Парламенттик шайлоону утурлай чоӊ казатка аттанган партиялык лидерлерден «Азаттык» маек алууга киришти. Боршайкомдун талапкерлер тизмеси менен күрөө тапшыруу боюнча элегинен өткөн 14 партиянын тизмелери учурда ИИМдин тыкыр иликтөөсүндө. Тагыраагы, талапкерлердин буга чейин соттолуп-соттолбогондугу каралып жатат. Мында Мелис Мырзакматовдун шайлоого катышуусу же катышпасы талкуу чордонун ээлөөдө. Ага кошумча тагдырдын тамашасыбы, айтор, Мырзакматов менен катар экс-башкы прокурор Аида Салянова да бир тизмеде шайлоого аттанганы турат. Өмүрбек Текебаев бул кырдаалды кандай түшүндүрөрү жалпыга кызык болду.
– Саламатсызбы? Алгач сизден бир өтүнүч, суроолорубузга буйтабай, кыска, анан так жооп берсеӊиз. Анда суроолорду баштайлы. БШК сиздердин талапкерлер тизмесинде 3-болуп бара жаткан Мелис Мырзакматовду каттабайбыз деп чыкты, а сиздер болсо «каттатыш үчүн аягына чейин барабыз» деп жатасыздар. Сиз эмгек сиӊирген юрист болуп туруп, соттун 2-инстанциясындагы чечим чыккан адам талапкер боло албасын билсеӊиз керек. Же бул Мырзакматовдун электоратын алууга болгон аракетпи?
– Биринчиден, «Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» кызматташуу боюнча келишимин түзгөндө, Мелис Мырзакматовду биринчи инстанциядагы сот соттой элек болчу. Келишим түзүлгөндөн кийин аны шашылыш түрдө бүт мыйзам эрежелерин бузуу менен соттоду. Муну адилет эмес сот деп коёт. Ал эми Курултай Мырзакматовду тизмеде 3-орунга койгондо, шашылыш түрдө 2-инстанциядагы сот чечими күчүнө кирди. Сиз айткандай, мен эмгек сиӊирген юристмин. Мырзакматовдун иши атайын ойлоп чыгарылган саясий мотиви бар иш, ошондуктан биз Мырзакматовдун талапкерлигин өзүбүз албайбыз.
– «Аягына чейин барабыз» деп жатпайсыздарбы? БШК соттолгон адам талапкер боло албайт деген принципте турат. Тизмеден чыгарса сиздер макулсуздарбы же каршылык көрсөтүү аракеттери болобу?
– Биздин макул эмеспиз деген позициябыз кала берет.
– Сиз тизмеден чыгарын көрүп эле турасыз. Мыйзам боюнча тизмеден чыгарылат да...
– Ал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат. Ал жерде да бир пикир бүгүн жок.
– Түшүнүктүү. Кийинки суроо, ошол эле сиздердин талапкерлер тизмесинде башка атка жамынгандарды «Азаттык» жакында эле шардана кылды. Маселен, БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Клара Гүлнара Самат деген ат менен, Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов Элтуйбасов деген фамилияга жамынып баратканы белгилүү болду. Буга кандай комментарий бересиз?
– Элтуйбасов жөнүндө айтсак, ал өз талапкерлигин алды.
– Ушул макаладан кийинби же коомдук пикирден кийинби?
– Коомдук пикирди да эске алды десек болот. Бирок алынды. Ошондуктан ал маселе жок. Экинчиси, Клара Кабилова жөнүндө. Кабилова бүгүнкү партия лидерлери сымал эле ошол эле Адахан Мадумаров, ошол эле Аскар Салымбеков, ошол эле Алмазбек Атамбаев, ошол эле Феликс Кулов, ошол эле Алтынбек Сулайманов же Игорь Чудинов сыяктуу Бакиев убагында чоӊ кызматта иштегени чын. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон. Бирок бир жылдан кийин жергиликтүү шайлоолор убагында Максим Бакиев менен конфликт болуп, анын айтканын жасабай, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарына мыйзам бузууга жол бербей койгону үчүн аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Кабилова өмүрүнө коркунуч туулганда Кыргызстандан Орусияга качып чыгып кеткен. Качып чыгып кетип жатып кокусунан өлүп калсам кимдерден көргүлө деген билдирүүсүн жаздырып, оппозициянын, менин колума таштап кеткен. Көп өтпөй оппозициянын өкүлдөрү, азыркы премьер-министр Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Алмамбет Шыкмаматов, мен болуп Москвага барып Бакиевдерге каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. Ал ошол 2008-жылдан бери бакиевдик режимге каршы өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша күрөшүп келген. Азыр биздин партиянын тизмесине кирди. Анткени бизди 30га жакын мигранттардын уюму колдоп жатат. Ал 30 уюм 5 талапкерин биздин партия аркылуу жылдырып жатышат. Ошол мигранттардын бири Клара Кабилова. Ал аты-жөнүн Бакиевден качып жашынып жүргөн убакта өзгөрткөн экен.
– Дагы бир суроо. «Ата Мекен» партиясы шайлоодо элдин добушун алуу үчүн идеялардан, принциптерден баш тарткандай. Сиздердин тизмени карасак, Мелис Мырзакматов жана ага кылмыш ишин козгогон мекемени башкарган Аида Салянова бир тизмеде баратат. Анан мунун моралдык жагы кандай? «Ата Мекен» позициядан, принциптерден тайдыбы?
– «Ата Мекен» принциптерден тайган жок. «Ата Мекен» элде авторитети бар, Кыргызстандын патриоту болгон адамдарды бир тизмеге жыйнады. Тизмедеги 90 пайыз адамдар биздин партиянын мүчөлөрү. Союздаштардан келген 10-15 пайыз гана талапкерлер бар. Союздаштардан Садык Шер-Ниязды алалы. Бул өзүнчө гигант. Кыргыз маданиятын «Айтыш» фонду аркылуу көтөрүп, улуттук дөөлөтүбүздү көтөрмөлөп, колдоп келди. Кинематографияда да башы көрүнгөн инсан.
– Өмүрбек мырза, ал түшүнүктүү. Жарнама болуп кетет бул жагы.
– Жарнама эмес, сиз баары жаман деп айтып жатасыз да. Бул да жарнаманын бир түрү. Мыйзамды карасаӊыз, жамандаган да жарнама, мактаган да жарнама. Кантип ал адамды «Ата Мекенге» идеясы каршы адам деп айтасыз? Ал партиянын мүчөсү эмес. Салянова прокуратуранын ролун болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, жалпы эле мыйзам бузууларга каршы күрөштө өзүн көргөзө алган өз алдынча саясатчы болду. Сиз Мелис Мырзакматовду эски режимдин адамы деп айтып жатасыз. Жок, ал эски режимдин адамы эмес. Атамбаев баш болгон бүгүнкү партиялык лидерлер Бакиевдин колтугунда, Бабанов, Ташиевдер баары... Менден башкасынын баары Бакиевдин алдында иштегенин айтып өттүк. Ушулардын фонунда 2010-жылга чейин Мелис Мырзакматов перифериядагы, аймактагы, элге таанылбаган катардагы чиновник болгон. Анын Кыргызстандын саясий асманындагы жылдызы 2010-жылдан кийин жанды. 2010-жылдан кийин ал өзүн кризис менеджер катары, патриот катары көрсөтө алды. Эл сыйлаган саясатчы катары көргөзүп, жергиликтүү шайлоолордо Ош шаардык кеӊешин утуп алды. Бизди, бийликти утуп алды. Мына ошонун баары Мырзакматов Бакиевдики эмес, 2010-жылдан кийин жаӊы пайда болгон, жаӊы генерациядагы саясатчы экендигин көргөзөт. Атамбаевдин жана сиздин «Мырзакматов Бакиевдин кадры» дегениӊерге таптакыр каршымын.
– Ошол эле учурда «Ата Мекендин» камчысын 20 жылдан бери чаап келаткан, мисалы, Дүйшөн Чотонов...
– Угуп туруӊуз, Дүйшөн Чотонов «депутаттыкка коём» деп сизден сурандыбы?
– Менден суранган жок.
– Менден да суранган жок.
– Өмүрбек мырза...
– Депутаттыкка баруу бул ар бир адамдын өз ыктыярына жараша. Бирөөлөр коюп шагын сындыргысы келбейт. Биздин принцип башка партиялардай эле шайлоочуга барып добуш алып келген адам гана депутат болот деп жатабыз. Адам өзүнүн элине барып добуш алып келерине ишениш керек. Койгон тобокелчилиги акталарын билиши зарыл.
– Ошол эле учурда Калыкбек Султанов сиздин партиянын мүчөсү, алар партиядан чыкканбы? Мисалы, азыркы депутат Бактыбек Калмаматовдун айланасында да ар кандай сөздөр болуп жатат. Алар шайлоого катышабыз деп аракет кылышкан жокпу?
– Бардыгына шайлоого катышканга «Ата Мекен» мүмкүндүк берди. Биз ошол принцибибизде турдук, округ алып шайлоого барабыз деген депутаттарыбыз, партиянын мүчөлөрү барды. Округ алып шайлоого барып тобокел кылбайм дегендер барбады.
– Демек...
– Шайлоого катышуу – бул ыктыярдуу иш.
– Демек, мен айткан адамдар баргысы келген жок анда?
– Сиз алардан сураӊыз. Мен айтып жатпаймынбы, бул ыктыярдуу иш. Бирөөнү зордой да, алдай да албайсыӊ.
– Ошол эле учурда «Ата Мекенге» шайлоодон көп добуш алуу үчүн көптөгөн ар кандай позициядагы адамдар чогулгандай...
– Мисалы?
– Мисалы, эл ичинде ошол эле Салянова, Мырзакматов боюнча ар кандай ойлор айтылып жатпайбы...
– Ар кандай ой айтылган жок. Накта бириге турган адамдар бирикти деп акыл-эстүү адамдар ынанып жатат. Бул адамдардын баары бийликти, Атамбаев жана анын командасын башкалардай болуп «хоп майли» деп укпаган адамдар. Өзүлөрүнүн мүнөзү, принциптери бар адамдар. Принциптер бул патриотизм менен мыйзамдуулук экендигин билген адамдар. Элде авторитети бар адамдар. Алар «Ата Мекен» партиясынын тутунган принциптерин, программаларын колдойбуз деп эл алдында айтып отурат. Ошондуктан «Ата Мекенде» идеялуу адамдар, позициялары негизинен дал келген адамдар жыйналып отурат. Ал эми идеялары ар башка, табакташ болгонго умтулган, эптеп эле Жогорку Кеӊешке келип калгысы келген адамдар башка партияларга биригип жатышат.
– Ушул суроого эле улай, сиз партиянын Курултайында «бул бийликтин өгөй баласы болдук» дегендей пикир айттыӊыз. Бирок «Ата Мекен» коалициялык көпчүлүктө. Керек болсо «Ата Мекен» өкмөт башчысын шайлады. Сиздер бийликтин өгөй баласы болуп жатсаӊыздар, эмне үчүн коалициядан чыгып кеткен жоксуздар?
– Мындай да, премьер-министрди бир фракция шайлабайт, Жогорку Кеӊеш шайлайт. Жогорку Кеӊешке коалиция сунуш кылат.
– Бирок «Ата Мекендин» мүчөсү...
– Ал башка кеп. Бул бир. Экинчиси, коалициялык өкмөт түзүү зарыл. Кыргызстанда өкмөтсүз болбойт. Бир партия, эки партия түзө албайт, ага үч партия болушу керек. Кыргызстандын 5 фракциясынын экөө тарап кетти. 3 фракция калдык. Өкмөт түзүп, кыргызда айтып коёт «жебеген самсага пул төлөп» депчи, ошентип бийлик бизде болбосо дагы жоопкерчилигин алып Кыргызстан үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн, бийликти эмес, жоопкерчиликти алып, бийликтин жыргалын эмес, ишин өзүбүзгө алып, коалицияга кошулуп иштеп жаттык. Коалицияда туруп, биз мыйзамдуулук үчүн, экологиябыздын тазалыгы үчүн, чет элдик ири компаниялар Кыргызстандын байлыгын талап-тоноосуна каршы ошол жерде туруп күрөшүп келдик. Сиздин оюӊузча, биз Атамбаевдин айтканын ойлонбой эле көздү жумуп жаcай беришибиз керек экен да. Коалицияга кирген адам президентти угат деп Конституцияда жазылыптырбы? Коалицияга кирген адам теӊ ата болуп өзүнүн оюн айтып, ошону өткөргөнгө аракет кылыш керек. Парламентте ошону коргош керек, өкмөттө ошону коргош керек. Эгер парламент кабыл алса, анан мамлекеттин саясаты болуп калат. Бүгүн айтат «сен коалицияда туруп Атамбаевди укпайсыӊ, сен коалицияда туруп Чыныбайды укпайсыӊ, чыгып кетпейсиӊби» деп. Эгер мен жакпасам, «Ата Мекендин» позициясы жакпаса, өзүлөрү чыгып кетсин. Мен маселени так ушундай коёт элем.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп, кыскартылып берилди.