Август айынын аягында режиссёр Cүйүн Откеев менен "ЭлFm" радиосунун ди-джейи Расул Рахманалиевдин үй-бүлөлөрү бир мүчөгө көбөйдү. Дегенибиз, 27-августта Расул уулдуу болсо, 29-август күнү Сүйүн мырза үчүнчү ирет кыздуу болуп отурат. Режиссёр жашоосундагы жаңылыгы тууралуу: «Наристеме Сумая деген ысым ыйгардым. Кыздар күйүмдүү келишет эмеспи. Андыктан аябай кубанып жатам»,- деп билдирди. Айта кетсек, режиссёр буга чейин Айлин жана Назик аттуу кыздарын тарбиялап келген.