Байкоочулардын айтымында, 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында буга чейинки өткөн шайлоолордон партиялардын короткон каражаттары боюнча эӊ кымбаты болот.
Каражат коротуу боюнча алдыда Бакыт Төрөбаев баштаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы баратат. Шайлоо фонду көп сумманы түзгөн партиялардын катарында кийинки болуп «Республика-Ата Журт» турат. Партиянын каражаттын көбүн сактап отурушканына караганда негизги чыгымдарды шайлоого жакын же шайлоо күнү жасайт. Өмүрбек Чиркешовичтин «Ата Мекени» да шайлоого көп каражат короткондордун катарында.
Партиялардын арасында эӊ эле жарды болуп турганы азыр Карганбек Самаковдун «Биримдик» партиясын кошуп алган Шамшыбек Медетбековдун «Кыргызстан элдер конгресси». 1-сентябрга карата партиялардын канча коротуп, канча каражаты калганын төмөндөгү таблицадан көрө аласыз.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg