Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Тилмеч которду.
Курманжан ыраазылык билдире саал таазим кылды да, үнсүз баш ийкеп коштошуп, сары бээнин тизгинин кайра тартты. Жанагы келген сынында жайма-жай, коштогон кишилери менен коргондон чыгып кетти.
Бу эмне деген табышмагы?! Табактагы буюмдарга кызыга үйрүлө калышты офицерлер.
– Бу,- деп чечмеледи майор Ионов, – кичинекей кыӊырак – куралды таштаганы. А ачкычтар туптуура жетөө экен, Кокония өлкөсүнүн эӊ акыркы жети шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманген, Кожон!
«О-о..!». «Ушундайбы?!». Баары дуулдап калышты.
Кыштактан обочо кырка тарта кырк өргөө көтөрткөн экен. Ортодогу он эки канат чоӊ өргөөнүн эшигинде жалаӊ иргелгени болуу керек, айттагыдай аруу кийинген ак калпакчан кишилер кырка турушуп, таазим кыла улук меймандарды тосуп алышты.
– Биз келишер шартнаманын эртеӊки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз, Искебүл-паша, жоопкер кепил болгойсуз. Биз сизди гана карманабыз, урматы улугум.
– Кадырыӊыз жам болсун, урматы улук канике айым. Бул сүйлөшүүгө азирети ак пашабыздын өзүнөн мага кеӊири укук, бийлик берилген,- деп тактады генерал. – Ишендирип коёюн, Россия өз кол алдына караган калктарга кам көрөт, албетте, ал калктар империянын мүдөөсүнө каршыкпай турган болсо. Ушул кез – бүткүл дүйнөдө абал чалкештенип, жер бөлүштүрүп алып калуу кызыкчылыгы чоӊ өлкөлөрдү тике маӊдайлаштырып салган кез. Мына, силерге тияктан англистер көз артып, бияктан чириген кытай богдыханы беш салаасын сунуп турат. Ырас, ачык айтмак деркер, биякка келүүдө Россиянын да өз кызыкчылыгы жок эмес. Анын бири Россиянын өз тынччылыгына коркунуч боло турган англис-кытай кадамын тосуу. Эӊ биринчи силерге тиер көлөкөсү – бул Россия бытыранды өлкөӊөрдүн ички пайдасыз кымкуутун тыят. Тыштан, өзгөчө кытай тараптан тынымсыз боло келген кас экспансияны биротоло токтотуу вазийфасын өтөйт.
«Экспансия» деген сөзгө «жортуул» деп түшүнүк берди тилмеч.
Курманжан:
– Үч жолу калмактар жортуул кылган, ырас, үч жолу жеӊилип кайра кетишкен. Кытай... те Кумулдан нары жатат, ал жактан кийинки миӊ жыл ичинде жортуулчу келе элек.
Генерал Скобелев:
– Мындан нары келип калышы мүмкүн.
– Кудай билет,- деди Курманжан, – кытайлар үй ордундай жер менен үй-бүлөсүн баккан эмгеккор, топуктуу эл. Сысы эжекебиз биякка жортуул жибере койбойт го.
Генерал ойлонуп калды. Сөөмөйү менен окумуштуу-ориенталисин чакырып Сысы деген ким экенин акырын сурады. «Кытай өкүмдары, аял киши...». «О-го,- деди өзүнчө
генерал, – кара муну, кимди пеш кылып отурганын?!»
– Четке чыгып кеткен уулуӊуз Абдылла бекти кайра чакырбайсызбы, датка айым? Биз жоунгердин эрлигин кадырлайбыз, бизге душман болгонуна карабай. Ага деле биздин
пейили кеӊ улук пашабыздын кечирими болуп калышын эсиӊизге салам.
– Ал силерге «душман» эмес эле. Ал бар болгону өз үйүн, өз ата журтун, өз элин коргоого аракет кылган, урматы улугум. Эми жашырыны жок, кой дегенге болбой «кошуун жыйнайм», «көмөк табам» деген кыжалат айдап кеткен. Бирак эми ал баштагыдай дүпүрөгөн эли бар бекпи?! Эми ал элинен да, бийлигинен да ажыраган бир качкын. Качкынды ким ээрчийт? А ээрчиген кошууну жок, көксөгөн көмөгү жок болгон соӊ намыстуу бала кара жанын багыш үчүн, жеӊгендердин ыракымына баш урунуп келгенден көрө, ошол тентигенин абзел көрөт го дейм. Камтама болбогула, урматы улугум...
Наркы-берки мудаа, санаа эки жактан астелеп ортого салынгандан кийин үч түйүндөн турган шартнама окулду. «Эски хан ордону жоюу, өлкөнү Россия империясынын кол алдына өткөрүү, бул элге карамагындагы башка тайпа журттар катары кам көрүү»...
Крманжан ылдый тиктеген калыбында көпкө дейре отуруп калды.
– Ыкыбалдуу төрөлөр, бу Бухара, Хийва ордолору жоюлбай этпей эле орустун ыгына алынды дейт го?!
Скобелев түшүндүрдү.
– Себеби мындай – алардын өлкөнү бытыраткан ич ара чатагы жок, өкүмдарлары азырынча эсен-соо турат. А биерде өзүӊүз билесиз, жааттардын эсеби жок, ар бири ар жакка чоёт. Өлкө Империянын башкаруусуна өткөрүлсө, бири баш көтөрүп көрсүнчү?! Катыран тыйылат! Демек, элиӊер тынчыйт...
Буга каршы жүйөнү кайдан табат Курманжан? «Э-э... келип-келип эле өзүбүздүн ынтымактын жоктугу буларга жүйө, себеп болуп жатпайбы, аттиӊ ай...»
Ал «дагы бир ойго кулак тута аласыӊарбы?» деп суранды:
– Жергилик элдин жашоо түрүнө, туткан динине кысым болбосун. Көтөрүлүшкө мурда катнашы болгондугу үчүн элди жазалоо, өрттөө тезинен токтотулсун. Куугун жеп бозуп кеткен элдин өз жерлерине кайтып келишине тоскоолдук болбосун, тынч тиричиликке өтүшүнө шарт берилсин!
«...башында таажысы барлары мындай талап коё алышкан эмес эле, бу кемпир...» деп баш чайкайт генерал.
Акыры макул болушту.
– Биз абдан тереӊ кеӊештик, датка айым, айткан талабыӊызды орундуу деп таптык, макул болдук!
Майор Ионов, сүрөтчү Верещагин, ориенталист окумуштуу Васильев шартнаманын жаӊы үлгүсүн даяр кылышты.
Шартнама
1. Эски хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жакка теӊ ылайык болбойт.
2. Жети шаарлуу Кокония өлкөсүн Россия империясынын карамагына эки жак теӊ өттү деп эсептейт.
3. Жергилик журттун жашоо тирилигине, туткан динине Россия акимчилиги тарабынан кысым кылынбайт.
4. Көтөрүлүшкө мурунку катнашы үчүн өлкөнүн калкын жазалоо токтотулат, колго түшкөн же өзү келип кабылган көтөрүлүшчүлөр азат болунат, куугун жеп бозуп кеткен
элге кайра өз жерлерине кайтышка, тынч тириликке өтүшүнө шарт берилет.
5. Россия өз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу Жети шаарлуу өлкөнүн журтуна да кам көрөт.
Шартнамага генерал Скобелев кол койду. Курманжан «Курманжан датка айым» деп жазылган күмүш мөөрүн басты.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан