Ушул жумада интернетте дагы бир жаңылык орун алды. Буга жаш ырчы Аянанын инстаграмдагы жеке баракчасына Амаль аттуу жигит менен кыналыша түшкөн бир нече сүрөтүн жүктөгөнү себеп. Ырчынын жанындагы жигит Мирбек Атабековдун «Суранамын, кечир мени» аттуу ырынын клибинде баш каармандын ролун жараткан. Экөөнүн сүрөтүн көргөн ырчынын күйөрмандары эки жаатка бөлүнүп, бири «Аяна, Амаль сени колдонуп жатат» десе, айрымдары "Эч кимди укпагыла, силер жарашыктуу түгөй болупсуңар" деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Кызуу талкууга алынган бул кабар тууралуу ырчы кызга байланышсак: «Бул менин жеке жашоом» деген кыска жооп узатты. Эмнеси болсо да жаштарга тунук махабат каалайбыз.