КАЛЕМПИР ТУЗДОО – ОӉОЙ БИЗНЕС

Жашылчалар бышып турган маалда, башкача айтканда, алар арзан кезинде киреше таап калганга эмнеге болбосун. Бишкектеги «Ош базарында» жашылча сатып эмгектенген Элмира Сопуева болгар калемпирин туздап сатуу бизнеси боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

«БАШКА ЖАШЫЛЧАЛАРГА КАРАГАНДА ТУЗДАЛГАН КАЛЕМПИРДЕН КИРЕШЕ ЖАКШЫ ТҮШӨТ»

– Элмира, айтсаӊыз, канча убакыттан бери калемпир туздап сатасыз?
– Башында күнүмдүк тамак-ашка колдонгону эле аз-аздан туздачумун. Кээде үйдө түгөнүп калган учурда базардан сатып алабыз го, ойлосом анткенде кымбатка түшүп калат экен. Анан өзүм жашылча саткандан кийин туздалган калемпирди да сатып көрөйүн деп сатыкка чыгаргам. Калемпир туздап сата баштаганыма 5-6 жыл болуп калды. Көп эмгекти деле талап кылбайт.
– Көп эмгек талап кылбаган жумуштан кандай пайда түшөт экен?
– Чынын айтканда, башка жашылчаларга караганда туздалган калемпирден киреше жакшы түшөт. Анткени бир даярдап алсаӊ, жыл бою сата бересиӊ. Азыр жашылчалар бышып, арзан болуп турган маалда, анын үстүнө күн ысык болгондуктан 5-10 килограммдан эле туздап сатыкка чыгаруудамын. Кышкысын туздалган калемпир жакшы өтөт. Буюрса, бир-эки жумадан кийин кышкыга 500-700 литрлик тамак-аш үчүн пластмасса челектерге (бочка) туздап баштайм. Ал челектердин баасы 1000 сомдон 1700 сомго чейин. Бир сатып алып койсоӊ бир нече жыл кызмат кылат.
– Калемпир чирип, эзилип кетпегендей кылып кантип туздаш керек, ошол тууралуу айтып өтсөӊүз. Жуубай туздаш керек, антпесе эзилип калат деп уктум эле...
– Мен жууп-тазалап, суусун сарыктырып туруп эле туздайм. Катуу, бир жеринде да тагы жогун тандасаӊыз чирип, эзилип кетпейт. Эгер эч нерсе болбойт деп үзүлгөнүнө көп убакыт өткөн, чүрүшкөн, тактары бар бир-эки калемпир кошуп жиберсеӊиз, алар өзү гана чирибестен, жанындагылардын баарын кошо чиритет. Калемпирди туздоо боюнча айтып өтсөм (5 килограмм):

1. Болгар калемпирине өзүнчө, жусайга өзүнчө сыр идиштерди алып, таза жууп, кургатабыз.
2. Жусайды жууп-тазалап, суусун жакшылап сарыктыруу керек. Андан соӊ сыр идишке жусайды араларына 5-10 аш кашык туздан себелеп катар-катар салабыз. Үстүнө жайпак тарелканы көмкөрүп, идиштин капкагын жаап, таш менен бастырып коюу зарыл.
3. Болгар калемпирин сабагынан, данегинен ажыратып, таза жууйбуз. Суусун сарыктырып алган соӊ ар биринин ичине 1 аш кашыктан туз салабыз. Сыр идишке тыгыз кылып тизип, бир аздан соӊ таш менен бастырып коёбуз.
4. Калемпирди муздак жерге 1 жума койгондон кийин идиштерди ачып, 2 даана калемпирди бириктирип теӊ ортосунан жусай менен ороп чыгабыз. Кайра бир идишке салып, дагы 2-3 күн муздак жерде сактоо керек. Андан соӊ калемпирлер сатыкка даяр болот.
Туздалган калемпирлерди муздак, караӊгы жерге (кампа жана башка) койсо көпкө сакталат.

ЧЫГАША – КИРЕШЕ
Кызыл болгар калемпир – 5 килограмм (15 сомдон 75 сом)
Жусай – 1 килограмм (25 сом)
Туз – 2 килограмм (20 сом)
Керектелүүчү сумма – 120 сом

ЭГЕР 1 ТОННА КАЛЕМПИР ТУЗДАЙМ ДЕСЕӉИЗ
1 тонна болгар калемпир – (15 000 сом)
Жусай – 200 килограмм (5000 сом)
Туз – 400 килограмм (4000 сом)
Керектелүүчү сумма – 24 000 сом

САТЫККА ЧЫГАРУУ
1 килограммда 12-13 даана калемпир болот. 5 килограммда болжол менен 60 даана калемпир бар деп эсептесек, орогондо 2ден даана биригип, 30у сатыкка чыгат.
Жуп калемпир – 15 сомдон сатылат. 30у – 450 сом.
Кеткен чыгашаны алып салсак 450-120=330 сом таза киреше.
1 тоннада болжол менен 12 000 даана калемпир бар дейли. Туздап, экиден бир кылып орогондо 6000 даанасы сатыкка чыгат.
6000х15=90 000.
Чыгашаны алып салсак
90 000-24 000=66 000 сом таза киреше.
Туздоо үчүн колдонулуучу челектердин баасы кошулган жок.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kutucsha
2015-09-07 18:34:03
Жусай жок даааа......
0
Ledi89
2015-09-08 14:24:58
Азаматсыз,бизнесиниз онуго берсин,жок деп отургандан коро жоктон бар кылган Эже экен.
+2
aidin15
2015-09-08 22:49:55
болгар калемпирин тигинен тизебизби же туурасынанбы, билгендер жооп жазып койгулачы
0
Altynym
2015-09-09 09:29:13
aidin15, мен туурасынан тизип туздайм. Бирок тигинен да тизип кором го ушунусунда)
0
aidin15
2015-09-09 17:32:35
Altynym, рахмат. Азыр жасап коройунчу.
0
Aselim
2015-09-10 12:21:07
aidin15,Туурасынан да, тигинен тизсен таш менен бастырганда формасын жоготпойбу сынып
0
Rifle
2015-09-11 17:57:32
Акылдуу аял экен. ийгилик!!!
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан