АКШ ДА ОШТОГУ ИЮНЬ КАРГАШАСЫН БАКИЕВЧИЛЕР КЫЛДЫ ДЕГЕН ОЙДО

Келерки жылы АКШда өтчү президент­тик шайлоодо негизги фаворит болуп турган Хиллари Клинтондун мамлекеттик катчы болуп тургандагы кат алышуулары ачыкка чыкты. Бул каттарда Кыргызстандагы 2010-жылдагы абал да кеӊири талкууланган.
Хиллари айым 2010-жылы Нью-Йорктогу Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын башчысы Скотт Хортон менен биздин өлкө тууралуу жазышкан. Кыргызстанга келип кеткен Скотт Хортон өз каттарында 2010-жылдагы Кыргызстандагы бир катар кырдаалдар тууралуу билдирген. Анда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон Атамбаев менен Бекназаров өз ара кагылышып жатканы, ошондой эле Бекназаровдун Сариев менен мамилеси да жакшы эмес экенин жазат. Буга катар Июнь окуясында улуттар аралык кагылышууга Бакиевдин тиешеси болушу мүмкүн экендигин айтат. Скотт Хортон АКШнын Кыргызстандагы авиабазасына тиешелүү маселеде Убактылуу өкмөт мүчөлөрүндө ойлор кайчы болуп жатканын маалымдайт. Алсак, Роза Отунбаева баштаган топ базаны калтырууга макул, бирок Кыргызстанга келтирүүчү экономикалык пайдасы ачык көрсөтүлүүсү керек деген пикирде экендиктерин, Бекназаров баштаган топ популисттик ойдо жана Атамбаевде да АКШнын авиабазасына байланыштуу популисттик ойлор бардыгы, бирок Бекназаровго караганда популизмге алдырбай турганы айтылган. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева бул маселени чече алса керек деген ойлорун билдирген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
uulay
2015-09-07 11:48:32
Бекердин бешин айтыптыр. АКШ да уйронгон окшойт бизден,эмне болсо эле Бакиевге шылтап. Сиздердин шарапатыныздар мн болгон ошол окуя дагы.
+11
Nurluujan16
2015-09-10 01:21:35
uulay,АКШ КГге кошомат айтып кайра тил табышайын деп жатат.
+1
edelveis0088
2015-09-07 12:50:06
бироонун ичи каттуу отуп кетседа Бакиев куноолуу болот...
+3
adjo_krsu
2015-09-15 20:21:44
edelveis0088, ха ха ха туура айтасыз....)
0
kanykeim
2015-09-07 17:02:23
Хиллари менен Скотт кайдан билет экен Сариев м/нБекназаровдун мамилесин
+3
marmiladka9
2015-09-07 17:25:09
ушу АКШынын эле калды эле оюн айтпаган!
+1
admin_portal
2015-09-07 17:31:02
bazarkyl, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот, рахмат!
0
zhusaliev89
2015-09-07 17:33:22
Жомокторду айтаберишет
0
bolotbai
2015-09-07 21:11:27
Ушулардын боюна бутуп калса да Бакиевден корушот эми.Бакиевге асылбай эле жон журсо болот да.Бакиев деп Хиллари менен Скоттко биздин кыргыздардан эле бироо жарымы ушактаган да.Болбосо алар кайдан билет Курманбек Салиевичти.
0
Gulzat86
2015-09-07 23:40:51
Эмии мындайча айтканда саясаттын сасыган оюндары чыгып келген и чыга бермекчи.Сырттагы эл билбесе да ичибиздеги саткындар кабардар кылып тургандыр да.дагы ким билет дейсинер.Бирок Оштун ошол абалы эсиме тушсо дагы деле ыйлагым келет.Ким кылса да жооп берчу кун келет.
0
Likvidator
2015-09-10 10:02:42
Бул созу менен Атамбаевке жагынып, Отунбаева "биздин адам" дегенди кыйытып жатат.
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан