Ашкөк, петрушка, райкан, сельдерей сыяктуу көк чөптөр тамак-ашты даамына чыгарат. Бул чөптөрдүн курамындагы пайдалуу заттарды жоготпой сактоо тууралуу кеӊештерге көӊүл буруӊуз.
ЧӨП + МАЙ
1. Чөптөрдү майда туурап, атайын муз тоӊдуруучу контейнерлерге бөлүп салабыз.
2. Үстүнө зайтун майын же каймак май (сливочное масло) куюп, муздаткычтын тоӊдуруучу бөлүгүнө коёбуз.
3. 2-3 сааттан кийин чөптөрдүн тоӊгон бөлүкчөлөрүн оозу жабылган идишке салып, муздаткычка коюп коюӊуз. Тамак бышардын алдында 1-2 даанадан салып колдоно бересиз.
ЧӨП + ТУЗ
1. Көк чөптөрдү кесек-кесек кылып туурап, 400 грамм чөпкө 100 грамм туз салып аралаштырабыз.
2. Алдын ала жуулуп, бууланган айнек банкаларга чөптөрдү ныгырып салуу керек, суусу жакшы чыгышы үчүн.
3. Банканы 1-2 күн бөлмө температурасында, андан кийин муздаткычта сактоо керек.
4. Тамак бышырып жатканда чөптөрдүн туздуулугун эске алуу оӊ.
ЧӨП + ШАМАЛ
Көк чөптөрдү ичке боо-боо кылып байлап, көлөкө жана шамалдап турган жерге илип коюу керек. Күн тийген жерге кургатсаӊыз бат эле саргарып кетет.
Ак баракка (гезиттин барагына эмес) көк чөптөрдү жуубай туруп жайып, көлөкө жана шамалдап турган жайга коюӊуз. Эгер чөптөрдү жуусаӊыз, саргарып, чирип калат.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg