«ДОСУМДУ ТАППАЙ КЕЛЕМ»
– Мен Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Аманбаев айылынын тургуну, досум Эрмек Чыныбаевди издеп келем. Ал экөөбүз 2009-2011-жылдары Жоон-Дөбө айылындагы №13-Чолпонбай Түлөбердиев атындагы лицейде окуп жүрүп достошконбуз. 2011-жылы мен Токмок шаарына окуганы кеткем. 2013-жылы Эрмек Ош шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөндө акыркы жолу сүйлөшкөнбүз, андан кийин байланышыбыз үзүлүп калган. Эрмек, мени менен байланыш.
Нурлан Абдиев,
тел.: 0553 96 96 08
«МИРЛАН БАЙКЕНИ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– Будёновкадагы Кеӊеш айылынын тургуну, Ауди айдаган Мирлан байке, сиз берген телефон өчүк болуп жатат. Дөӊгөлөк ачкычыӊызды берип, паспортумду алат элем.
0705 78 15 05 номерине чалып же маяк кылып коюӊузчу, сураныч.
Адилет.
«ЖЕӉИШ, ОКУП КАЛСАӉ МАГА БАЙЛАНЫШ»
– 2010-жылы Бишкектен Орусиянын Красноярск шаарына автобус менен барган элем. Жолдо автобус бузулуп калып, кышында Казакстандын чөлүндө калып кеткенбиз. Ошондо ичерге суубуз, жегенге наныбыз калбай, Жеӊиш аттуу жигит бизге акчалай жардам берген эле. Ал «Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Токтогул сейил багынын артындагы 3-көчөдөгү 3-үйдө турам. Азыр Москва шаарында иштеп жүрөм» деген эле. Жеӊишти ошондон бери издеп келем, анын фамилиясын да билбегендиктен социалдык тармактардан да таба албадым. Мен азыр Москва шаарындамын. Жеӊиш, окуп калсаӊ мага байланыш.
Тел.: +79258209115
Гүлсара Мамаева [mamaevagulsara@mail.ru]
«КАНАТ, МАГА БАЙЛАНЫШ»
– Саламатсыздарбы?! Мен досум Канат Дайыровду издейм. Биз 1981-жылы Орусиянын Архангельск шаарында аскер кызматын бирге өтөгөнбүз. Канат, мага байланыш.
Мидин, тел.: 0550 17 63 96
«КЛАССТАШТАР, КАЙДАСЫӉАР?»
– Урматтуу «Супер-Инфо»! Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейин 2002-жылы бүтүргөн Назгүл Тулеева, Анархан Калыгулова жана Индира Жумабекованы издеп жүрөм. Курбулар, окуп калсаӊар байланышкыла.
Нуржан Абакирова,
тел.: 0708 99 90 83
«ДОСУМ КЕМЕЛДИ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1974-1976-жылдары Казакстандын Аягуз шаарында, кийин Алматы-2де аскердик кызматты чогуу өтөгөн чүйлүк Кемел деген досумду издейм. Аскерден келгенден кийин байланышыбыз үзүлүп калган. Кемел, окуп калсаӊ байланыш.
Ысык-Көлдөн Жумабек,
тел.: 0705 73 28 01
«АСКЕРДЕ ЧОГУУ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен Баткен облусунун Төрт-Күл айылынын тургуну, досум Имар Тагаевди издеп келем. Ал экөөбүз 1985-1987-жылдары Германияда аскердик кызматты чогуу өтөгөнбүз.
Каныбек Чыйбылов,
тел.: +79091816811
«САЛАМАТТЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– 1978-жылы Жети-Өгүз районунда туулган Саламатты издейм. Анын Улукбек, Беклан, Нурбек деген достору бар болчу. Саламатты тааныгандар болсо, телефон чалып же электрондук дарекке жазып койгулачы, сураныч.
Юлзана Баратова,
тел.: +79248619631
электрондук дарек: ylzana1@gmail.com
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28