Орусиянын «Газпром» ААКсынын башчысы Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда Кыргызстан кыштан аман чыгарын айтты. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри эмес, Кыргызстандын өкмөт башчысы да эмес, Орусиянын ири монополдук компаниясынын башчысы бизге кыштан аман чыгып-чыкпасыбызды айтып жатат. «Жакында кыргыз өкмөтүнө кышка даярдык боюнча маалымат беребиз. Өткөн жылдагыдай эле быйылкы кыштан да мыкты чыгабыз»,- деди Миллер.
Көгүлтүр оттун тагдыры толугу менен Орусиянын карамагында, жакынкы жылдарга курулушу белгиленген ГЭСтер менен кошо электр энергия тармагы да Москванын Бишкекке таасир көрсөтүүчү кнопкаларынын бирине айланат, күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү да Орусиядан келет. Атүгүл жогорудагы жолугушуу 31-августта өтүп, кечке жуук Эгемендүүлүк күнүнө арналган Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы концерт «Газпром» компаниясынын каржылоосу менен өттү. Мунун баары Кыргызстан Орусияга көз каранды болуп бара жатат деген сындарга жем болууда.
Датка-Кемин жогорку чыӊалуудагы электр өткөргүч чубалгысын ишке киргизүү менен Өзбекстан жана Казакстанга көз карандылыктан кыйла кутулдук деп сүйүнүп жатабыз. Бирок ошол эле энергетика тармагында Орусияга көз карандылык күндөн-күнгө күчөп баратат. Өлкөнүн энергетикалык тармагы стратегиялык мааниге ээ. Аталган тармакты орусиялык компаниялардын көзөмөлүнөн акырындык менен чыгаруу үчүн кыргыз бийлиги гидроэнергетикалык тармагын кризистен чыгаруусу, өнүктүрүүсү зарыл.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg