Президент Алмазбек Атамбаев: «БИЗ БАШКА ЖЕРДЕ, БАШКА ӨЛКӨДӨ ЭЧ КАЧАН БАКТЫЛУУ БОЛО АЛБАЙБЫЗ»

«24 жаш – мамлекет үчүн баланын жашы»,- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта. Ал өз сөзүндө ички-тышкы саясат жана октябрда өтчү парламенттик шайлоого токтолуп өттү. Биз анын урунттуу учурларына кайрылдык.
– Бир кезде Памир тоолорунан Байкөлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын чачырап кеткен бөлүктөрүнүн бири болгон Ала-Тоо жергесинде 24 жыл мурда кызыл туу желбиреп, Кыргыз Республикасы көз жарды. Туура 5 жыл мурда, 2010-жылы, өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп Жаратканга жалынганым эсимде.
Эми беш жыл өткөндөн кийин, Кудайга рахмат, өлкөбүзгө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Тынчтык менен ынтымактын артынан акырындан өнүгүүгө жол ачылды. «Кыргызстан мамлекет болбой калды» деп табалаган «көзү ачыктардын» тилеги таш капты. Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды.
Жазуучулардын бири айткандай: «Биз ким элек, ким болдук?» 5 жыл мурда өлкө кандай акыбалда эле? Салыштыруу мүмкүн эмес. Дагы 5 жыл өтөр. Ал кезде элибиздин аң-сезими дагы өсөт, Кудай буюрса, өзгөргөн, өөрчүгөн, өнүккөн өлкө болобуз. Анткени жергебизде ар бир адамдын кайсы жагынан болбосун өсүшүнө шарт түзүлдү. Кыргызстан региондо эң эркин өлкө болуп калды. Эми эң өнүккөн өлкө болушубуз керек.
Кыргызстан азыркы бир калыпта туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек. «Сабырдын түбү –
сары алтын» дегендей, эрикпей кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, жакшыны жакшыга улап, улам өр тартып жүрүп отурганыбыз туура. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтам: сырттан бирөөлөр бизге ынтымак алып келет, бизди өнүктүрөт, жыргал заманга жеткирет деген – жалган, жаңылыш көз караш. Биз ар кимден суранбай, тиленбей, өз жаныбызды өзүбүз багышыбыз керек, өз мамлекетибизди өзүбүз бекемдешибиз керек.
Элибизде «ырыс алды ынтымак» деп айтылат. Биринчи кезекте өлкө тынчтыгын, жалпы элдик ынтымакты бекемдөө милдети турат. Дүйнөдө, ушул эле тегеректе кандай кыйратуучу окуялар болуп жатканын күн сайын көрүп жатасыздар. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер бүлүнүп, жок болуу абалына кептелди.
Мындай жагдайда тынчтык менен ынтымакты туу тутууга милдеттүүбүз. «Үйүндө ыркы жоктун сыртта сыйы жок» дегендей, ич ара ыркыбыз бузулуп турса, бири-бирибиз менен жакалашып турсак бөлөк-бөтөнгө сөз, душманга таба болобуз.
Азыр дүйнө жүзү тынч эмес. Саясатчылар депутаттык орун талашып, өз ара тытышып жатканда Кыргыз мамлекетине тыштан келип жаткан коркунучтар улам өсүүдө. Бизди өткөн Айт күнү чоң кырсыктан Кудай гана сактады. Бирок Жараткан сактанганды сактайт.
«Өлкө сен үчүн эмне жасады деп сураба, мен өлкө үчүн эмне жасадым деп сура» деген сөз бар. Душмандардын чырагына май тамызып, өзүбүз менен өзүбүз тытышып, ынтымагыбыз ыдыраса, түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнсөк, анда кудуреттүү Кыргыз мамлекетин кантип курабыз?!
Жакында парламенттик шайлоо болот. Бул биз үчүн дагы бир чоң сыноо. Жаңы шайлана турган парламентке мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген, өлкөгө жөлөк, тирек боло турган, элине ак кызмат өтөй турган адамдар шайланса экен деп тилеп жатабыз. Бул шайлоо өзгөчө мааниге ээ, анда Кыргызстандын келечеги аныкталат. Өлкөбүз, элибиз азыркы жолун улап кетеби же бийликке кайрадан кара күчтөр, уурулар келеби? Мунун бардыгы ушул шайлоодо чечилет.
Биз өлкөбүздү мындан ары чыңдайлы десек, анда сөзсүз таза шайлоо өткөрүшүбүз керек. Шайлоону өткөрүүдө эски кейпибизди кийсек, анда элибиз шайлоонун артынан бөлүнгөн, жарылгандын гана үстүндө болот! Биз буга жол бербешибиз керек!
Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссия, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү шайлоонун таза өтүшү үчүн башы менен жооп берүүгө тийиш!
Шайлоо болгон соң атаандаштар бири-бирине сын айтышат. Популизмге алдырып, аша чаппайлы. Сын айталы, бирок сындырбайлы. Бийлик үчүн элибиздин биримдигине, мамлекетибиздин тагдырына балта чабам деген бузукуларды, канкор кузгундарды ээрчибейли! Алар кимдер экенин элибиз да жакшы билип калды.
Биз бактылуу элбиз! Ушундай татаал мезгилде, миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер урап жаткан кезде биз жергебизде өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибизди куруп жатабыз!
24 жаш – мамлекет үчүн баланын жашы. Ата-эне баласын кандай сүйсө, биз да мамлекетибизди ошондой сүйүшүбүз керек! Жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына кайгырып. Батыраак бутуна туруп кеткенине жардам берип.
Бул биздин карегибиздей болгон Мекенибиз! Жападан-жалгыз Мекенибиз! Биз башка жерде, башка өлкөдө эч качан бактылуу боло албайбыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kubat_1973
2015-09-07 10:36:00
24 жыл баланын жашы деп баланын созун суйлогондун кимге кереги бар.24 жыл бир мамлекет учун бутундой бир доор бир жашоо ынтымак деп гулдотобуз деп уч президент катары менен бакта кооз сайрап жерге тушуп бок чокуган булбулдай эле сайрап келесинер кылган ишинерден дайын жок.Миллиарддаган эли эли бар Кытайды День Сьяо Пинь он эле жылда кооз суйлобой эле оз бала огой бала деп болбой ак мышыкпы кара мышыкпы чычкан алса болду деп эл учун иштеген азаматтарды колдоп аттап тондоп азыркы денгээлге которду. Назарбаев деле кооз ураан угутсуз эле идеология издебей эле "Тек гана алга"деп коюп осуп онугуп баратат.
0
kubat_1973
2015-09-07 10:42:47
А биздин эл болунбой сопсонун турмуш кечирип келет тундук туштук деп элди болуп жарган да ойдодогу саясатчылар президент премьер депутаттар. Сиз айткандай келечекке балта чапчу бузукулар да ошолор карапайым элди жон оз оюна койсонор болуп жарбай оз турмушун да олкону да которуп алганга кудурети жетмек.Шайлоонун айынан кыргызды кыркка тугул жузго болгон эл Тургай бир уй булону уруштурган да ушул саясатчыларсынар.Аягында кайра эле куноолуу болгон да карапайым эл.
+1
zhusaliev89
2015-09-07 17:30:26
Атамбаевди жаман дебейм бирок иштей албай жатат
+1
anyay
2015-09-11 13:04:38
эн туура, оз уйум - олон тошогум, буга эмне жетсин
0
aiur
2015-09-12 12:48:32
Жакшы эле иштеп жатат
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан