Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 1-сентябрда, окуу жылынын башталышында, президент Алмазбек Атамбаевден сын угуп шаабайы сууду. Борбордогу мектептердин биринде окуу жылынын башталыш салтанатында сүйлөп жаткан Алмазбек Шаршенович билим, мектеп маселесинен тышкары Бишкектин шаар башчысынын жумушуна канааттанбай жатканын да айтып өттү. «Жыл аягына чейин шаардагы таштанды маселесин чечпесеӊиз анда өзүӊүзгө ылайыктуу жумуш издеӊиз. Дагы 3-4 айыӊыз бар»,- деп эскертти ажо шаар башчысына. Баш калаанын таштандыларга көмүлүп жатканын айтып, өз убагында чыгарылбай, челектерден ашып-ташып жаткан акыр-чикирди сүрөткө тартып, жазып жаткан шаардыктардын нааразычылыгы президенттин да кулагына жеткен көрүнөт.
Негизи Атамбаевдин сыны жөн жерден бийик тондо айтылбады. «Кулматов жакында ээрден шыпырылат. Ажо анын ишине канааттанбай жатат» деген шыбыш Ак үйдүн кабинеттерин аралап жүрөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg