмө акын же жазма акын чыгат. Айылда жүрсөӊ кандай болосуӊ, ким билет, шаарга бар» деп кеӊеш берди. Апам «барбайсыӊ, шаарда жашоо кыйын, өткөөл мезгил, сени ал жакка жибергенге акча жок» деп болбойт. Ал учурда айылдан койдун жүнүн чогултуп, акчасын кийин беребиз деп районго алып кетчү. Биз дагы жүн тапшырган болчубуз, апама ошонун акчасын алып кетем деп көгөрдүм. Акыры оюм ишке ашып, ыр жазган эки дептеримди, эки көйнөк салынган портфелимди алып, 4 койдун жүнүнүн акчасы менен борборго бет алдым.
Борборго келгенде Тууганбай Абдиев ата ордуна ата болуп, жол көрсөттү, окууга өткөрүп, жатаканага жайгаштырды. Эркиндик бульварына жакын жашачу элем. Чогуу окуган тайпалаштарым менен көп деле убакыт өткөргөн жокмун. Азыр «биз менен түшкөн сүрөтүӊ деле жок» деп айтышат. Ал учурда сүрөткө түшүү, студенттик күндөрдү өткөрүү дегенди билбесем керек. Көп убактым китепканада, анан залкарлардын жанында өтчү. Эркиндик бульварында Шүкүрбек Бейшеналиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Абды Сүйөркулов, Орозбек Кутманалиев өӊдүү улуу адамдар менен кезигип, далай жолу кеӊешин, батасын алдым. Тамашалап айтканда, балдардын чөйрөсүнөн келип, чалдардын чөйрөсүнө аралаштым.

«КӨЙРӨӉДӨНҮП КӨПКӨН ДЕЛЕ ЖОКМУН»
-15 жашымда төкмө акындар арасындагы айтыштан баш байгени жеӊип алдым. Ошол жылдары эле «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм» аттуу ырларым элге алынып кетти. Токтобүбү Черикчиева жадакалса «Жалгыздыктан тажап бүттүм» аттуу концертин 5 күн берген. Концерттен түшкөн акчага батир, автоунаа алганын да уккам. Анда мен кайсы акчага нан алам деп тыйынымды эсептеп жүргөн учурум эле. Ырларым базарларда жаӊырып, элдер ырдап жатса «ушул сенин ырыӊбы?» деп сурап жибербесе экен, батыраак өтүп кетейинчи» дейт элем. Сыйлыкты да, сыймыкты да Кудайга шүгүр эле алдым. Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер, президенттик стипендия алган учурларда деле кубанбаптырмын. Көйрөӊдөнүп көпкөн деле жокмун.
Кудайдан жашыра албаган нерсени адамдардан жашыргым келбейт. Жүрөгүмдө болгон нерсени айтканды жакшы көрөм. Кээде мени селсаяктардын жашоосу кызыктырып, алар менен аралашып, отуруп алган күндөрүм болгон. Айрым учурда турмуш-тиричиликке каржы жетишпей калганда «туй ата, ушундан көрө соодагер болуп кетпептирмин» деп кейип калчумун.
Үй-бүлөсүн жетик каржылай алган чыгармачыл адамдар деле арбын. Меники балдарымды бакканга жеткени менен, көкүрөктөгү ойлорду ишке ашырууга жетпей калат. Кудайга шүгүр, алдымда эски болсо дагы унаам, шаардын так ортосунда болбосо да четинде үйүм, жайкысын эс алганга дачам бар.
Үйлөнгөндөн кийин окууну токтотуп, Шаршен атындагы Чүй облустук театрына иштеп жүргөм. Шаардын четиндеги ГЭС-3 деген айылда эки бөлмөлүү времянканын 1 бөлмөсүн мага беришти. Экинчисинде театрда иштеген актёрлор жашайт экен. Тун кызым Айзуура ошол үйдө жашап жатканда төрөлгөн. Үйдү кирпичтин үстүнө спираль ийилген меш менен жылытып, ошого жалаяк кургатчубуз. Андагы ит көрбөгөн кыйынчылыкты замандаштарыбыз менен жеӊдик. Не бир таланттар жоголуп, өзүнө-өзү кол салгандары дагы болду.

«АРУУЗАТЫМДЫ» СТУДЕНТ КЫЗГА АРНАГАМ»
-Аскат Мусабеков ырдап жүргөн «Аруузатым» ичтеги букту, күйүттү сыртка алып чыккан чыгарма болду. Ал учурда кейип жүргөн учурум болчу. Шекербек деген досум экөөбүз шаар аралап басып баратып аялдамага токтогон троллейбустун канчанчы экенине карабай түшүп алдык. Ичиндеги адамдар баарынан тажагандай, дүйнөсү кирдеп кеткендей муӊдуу, кайгылуу мен сыяктуу көрүндү, же мага ошондой сезилдиби, билбейм. Арт жакты бурулуп карап ажарлуу, таза, тунук, көздөрү күйүп турган, бейкапар кызга көзүм түштү. Ка-ап, адамдардын баары ушундай болсо деп ичимден суктанып, барып тааныштым. Өзүмдүн жердеш карындашым болот экен. Бул ырдын жаралыш таржымалы ушундай.

«АЛГАЧКЫ АЙЛЫГЫМА МАНТЫ ЖЕГЕМ»
-Устатым Тууганбай Абдиев «Сейтек» балдар борборунда сабак берчү эле. Жарыктык киши чарчаганданбы же мага айлык болуп турсун дедиби, өзүнүн ордуна ишке орноштуруп койду. Өзүм теӊдүү балдарга сабак берем, кыздар «биз менен теӊ турбайсызбы» деп тийишип жүдөтүшөт. Иштегениме үч ай болгондон кийин бир эже «айлыгыӊды алдыӊбы?» деп калды. «Кандай айлык?» деп таӊ калдым. Эже «бул жерден аласыӊ» деп жол көрсөттү. Үч айдын айлыгы биригип 50 сом чыгыптыр. Ошондо биринчи жолу мамлекеттик иштен айлык алгам. Бакыт деген досум бар болчу. Экөөбүз бир кафеге кирдик. 1 порция 5 даана манты болот эмеспи, бат эле жеп коёбуз. Көп алалы десек элден уялабыз. Улам тарелкаларды бошотуп, кайра манты алып отуруп аябай тойгонбуз.

«АКЫН МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉЕМ, КАТЫНЫМ МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉИЛЕМ»
-Келинчегимдин кесиби медик болгондуктан мага кайсы тамак жакпасын, ден соолугума зыян-пайдасын карап турат.
Акын менен айтышсам жеӊем, катыным менен айтышсам жеӊилем деп калам. Анткени аялзаты назик, алсыз жан келет эмеспи. Жубайымдын аты Нурзат. Экөөбүз ооруканадан таанышканбыз. Бир учурда ден соолугума байланыштуу тез-тез ооруканага жатууга туура келди. Ал менин жеке медайымым болуп, таанышып калдык. Жылдызыбыз келишип баш коштук.
Ортобузда үч балабыз бар. Улуубуз Эрулан 6, кызым Жайдары 5, кичүүбүз Адылхан 2 жашта.

Гүлбү Орозкул кызы, мурунку жубайы: «ЭЛМИРБЕК КУДАЙ БЕРГЕН ТАЛАНТКА ЭЭ»
-Элмирбекке талантты Кудай берген. Андай талантка, өнөргө эгедер адам сөзсүз өз ордун табат, ташты жарган чөп сыяктуу өнүп чыгат. Андыктан анын мындан ары да бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин.

Айдар Иманалиев, агасы: «ЭЛМИРБЕК 3 ЖАШЫНДА ТАМГА ТААНЫП, КИТЕП ОКУГАН»
-Элмирбек биздин эӊ кичүүбүз. Аны баарыбыз эркелетип, шоктонсо да урушпай өстүрдүк. Кичинесинде эле абдан зээндүү болчу. 3 жашында тамга жаттап, китеп окуп баштаган. Бир күнү үйдө тоют түгөнүп, туугандардыкына чөпкө бардык. Алардын үйүнөн Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосун көрүп, шарылдатып окуп кирсе 11-класста окуган эжебиз «ушул бала да окуй алабы?» деп таӊ калганы эсимде. Кеч киргенде «үйгө кетели» десем, «китепти алмайынча кетпейм» деп туруп алды. Өжөрлөнүп атып алган «Манасты» чоӊ энеме окуп берип жүрчү. Бир күнү эпосто жазылган Коӊурбай менен Манастын кармашын окуп жатса энем «бул жери китепте жок» десе, энеме таарынып окуп бербей койгон. Энем «Манастын Сайкал менен сайышка түшкөн жерлери бар» деп айтканын угуп калса керек. Бир күнү карасам «Сайкалды Манас бир сайды» деп эле кошуп манас айтып жатат. Элмирбекке «эй, эпосто мындай жери жок, мен бардык томун жакшы билем» десем, кызаӊдап уялып кетти. Азыр «агам антип айтпаса манасчы болот элем» деп айтып жүрөт. Чын эле ошондо баланын шагын сындырбаганда, балким, манасчы да болот беле деп ойлоп калам.

Амантай Кутманалиев, акын: «ЭЛМИРБЕК ӨЗГӨРҮП, КӨПКӨН ЖОК»
-Элмирбек жатаканага жаӊы келгенде мен концертте болсом керек эле. Ал жердеги балдар аны тамашалашып «Амантай бул жерди кармайт. Ал бөлмөгө киргенде байпагын бир жакка ыргытса, шымын башка жакка ыргытат. Сен унчукпай кийимдерин жыйнап, жууп, иреттеп кой» дептир. Ал менин сүрөтүмдү карап, «чын эле ушундай балабы, түрүнөн андай көрүнбөйт го?» деп ойлоптур. Менин келишимди күтүп коркуп отурган го, келип эле «оо, Тууганбай агам айткан бала сенсиӊби, жакшы келип алдыӊбы?» деп күлүп-жайнап кирип келдим. Амандашкандан кийин «канча жаштасыӊ?» десем, «14 жаштамын» деди. «Айылда эле жүрө бербейсиӊби, шаарда биз жыргап жатыппызбы. Карачы, эне сүтү оозуӊдан кете элек экен, оозуӊдан агып жатат» деп тамашалап күлдүм эле. Элмирбек башында кандай келсе ошол бойдон калды. Көпкөн да, кекирейген да жок.

Нурзат Абдырашитова, жубайы: «КӨӉҮЛҮМДӨГҮНҮ ИЗДЕП, МААНАЙЫМДЫ КӨТӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАТ»
-Мен биринчи жолу интервью берип жатам. Өзүм сөзгө чоркокмун. Чыгармачыл инсан катары Элмирбектин бизге көп нерсеси табышмак, ошонусу менен кызыктуу. Аябай жоопкерчиликтүү. Балдарым менен чогуу аны күтүп, сыйлап турабыз. Уулубуз Эруланды абдан жакшы көрөт. Кыскасы, жакшы ата деп айта алам. Мени да эч качан капа кылбай, көӊүлүмдөгүнү издеп, маанайымды көтөрүүгө аракет кылганын көп байкайм. Татаал, оор мүнөзү да жок эмес. Аны мен эмес, көптү билген, көптү көргөн адамдар да түшүнүүсү кыйын экенин айтышат. Албетте, бул дагы анын өзгөчө бийик сапаттарынын биридир. Көп нерсеге көзү жетет. Ага «сен врач болсоӊ абдан мыкты врач болмоксуӊ» деп айтып калам.

Дастанчы, манасчы, обончу болгонум менен, төкмөлүк баарынан жакын.

"Нурзат менин жеке медайымым болуп, таанышып калганбыз"

"5 бир тууганбыз. 3 кыз, 2 эркек. Бул сүрөттө агам Айдарбек менен".

Айзуура Иманалиева, кызы: "Атам сахнада кандай күлүп-жайнап жүрсө, жашоодо деле ошондой жөнөкөй адам. Ачуусу чукул, бирок бат жазылат. Бул сапаты мага да өткөн".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
07.09.2015. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
09-03-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
+8
жакшы майек болуптур,аябай жакшы адам экендиги жузунон корунуп турат мен ото сыйлайм бул кишини балдарыныз мн бактылуу болунуз.
07.09.2015. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+5
Өмүрүңүз узун болсун агатай.чыгармачылык ийгилик,максаттарыңыз орундалсын.
07.09.2015. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
06-03-2018 11:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жакшы маек болуптур. Эльмирбек байкени ото сыйлайм. Чыгармачылык ийгилик дагы да болсо, уй-булонуз менен бактылуу болунуз.
07.09.2015. 14:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
31-05-2015
Соӊку аракети:
24-12-2015 21:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын сыйлайм ото таланттуу.Бирок мага биринчи аялы жагат экоо аябай пара болмок.
07.09.2015. 14:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
28-06-2017 14:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaaaaap birunchu ayali ancha jaga berbeyt.. tandayi joktou bolup irdayt
07.09.2015. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+1
Коп жашаныз,бактылуу болуп!
07.09.2015. 17:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-08-2015
Соӊку аракети:
12-10-2015 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
,,Аруузатым"га окшогон ырлар кобуроок болсо ...
07.09.2015. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
375
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элмирбек байкени сыйлайм. Бир учурда муңдуу ырдап жүргөнүн көрдүм. Ичимден капа болдум. "Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы" дегендей баары аялдардан болушу керек.
07.09.2015. 21:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
23-03-2012
Соӊку аракети:
06-02-2016 00:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сизге кыргызымдын чыныгы сыймыгы
07.09.2015. 23:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
15-01-2016 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Нукура талант
08.09.2015. 04:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+1
Биринчи аялы,экинчи аялы деле жакшы аялдар!Элмирбек Иманалиев озу жакшы ошон учун,аялдары да жакшы!
08.09.2015. 19:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-01-2014
Соӊку аракети:
01-11-2015 00:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттынызга таазим ишинизге ийгилик! Сиз менен сыймыктанабыз элмирбек байке.
09.09.2015. 04:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-06-2012
Соӊку аракети:
17-08-2016 13:14
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыйын экенсин токмо акын ХХХ акын
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-09 10:34:57
09.09.2015. 10:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8170
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:57
Жынысы:
Белгисиз
0
alievna.1989 - 20 күнгө БАН!
Маани-маңызы жок, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
09.09.2015. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 03:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки аялы тен жакшынакай экен. Онорунуз оркундой берсин. Уулдарыныздын урматын кыздардын кызматын коруп уй булоонор менен бактылуу болгула
10.09.2015. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
22-07-2015
Соӊку аракети:
05-05-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
0шондо эки аялы менен тен жашайбы? Ажырашып кетишкен э
10.09.2015. 03:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Байке ишинизге ийгилик,кыздарыныздын балдарыныздын бактына ден соолукта болунуз,бир жолу Айзууранын интервью бергенин коруп ушунчалык созго чечен,акылдуу,ар бир созду орду менен суйлогонуно баа берген элем,Орозгул эжебиздин тарбиясы,сизден откон талант болсо керек деп ойлоп калдым.Бишкекте жургондо тан аткыча сиздин куйормандарыныз уй менен бир болуп ар бир созунузго маани берип,талкуулап угушуп олтурганын коруп аябай чыгармачылыгынызга баа бергем.
10.09.2015. 18:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
12-10-2015 11:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары абдан окшош экен ,Аман болунуз
11.09.2015. 19:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-08-2015
Соӊку аракети:
31-10-2016 19:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кок мелжиген тоолор арасында
0
Жакшы адам. Уй-булоонузго тынччылык,ишинизге ийгилик каалайм. Бар болунуз!
13.09.2015. 11:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
01-09-2015
Соӊку аракети:
23-09-2015 10:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдун сыймыгы бар болун,аман болун!
13.09.2015. 19:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
07-02-2016 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Ишиңизге ийгилик.Балдарыңыздын өмүрүн берсин.
14.09.2015. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Токмолук онорду олтурбой жургонунузго ыраазыбыз. Артыныныздан коп таланттар чыксын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: