Бирде «Той, той, той, мына бүгүн той, той» деп канчалаган кыргыздын тойлорун шаӊга бөлөгөн, бирде «Араб кызы сизди сүйдүм» деп обон созгон Кубик Калыков 50 жашка толуп отурат. Аны менен катар чыгармачылыгына 25 жыл болуп, небере күтүп, таята болуп турган кезинде биз менен чечиле сырдашты.
«ТЕХНИКУМДУ БҮТҮП МАДАНИЯТ ҮЙҮНӨ ДИРЕКТОР БОЛГОМ»
– Атам мугалим болгондуктан мени 4 жашымда эле мектепке берип салган. Өздөштүрө албадым окшойт, 5 жашымда кайрадан 1-классты окудум. Ошентип өзүмдөн эки жаш улуу агам менен классташ болуп алгам. Мектепте жакшы окуганым менен, тентек элем. Балдар менен чүпүрөктөн топ жасап футбол ойночубуз. Бир күнү»чүпүрөктөн тажадык, топ сатып алалы» деп бөтөлкө өткөрүп, ал акчага топ сатып алдык. Топко азгырылып талаада кайтарган малдарыбыз колхоздун бедесин аралап кетиптир. Мына сага тамаша башталды, бедени кайтарган байке малдарыбызды камап, бизди кууп жөнөдү эле, топту унутуп качыптырбыз. Кароолчу жинденип аны жарып салды. Жиним келип, кечинде балдарга «келгиле, кароолчунун үйүнүн шиферин сындырабыз» деп таш менен терезе, шиферин сындырып салдык. Ал балдарды кармап алып, «ким кылды?» десе, «Кубик баштады» деп мени сатып коюшту. Ошондо биринчи жолу атамдан таяк жегем.
Кичинемде тентек эле эмес, таланттуу да элем. Сүрөттү аябай жакшы тартчумун. Кызыгып жүрүп комуз, гитара, аккордеондо ойногонду үйрөнүп алгам. Эмнегедир кийин музыкага ооп кеттим. Атам кыяк сатып берген эле, аны көтөрүп алып Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумуна тапшырдым. Окууну бүтүп, дароо эле айылымдагы Маданият үйүнө директор болуп келдим. Айылдын маданиятын оӊдойм деп «дискотека» уюштуруп, ал жактан кыргыз менен өзбек балдар урушуп, милиция кызматкерлери келип күнүгө ызы-чуу. Анан оюма ансамбль түзүү келди, аны да ишке ашырдым. Ансамбль райондук, облустук сынактарга катыша баштаганда аскерге кетип калдым.
«ЖУБАЙЫМДЫ АЛГАЧ КӨРГӨНДӨ ӨЗҮМДҮ ЖОГОТУП КОЙГОМ»
– Аскерден келип «Эпос» деген топ түзүп, борбор шаарыбызда өткөн фестивалга катышып жеӊүүчү аталып, 3000 сом сыйлык алдык. Жеӊишибизди майрамдоо керек да, топтогу жигиттер менен ресторанга кирдик. Айтор, акчабыз түгөнбөчүдөй тамактаныптырбыз. Төлөгөнү келгенде 1000 сом жетпей калбаспы, же борбордо таанышыбыз болсочу. Ошол убакта ресторандын бармени көзүмө жылуу учурады эле, барып, «сиз көзүмө жылуу учурап жатасыз, каяктан болосуз?» десем, «акчаӊ жетпей калдыбы, каяктан келдиӊ эле?» деп кайра менден сурайт. «Базар-Коргондон» десем, «кете бер, калганын мен төлөп коём» деди. Көрсө, ал базар-коргондук Максат деген байке экен.
Ушундай бойдокчулуктун доорун сүрүп жүрүп бир көрүп сүйүү дегенге такыр ишенчү эмесмин. Жубайым Динараны алгач көргөндө 5 мүнөткө өзүмдү жоготуп койгом. Суу аккан каналдын берки өйүзүнөн тамашалап «сага секирип өтөйүнбү?» десем, «өтө албайсыӊ» деди эле, сүйүүнүн күчү менен чоӊ каналдын аркы өйүзүнө секирип өтүп кеткем. Бир күнү жубайыма телефон чалсам, «эмне кылып жатасыӊ?» дейт, өзүмдү бай көрсөткүм келип, «жумшак эмеректе чалкалап, түстүү телевизорду көрүп, япон телефону аркылуу сени менен сүйлөшүп жатам» дедим. Азыркыга чейин «өзүӊдү «крутой» эмес, «тупой» көрсөтүп мактангансыӊ» деп шылдыӊдайт.
Экинчи жолу жолукканда «боёгу жок кебетеси кандай болот, көрөйүн» деп сууга алпарып бетин жууп салсам, кашайып боёнбоптур. Үчүнчү жолу жолукканда автобуска салып ала качып кеттим. Үйдөгүлөр Динарага көйнөк кийгизе албай коюшту. Досум экөөбүз эптеп кийгизип, башына жоолукту салып, «отурасыӊбы?» десем, ыйлап унчукпай калды. Кечинде артынан байкелери, апасы келгенде, мен жүгөрүнү аралап качып кеттим. Апасы Динараны «эмне качып келдиӊ?» деп жаакка чапты окшойт, бакырып ыйлаганы угулду. Бир убакта досторум чакырып, «Динараны алып кетип калышты» деди. Шагым сынып, үйгө кирбей көчө жакта жүрсөм арыктын боюнда келинчегим отурат, «кеткен жоксуӊбу?» десем, «кетпейм» дейт. Экөөбүздүн ошол күндөн бери жашап келе жатканыбызга 25 жыл болуптур.
«БИШКЕККЕ КЕЛИП АР КИМДИН ҮЙҮНДӨ ЖАШАП ЖҮРДҮМ»
– Бир учурда Рахман Разыков «ырчыларга кезектешип үй алып беребиз» деп ашар концерт уюштуруп, Алина Жетигенова менен Бек Борбиев үйлүү болушкан. Ошондо биздин айылга дагы концерт коюп келишкен эле. Анда фонограмма күч болчу, концерт учурунда жанагы ырчылардын магнитофонго салып коюп ырдап жаткан кассетасы чайнап кетип, эл ызылдап жиберди. Анан куудулдар эптеп элди күлдүрүп, концертти жыйынтыкташкан. Экинчи күнү «менин музыкалык аппаратурам бар, музыкаӊардын баарын ойноп берейин» деп мен музыкасын ойноп, ырчылар жандуу ырдап, концерт аябай сонун өттү. «200 сомдон төлөйбүз, бизге музыкант бол» дегенинен алар менен 20 күнгө гастролго кетип калдым.
Жактым окшойт, Бек чогуу иштешүүнү сунуштап Бишкекке чакырды. Борбордогу жашоону эӊсеп Бектин үйүнө келдим. Эртеси Борончу, Бек менен Көлгө гастролго кетмекпиз. «Ырчы кыз алалы, бир кыз кол чатыр көтөрүп сенин ырларыӊды ырдап жүрөт го» деп Бекке айттым. Көрсө, ал Асел Турдалиева экен, аны издеп ал иштеген куурчак театрына барсак, фонтандын жанында кол чатыр көтөрүп ырдап клипке тартылып жатыптыр. Айлыгы 25 сом экен, биз «айына 100 сом беребиз» десек, жумушунан чыгып бизге кошулду. 1 айдан соӊ гастролдон кайтып, 1 түн ичинде «Аста, аста сен да мага көз кырыӊды саласыӊ», «Айзадам» деген, кошумча Бек менен Аселге 1 дуэт, баш-аягы 6 ыр жазып коюп айылга кеттим. Көп өтпөй ал ырлар айылда да хит болуп чыга келди. Кайра Бишкекке келип, 1 жыл Бек менен чогуу иштешкен соӊ ал мага «үй алып берем» дегенинен борборго үй-бүлөмдү көчүрүп келдим. Ал жылы концертибиз жакшы болбой, үй албай калдык. Анан кезектешип Борончунун, Бектин үйүндө жашап жүрдүк.
Бектин үйүндө жашап жатам, жегенге эч нерсе жок. Анын аты чыгып элге таанылып калган эле. Мени болсо эч ким тааный элек кез. «Ош базарга» келип 2 чоӊ бөлкө нан сатып алып базардын ичинде кетип баратсам, бирөө нанымды алам деп калды. 20 тыйынга алган нанды 30 тыйынга сатып салдым. Кайра дагы нан алып саттым. Кечинде азык-түлүк алып үйгө келсем, акчаны кайдан таптыӊ деп Бек таӊ калат. 1 жылдан кийин борбордогу Ак-Өргөө жаӊы конушунан времянка алдык. Анан чоӊ үйдү өзүм салып алдым.
Бектен бөлүнүп Асел Турдалиева, Асел Кыдыкова, Сырга Жапар кызы, Нуриса Абазовалар менен чогуу иштеп жүрдүм. Гастролдоп жүргөндө интермедия ойногондо Борончуга шерик болуп жүрүп куудул да болуп кеттим. Андан кийин тамашалуу ырларды жазып, ырчы болуп чыга калдым. Менде кыйраткан деле үн жок. Жыргаганымдан ырчы болгон эмесмин, акча таап үйүмдү тургузуп, жашоомду жакшыртып, балдарымды багыш үчүн ырдачумун.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg