ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМ ЭМИ БОРБОРДУК АЗИЯГА ЖЕТТИБИ?

Бул күтүлбөгөн нерсе беле же жокпу, айтор, акыркы апталарда Борбор Азиянын бир канча мамлекеттеринде өтө кооптуу окуялар болуп өттү. Адаттагыдай эле атайын кызматтар өз пикирлеринде бул маселеге өтө этияттык менен карашканы, мунун түбү барып бир нерсеге такалары айкын көрүнүп турат. Көпчүлүктү кооптондурган окуя Орусиянын президенти Владимир Путиндин да тынчын алып, бул кырдаалды Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУнун алдыдагы саммитте талкууга алары айтылды.

«АЛАР ЭЧ КАНДАЙ ТЕРРОРЧУЛАР ЭМЕС БОЛЧУ...»
Алгач Бишкектеги айыгышкан кармашта бир нече террорчулар жок кылынып, ал эми калгандары укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Каза болгон террорчулардын туугандары маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу жасашты. Мындай кадам террорчуларды курчоого алышкан «Альфа» тобундагы кызматкерлерди нааразы кылды. Каза болгондордун жакын туугандары: «Алар эч кандай террорчулар эмес, кылмыш дүйнөсүндө жүрүшкөндөрдөн, ал да тээ мындан бир нече жыл илгери болчу. Акыркы убакта чыныгы жигит катары эле тапанча алып жүрүшкөнү менен, аларда автомат жана граната сыяктуу курал-жарактар жок болчу. Алар эч кимге залалы тийбеген жарандардан болушкан»- дешүүдө. Мунун баары УКМКнын атайын ойлоп табышкан жасалма оюну (кайсы бир эл аралык уюм «ар бир өлтүрүлгөн террорчуга 2 миллион доллардан төлөйбүз» деген сөз үчүн атайын жасалган) деп айтылат.

«ЖАЛГАН ЖАЛАА ЖАПКАНДАРДЫН УЯТЫ БАРБЫ?»
«Альфа» эл аралык уюмундагы ардагерлердин президенти Юрий Погиба мындай билдирүүнү угуп алып төбө чачы тик турганын айтты. «Мен бул кармаш башталгандан 15 мүнөт өтпөй ошол жерде болгом. Террорчулар менен атышуу эки саатка жакын созулуп, алар жан далбастап бизге акыр аягына чейин каршылык көрсөтүштү. Биз тараптан төрт жоокер жарадар болду. Алардан экөө оор жаракат алышкан. Алдыбызда бараткан бир кызматкерибизге үч ок тийди. Үч ок теӊ автоматтан атылган. Кудай жалгап, ал кызматкерибиз аман калды. Анын денесиндеги окторду госпиталдан алып чыгышканда автоматтан атылгандыгы дагы бир ирет айгине болду. Анан бул операцияны кайдан жүрүп биз өзүбүз ойлоп табабыз? Каяктагы сценарий деп жатышат? Алар курчоодо калышкан кадимки кылмышкерлер болсо, бизге мынчалык каршылык көрсөтүшмөк эмес. Алар автоматтар менен куралданышып, биз менен акыр аягына чейин согушушту. Ал эми жанагы айтылып жаткан ар бир террорчу үчүн өтө чоӊ көлөмдөгү акчаларды төлөйбүз деген уюм эч бир жерде жок. Эгер андай болгон күндө да, бул Сирия же Иракта болушу ыктымал. Бизге жалган жалаа жабышып, беделибизге доо кетиришкен адамдарда абийир, уят деген барбы? Каза болгон туугандары үчүн бизге бардык күнөөнү оодара салгылары келүүдө».

ГИЛдин КАРААНЫ ТАШКЕНТТЕ ДА ЖҮРӨБҮ?
УКМКнын билдирүүсүнө караганда, террорчулар Ала-Тоо аянтында көптөгөн адамдардын ортосунда эӊ кубаттуу делген жардырууну уюштурууга даярдыктарды көрүшкөн. Укук коргоо кызматкерлеринин иш билгилигинен улам мындай коркунуч жоголду. Тилекке каршы, жеке эле Кыргызстан аркылуу террорчулардын ишмердүүлүгү токтоп калган жок.
Ташкенттеги Чорсу базарындагы мечитте күчтүү жарылуу болду. Өзбекстандын өзгөчө багыттагы кызматы болгон окуяны чууга айлантуудан качып, кайсы бир ашынган тентек жарылуучу баштыкты таштаган деп чыкты. Кулакты тундурган күчтүү жарылуудан базардагы адамдардын баары үрөйлөрү учуп, бет келди качып жөнөшкөн. Ал эми Өзбекстанда полиция өтө күчтүү экенине карабастан, жарылуучу затты ээн-эркин эле калыӊ эл аралаган базарга таштагандын кандай кажети бар?! Ташкентте «ИГИЛге мүчө болуп өт да, чет жакка чыгып халифат үчүн күрөш!» деген тариздеги үгүт баракчалары таркатылууда.

ТАЖИКСТАНДЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНӨ КОЛ САЛУУ БОЛДУ
Ошентип бул кайгылуу окуялардын соӊунан Тажикстанда да кооптуу кырдаал түзүлүп отурат. 4-сентябрь күнү түндө Дүйшөмбүдө Коргоо министрлигинин борбордук аппаратына эки курдай куралдуу кол салуу болуп, тажик борборунан 20 чакырымдай алыс Вахдат шаарында милиция кызматкерлерин өлтүрүшүп, көптөгөн ок-дарылар жана курал-жарактар тонолгон.
Ошол эле күнү Ички иштер министрлиги бул кол салууну Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү, 1997-жылдагы тынчтык келишиминде тажик оппозиция кыймылы тарабынан республиканын Куралдуу күчтөрүнө кызматка барган коргоо министринин орун басары, генерал-майор Абдухалим Назарзода (Ходжи Халим деген ат менен белгилүү) уюштурду деп чыгышты. Бул билдирүүгө бир нече саат жетпей Назарзода ээлеген кызмат ордунан кылмышка шектүү катары иштен алынган. Мурдагы коргоо министринин орун басары жана анын тарапташтары ушул кол салуудан кийин Дүйшөмбүдөн 50 чакырым узак Ромит капчыгайынын ичине кире качышкан. Учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү бул кылмыштуу топту кармаш үчүн тоолуу аймактардын арасында операцияларды жүргүзүп жатат. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, качкын генерал ушул тапта бир нече аскер адамдары менен жашырынып жүрөт. Ал эми аны колго түшүрүү мезгилдин талабына ылайык.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кылмыштуу топтун айынан тогуз милиция кызматкери каза болуп, алтоосу оор жарадар алган. Кылмыштуу топтон 17си өлүп, 39 адам колго түштү жана 500 даана курал-жарак, ок-дары кайтарылып алынды. Назарзоданын айрым жан-жөкөрлөрү кайрадан өз ыктыярлары менен куралдарын ташташкан. Булардын арасында мурдагы министр Мирзохаёт Назаровдун бир тууган иниси да бар.
Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуя боюнча Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго телефон чалып, кандай жардам керек экендигин сурады. Тажикстан бийлиги өзүбүз катуу көзөмөл жүргүзөбүз дешкени менен, чындыгында, бул козголоӊдон кийин катуу чочугандай.
Орусиялык эксперт, Эл аралык институтту түптөгөн, гуманитардык-саясий изилдөөлөр боюнча адис Александр Филиппов бул жерде сөз Борбордук Азия аймактары боюнча ислам радикалдык топторуна карата мамилени башка өӊүткө буруу тууралуу болуп жаткандыгын баяндап келип: «Мурда Хизбут-Тахрир жана ИГИЛ күчтөрү жалаӊ эле Сирия жана Ирак тарапка багытталган делсе, эми минтип Борбордук Азия мамлекеттерине багыт алды. Албетте, Орусия ЖККУнун алкагында өнөктөштөрү саналган Кыргызстан менен Тажикстанга колдоо көрсөтөт (Өзбекстан болсо ЖККУдан чыгып кеткендиги белгилүү). Бирок Борбор Азиядагы элдер өз мамлекеттеринин ичинде ушак-айыӊга берилип, бузукулардын сөздөрүнө кирбестен, туура ой жүгүрткөнгө, сергек болууга аракеттениши кажет. Болбосо ЖККУнун жардамы да бул жерде эч нерсеге жарабай калат!»

Манас Каныбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
besh-sary
2015-09-14 10:17:02
Кудай сактасын. Тура Кыргызстан Тажикстан Өзбекстанда болгон окуялар бири бирине окшош. Путин бир нерсени билгени үчүн кооптонуп калганго.
+2
kyla490
2015-09-14 15:46:51
Оштун озбектери коп кетип атат Оштун атын булгап
+1
al-abu-kinesz
2015-09-14 17:51:41
Фергана ороону илгертен кооптуу деп эсептелген аймак,Орто Азияга кооп туудуруучу механизмдин рычагы болуп келген. Туура угут насааттарды, элге тушундуруу иштерин тынбай жургузуп туруу керек!
+1
Zarema94
2015-09-14 21:01:50
Александр Филлип0в эн туура айтыптыр
0
hochuradosti
2015-09-15 13:40:11
Кудай сактасын. Заманыбыз тынч болсун!!!
0
sabina.abasbekova
2015-09-15 14:03:24
Шаардын атын туура эмес жазып коюпсунар,Дуйшомбу эмес Душанбе
0
Laro4ka
2015-09-15 15:56:10
sabina.abasbekova,кыргызча Дуйшомбу болот.
0
sabina.abasbekova
2015-09-15 19:52:51
Laro4ka,мен орустардын город Понедельник деп айтканын укпадым.Город Душанбе деп жатышат го
0
kurguz...
2015-09-17 19:43:51
sabina.abasbekova,дуйшомбу туура душанбе деген тажикча
0
sabina.abasbekova
2015-09-15 19:47:49
Вахахааа шаардын аты которулбайт....анда Бишкек орусчабы же кыргызчабы....странная девушка
0
NurbekKG
2015-09-15 20:02:13
sabina.abasbekova, Маскөө - Москва, Дүйшөмбү - Душанбе, Ташкен - Тошкент (орусча Ташкент), Анжиян - Андижон (орусча Андижан) деп жүрбөйбүзбү ...
0
leili1
2015-09-16 12:04:22
sabina.abasbekova,Рыбачье(Балыкчы)
0
Alfiya
2015-09-16 11:38:22
Дуйшомбу Душанбе деп укмуш кетиптир го бироолор, же кыргыз болуп кыргызчаны кыйратпай же орус болуп орусчаны кыйратпай кыргызым аябай кыйналды го. Адамдын аты, жер, суунун аты, шаар-мамлекеттин аты эч качан которулбайт, акцент деген бар, ошол себептен ар бир атты ар бир эл озуно ылайыкташтырып айтат, менин жазганым жалпак тилде болду Эгер илимий негизде болсо анда тушундурмо узак болот.
0
Eraly___
2015-09-16 23:05:17
ИГИЛ орто азияга кирем десе жон эле сирияга айлантып салат орто азияны. Россия бар учун алы жетпей жататго дейм. Кудай сактасын андайдан.
0
Nur.88
2015-09-18 06:24:50
Кудай сактасын заманыбыз тынч болсун.
0
Juma.Nusupbek
2015-09-18 20:16:31
Путин байкеме рахмат Путин болбогондо булар качан эле кирип гелмек
0
Juma.Nusupbek
2015-09-18 20:19:15
Путин болбогонунда булар качан эле кирип келмек
0
Ainura_kg85
2015-09-19 12:12:51
Кудай сактасын! Элибизде тынчтык болсун! Согуш дегенди балдарыбыз билбей жашашсын. Кудайым озу колдун!
0
admin_superstan
2015-09-21 10:49:02
345nazik_jurok, биринчиден, провокация жаратуучу видеолорго, экинчиден, башка сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынган! 10 күн БАН!
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан