МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мен эми кетейин,- деп Тимур ордунан турганда Адел таттуу уйкудан ойгонгондой селт этип кетти. Сылык коштошуп чыгып кеткен Тимурдан кийин үчөө адатынча үн катпай отуруп калышты. Аделге үйдөгү шаӊ-күлкү Тимур менен кеткендей сезилди. Анын балбылдап жанган көздөрүнүн нуру өчө түштү.
– Кой, уктайлы,- деди ордунан козголгон Карыпбек. Адел караӊгы түндө жарык чачып турган айдын шооласын карап ойлуу жатты. Күйөөсүнүн демин бир аз тыӊшап жатты да, акырын ордунан турду. Түндө уйкусу качып, азыр эрки болсо Тимурдун жанына учуп жеткиси келип сезими акылына баш ийбей турду.
Качанкыга чейин минтип дил азабын тартат? Жашы өтүп калган күйөөсүнүн олдоксон кыймылы анын жанын ого бетер кыйначу болду. Сезими ээлигип, ансайын Тимурга тартылат. Чыдабай кетип телефонун ала коюп Тимурга СМС жаза баштады.
– Кыйналып кеттим, сени сагындым,- деп жазып жөнөтүп ийип өзү коркуп кетти. Бир аздан кийин тез эле жооп келди.
– Сен качан десеӊ ошондо жолугалы. Мен дагы сени сагындым.
Эртеси эбин таап дагы жолугушту. Андан кийин дагы жолугушту... Канчалык коркунучтуу болсо да, Адел жолугууга барып жүрдү. Экөө жөн гана кезигип сүйлөшүп жүрүштү. Ортолорунда эч нерсе болбосо да, бири-бирин көрүп алуу бакытка тете эле.
Күндөрдүн биринде Карыпбек катуу ооруп калды. Оорусуна ого бетер кыжырданган ал эми каарын төгө баштады. Ички туюмунда жаш аялынын көӊүлүндө бирөө бар экенин байкап, бирок ал ойду өзүнө жууткусу келбей же ачык айта албай, өзү да кыйналып, элди да кыйнай берди. Ушундай акыбалда кыйналып кеткен Адел тумчугуп үйдө отургусу келбей, кийинип сыртка жөнөдү. Көз кыры менен тиктеп жаткан Карыпбек ордунан турду.
– Кайда баратасыӊ?
– Таза абадан дем алып келейинчи.
– Бакчада деле таза аба турат. Эч жакка барбайсыӊ!
Өктөм угулган үндөн Адел ого бетер өчөшө түштү.
– Мени күӊ кылып алып келген эмессиз. Мен дагы адаммын, эркин болгум келет. Кайда, качан барарымды өзүм чечем!
Үйлөнгөндөн бери бир да жолу тил кайрып көрбөгөн келиндин минтип турганына Карыпбек таӊ кала түштү.
– Сага эмне болгон?
– Эч нерсе!
– Эч жакка барбайсыӊ!
– А мен барам!
Демейде эч качан минтип эрегишпеген келин эмне кылсаӊ ошо кыл дегенсип ого бетер мелтейип тура берди. Карыпбек чыдабай кетип колун шилтеп жиберди. Коомай турган Аделге сокку катуу тийген көрүнөт, ууртунан кан сызыла берди. Ушул учурда Айкөл кирип келип, жерде жаткан Аделди көрүп чыдабай кетти. Таякесин көзүнүн чаарын чыгара карап алды. Карыпбек Аделге жакындай бергенде алдын торой калды.
– Тийбеӊиз, болду, жетишет!
– Сага эмне жок? Мындай тур, кийлигишпе!
– Аделге тийбеӊиз!
Карыпбек Айкөлдү биринчи жолу көрүп жаткансып таӊ кала тиктеп алды. Сестене түшүп бөлмөсүнө кирип кетти. Аделди ордунан тургузган Айкөл колтуктап өз бөлмөсүнө алып кирди.
– Эмне болду?
– Минтип жашай албайм, кыйналып кеттим, Айкөл байке.
Эч нерсе деп жооп айта албаган Айкөл үнсүз гана келиндин көздөрүнөн аккан жашты аарчыды.
Ушул жорук түрткү болуп кеттиби же жаш жүрөгү ачынып турган маалда акыл токтотконго алы келбей калдыбы, Адел жалгыз калары менен Тимурга телефон чалды.
– Кандайсыӊ? Мен... Мен сага барам. Мени кабыл аласыӊбы?- деди түз эле.
– Эмне болду, Адел?
– Мен мындан ары сенсиз жашай албайм, кыйналып кеттим. Мени алып кет, суранам сенден, сүйөм деген сөздөрүӊ чын болсо мени бул азаптан куткар, Тимур!
Мындай учурда эркек кишинин каны дүргүп кетет эмеспи. Өзүнө такыр жолотпогон Адел «сага барам» дегенине шерденип кеткен Тимур шашып калды.
– Адел, сени сүйөм! Сени качан болсо да кабыл алганга даярмын. Келе бер, жаным. Мен сени күтөм. Биз бактылуу болобуз, үйлөнөбүз. Сен күйөөӊдөн кетем десеӊ эле мен сага үйлөнөм,- деп убада берип жибергенин билбей калды.
– Ата-энеӊ эмне дейт?
– Аларды мага кой. Мага ишенчи, жаным, мен сени менен гана жашагым келет.
Аделге ушул эле сөз керек болчу. Кечке маал кийим-кечесин жыйнап, күйөөсү уктоочу маалды күтүп жатты. Түн ортосунда дарбаза ачылып, чакан сумкасы менен үйдөн чыкты. Эки жагын элеӊдей карап алган ал машиненин жарыгын көздөй ылдам басып жөнөдү. Тимур күтүп турган болчу. Чуркап келип көкүрөгүнө урунган келинди өпкүлөп
жиберди.
– Кеттик, жаным!
Араӊ тапкан бактысын жоготуп алчудай энтиккен Адел тез машинеге отуруп жөнөп калды. Экөө баягы тоо этегине салынган үйгө келишти. Жарыкты күйгүзүп-күйгүзбөй өпкүлөп жаткан Тимурдун кумары дүрт этип, эчен убакыттан бери кыялданган Адели кучагында турганына ишене албай жатты. Башы тумандаган келин жигиттин карылуу колдоруна өзүн тапшырып эч нерсени ойлогусу келген жок. Тумандаган түн гана алардын кумарлуу үндөрүнө күбө болуп жатты.

ххх

«Бул түшпү же чындыкпы?» деп жатты Адел. Жанында уктап жаткан Тимурдун чачтарынан сылап, чын эле ушул жигиттин теӊи болоруна ишенбей жатты. Бул учурда анын бактысы тоодой эле. Бир топ убакыттан кийин гана ойгонгон Тимур өзүн тиктеп жаткан Аделди көрүп күлүмсүрөп алды.
– Кандай уктадыӊ?
– Жакшы.
– Бул жактын абасы таза, мен дагы дайыма бул жакка келгенде жакшы уктайм.
Көӊүлдүү ышкырып ордунан туруп чай койгон Тимур бир аздан кийин Аделди чайга чакырды. Чай ичип отурганда жигит үн катты.
– Бүгүн иштер аябай көп, шаарга түшөлү. Баса, сени кайсы жерге таштай кетейин?
– Ыя?
– Кайсы жерден түшүп каласыӊ дейм? Жолду ылайыктап чыгалы да.
Адел уккан кулагына ишенбей жатты. Кечээ эле тагдырын байлап чыккан адам бүгүн ушундай суроо береби?
– Билбейм...- деди мукактана. – Мен эми сени менен болом го деп ойлогом. Тагдырымды сага байлап чыккам. Сенден башка бара турган жерим да жок. Коё турчу, же сен айнып калдыӊбы? Мени биротоло алып калбайсыӊбы? Биз эми бир бүтүн болбодукпу?!
Тимур кабагын чытый ойлонуп калды. Кечээки дүргүткөн кан жоголуп, эмне кылып койгонун азыр гана сезди. Чын эле бул келинди эми кайда алып барат?
– Адел, мындай нерселерди ойлонуп туруп чечишибиз керек.
– Мен ойлонгом,- деди Адел эриндери титирей. – Мен артка кайтпашымды билип, баарына чекит коюп туруп чыккам. Сен «биз бактылуу болобуз, үйлөнөбүз» дегенсиӊ. «Келе бер, мен сени коргоп алам» дедиӊ. А мен...
– Стоп! Коё турчу, мээм жарылайын деп турат. Мен анда сага жардам бергим келген, болгону ошол. Биз дагы көп нерсени ойлонушубуз керек. Баарын акырындан чечебиз. Адел бакырая таӊ калып тиктей берди. Эмнени чечет, эчак чечилип калган нерсени эмнеге минтип жатат? Башын чайкай берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
admin_portal
2015-09-14 11:56:49
Miraida2012, tilek-x - эскертүү!
Темадан алыстабасаңыздар!
0
ALINKA95
2015-09-14 13:44:17
Бул жанагы "Кумар" деген киного окшошко.
0
aika2015
2015-09-14 14:34:20
акырында Адел Айкол менен калат окшойт ээ
+1
Milana.
2015-09-14 15:02:16
Эх эркектер эркектер кандай гана жансыңар... Бир туруп бакытка бөлөп кайра эле ошол бакытты талкалап саласыңарда...
0
jany-aryk
2015-09-14 16:34:00
kino korgondoi boldumgo
0
saipi
2015-09-14 17:34:57
kaira ele Karypbekke barat da bawyn estesener...
-1
Mavlyuda
2015-09-14 18:53:20
Эми боюнда болуп калат точно
0
magic1721
2015-09-14 20:14:06
кыскасы кидать этет окшойт...
0
janna83
2015-09-15 01:06:00
Жакшы жазылган чыгарма экен бирок мен толугу м-н окуй албай жатам башкы сандарвн кантип окусам болот?
0
admin_portal
2015-09-15 10:25:08
janna83, саламатсызбы!
Тексттин ылдый жагында "Башка сандарда:" деген жазуунун төмөн жагындагы шилтемелер менен өтүп, окуй аласыз.
0
albinochka2015
2015-09-15 08:37:38
Ушндай болуп калышын билгем.....эми дагы бир жумааа...
0
KENEWBEK88
2015-09-16 02:14:01
М м м ойношко ишенип эрсиз калды окшойт
+1
nice.love
2015-09-16 19:32:18
Мынча ишенчээк. Эми эмне болот????
0
aku_vip.ledi01
2015-09-18 17:38:08
Эркектер ХХХ!
0
admin_superstan
2015-09-21 11:26:36
aku_vip.ledi01, этика нормаларын сактаңыз!
0
ILYAS181296
2015-09-20 00:00:11
Uwunu kino kylyp tartsa ee...
Kaidagy bir nerselerdi tarta berbei!
0
admin_superstan
2015-09-21 11:05:15
Gulnaz.GS, этика нормаларын сактаңыз!
ILYAS181296, жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз!
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан