КОЙ (21.03-20.04)
Жумушуӊузда көзгө толумдуу өзгөрүү деле күтүлбөйт. Жаӊы иш баштаганыӊыз менен натыйжа чыкпайт. Андыктан бүтүрө албай жүргөн жумуштарыӊызды бүткөрүп алууга аракет кылыӊыз. Бул апта үй-бүлөлүк казынаӊызды толтуруу менен эсте калат. Көптөн бери кыялданып жүргөн буюмуӊузду сатып алып кубанасыз. Аптанын аягында алыска жол тартып, сапарыӊыз ийгиликтүү болот. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сизди алдыда күтүлбөгөн жолугушуу, кубанычтуу сезимдер күтөт. Жакшы жумушка орношуп калышыӊыз ыктымал. Андыктан аракет кылып, өзүӊүздүн ички сезимиӊизди күчтөнтүӊүз. Үйдөгү майда-барат жумуштарды башка күнгө жылдырып, эс алууну да пландаштырыӊыз. Апта ичинде кара жумушка караганда акыл менен иш кылуунун акыбети кайтат.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке жашооӊузда өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Апта ичинде алыска барчу пландарыӊыз болсо жыйыштыра турганыӊыз оӊ. Жумуш жаатында аткарам деп жүргөн ишиӊизди аткарып, жыйынтыгына көксөөӊүз толот. Үй-бүлө, жакындарыӊызга өзгөчө көӊүл буруп, аптанын көпчүлүк бөлүгүн алар менен өткөрүӊүз. Алар сиздин көӊүл бурууӊузга муктаж.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооӊуз түрдүү окуялар менен коштолот. Айланаӊызда болуп жаткан окуялар, жумушуӊуздагы түшүнбөстүктөр сизди чарчатат. Бул кыйынчылыктар убактылуу экенин эске алып, чыдап коюу жетиштүү. Жумуштан айырмаланып жеке жашооӊузда кубанычтар көп. Көптөн бери жолуга элек тааныштарыӊызга жолугуп жакшы сөз угасыз. АРСТАН (23.07-23.08)
Апта аралыгында шайдоот болгонуӊуз жөн. Жумушуӊуз көп энергияны талап кылат. Баштаган ишти чарчадым деп ара жолго таштап коюу жарабайт. «Аракетке берекет» дегендей, апта соӊунда ал ишиӊиздин жемишин сөзсүз көрөсүз. Иш деп жүрө бербей, үй-бүлөӊүзгө да көӊүл бурууну унутпаӊыз. Жалгыз бой адамдар үчүн жеке жашоодо өзгөрүүлөр күтүлүп, таанышуу олуттуу мамилеге өзгөрөт.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптаны эс алууга арнаӊыз. Досторуӊуз, үй-бүлөӊүз менен жаратылыш коюнуна чыгып, балык уулап, шаардын кооз жерлерин кыдырганыӊыз ыӊгайлуу. Кандайдыр бир маселени чечүүдө өзүӊүздүн гана күчүӊүзгө таяныӊыз. Ири маселелерди пландап, майда-барат нерселерге көӊүл бурбаганыӊыз туура. Апта ортосунда чоӊ суммадагы акча алып, финансылык абалыӊыз жакшырат.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эмоцияӊызды көзөмөлдөп, сабырдуу болуу менен жаралган маселелерди чече аласыз. Жеке маселеӊизди жумушуӊуз менен аралаштырбай эле койгонуӊуз оӊ. Кесиптештериӊизге таасирин тийгизип пикир келишпестиктер жаралышы ыктымал. Үй-бүлөӊүзгө да сыпайы мамиле жасап, чуу чыгаргандан алыс болуӊуз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптаны өзүӊүзгө арнап, эс алуу менен жумушту бирге алып кеткениӊиз туура. Көптөн бери жазылбаган чериӊиз жазылып, ишке болгон мамилеӊиз күчөйт. Кылган ишиӊиз менен жетекчиликтин көзүнө түшүп, кызмат ордуӊуз жогорулайт. Ийгилик кушу сиз тарапка оогонуна маашырланып жүрө бербей, ден соолугуӊузга да кам көрүүнү унутпаӊыз. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашооӊузда жаӊылануу болгонун ушул аптада сезесиз. «Такыр эле аткарылбай койду» деп жүргөн маселеӊиз чечилип, пландап жүргөн оюӊуз ишке ашып кубанасыз. Апта ичинде терс эмоциялардан алыстап, өзүӊүздү сыпайы кармаӊыз. Эгерде "тилимде тизгин жок" деген принципте болсоӊуз, айланадагылар менен кайым айтышууга барышыӊыз мүмкүн. ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта ичинде каржы жаатында олчойгон суроо жаралат. Капчыкта болгон акчаӊызды үнөмдүү сарптап, куру бекер кетире берүүдөн сак болуӊуз. Финансылык маселе менен чектелбестен, жеке жашооӊузда да маселелер жаралбай койбойт. Көйгөйлөргө баш оорутуп ачуулана бербеӊиз, бул маселе сизди убактылуу гана кыйгап өтөт.СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жарык маанай апта бою коштоп жүрөт. Ар бир күнүӊүз сюрприздерге бай болуп, кубанычыӊыз артат. Жолуӊуз шыдыр болушунан эч кам санабаӊыз. Пландаган нерселериӊиздин бардыгы ишке ашат. Өзүӊүз эле көӊүлдүү маанайда жүрө бербей, сиздин көмөгүӊүзгө муктаж жандарды көӊүл сыртында калтырбаӊыз. Бойдоктор үчүн сүйүү жаатында жемиштүү апта.БАЛЫК (20.02-20.03)
Айланаӊыздагы адамдар менен конфликт чыгышы ыктымал. Андыктан эмоцияӊызды көзөмөлдөй билиӊиз. Жумушуӊузда тобокелчиликке баруунун кереги жок. Жети өлчөп, бир кес деген принцип менен жүрүшүӊүздү улантыӊыз. Жакындарыӊыздын кеӊеши сары майдай эле зарыл. «Кеӊешип кескен бармак оорубайт» демекчи, аптада кеӊешип иш жасоо пайдалуу.