Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого катышпай турган болду. БШК шайлоо эрежелерине таянуу менен жогорудагыдай чечим чыгаруу аркылуу сыртынан соттолгон экс-мэрди «Ата Мекен» партиясынан талапкер катары каттоодон баш тартты.
Буга чейин коомчулукта Мырзакматовдун шайлоого барар-барбасы талкуу жаратып жаткан. «Ата Мекендин» ана башчысы Өмүрбек Текебаев «Мырзакматов тизмеден чыкпайт» деп билдирип келген эле. БШКнын жогорудагыдай чечиминен соӊ партия «Мырзакматовду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алып, БШК мыйзамдуу укуктарынан аша чапты» деп билдирүү таратты.Эске салсак, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, кийинчерээк облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg