Гезитибиздин буга чейинки санында времянка курууга канча каражат кетерин жазган элек. Бул сапар ошол чакан үйдүн сыртын кооздоп шыбайбыз. Сыртын кооздоп шыбоого орто эсеп менен канча каражат кетет жана кандай түрлөрү бар экенин билип алсаӊыз, эч качан ашык болбойт. Бүгүн болбосо эртеӊ сөзсүз ар бир адамдын башына келүүчү жагымдуу түйшүк туурасында Рахат Ажиев кеӊеш берет.
ЖЫЛУУЛОО
Клей – 20 мүшөк, 1 мүшөгү 170 сомдон – 3400 сом.Пенопласт (2 чарчы метрлик) – 40 даана, 1 даанасы 140 сомдон – 5600 сом.
Бекитүүчү мык – 200 даана, 1 даанасы 70 тыйын – 140 сом.
Тор – 1 түрмөк, 1 түрмөгү 900 сом.
Жылуулаштын кереги жок десеӊиз, кум шыбактан кийин табитиӊизге жараша кооздоп шыбак (декоративная штукатурка) тарта бериӊиз.
Жалпы – 10 040 сом
Пенопласттын чарчы метри 150 сомдон чапталат (79 чарчы метр).
Кызмат акысы – 11 850 сом
ЖАМГЫР (дождик)
Кальцит – 15 мүшөк, 1 мүшөгү 200 сомдон – 3000 сом.
Боёк (колер)– 1 бөтөлкө (эгер кочкул кылам десеӊиз 2 бөтөлкө) – 1 даанасы 50 сом.
Кожоюндун табитине жараша ар түрдүү (кызыл, сары, көк, жашыл, күрөӊ) боёк кошууга болот.
Кальцитти суу менен аралаштырып, боёк кошуп, калак (шпатель) менен тартат.
Жалпы – 3050 сом
Шыбактын чарчы метри 200 сомдон шыбалат (79 чарчы метр).
Кызмат акысы – 15 800 сом
ШУБА
Ак цемент – 1 мүшөк (50 килограммдык), 1 мүшөгү 1500 сом.
Мрамор ташынын куму – 2 мүшөк, 1 мүшөгү 400 сомдон – 800 сом.
ПВА клей – 2 литр, 1 литри 120 сомдон – 240 сом.
Ак цемент, мрамор ташынын куму, клей сууга аралаштырылып, атайын машинка (шарманка) менен чачылат.
Жалпы – 2540 сом
Шыбактын чарчы метри 50 сомдон шыбалат (79 чарчы метр).
Кызмат акысы – 3950 сом
МАРЖАН РИФИ (коралловый риф)Кальцит – 15 мүшөк, 1 мүшөгү 200 сомдон – 3000 сом.
Боёк – 1 бөтөлкө (эгер кочкул кылам десеӊиз 2 бөтөлкө), 1 даанасы 50 сом.
Кальцитти суу менен аралаштырып, боёк кошуп атайын аппарат менен чачат.
Жалпы – 3050 сом
Шыбактын чарчы метри 200 сомдон тартылат (79 чарчы метр).
Кызмат акысы – 15 800 сом
Мындай шыбактар бир нече жылга чейин жаӊы жасалгандай көркүнөн кетпей тура берет. Андан кийин кайрадан жаӊыртам десеӊиз, кооздолгон шыбактын үстүнөн берилүүчү сыр алып (водоэмульсионная краска), валик же щётка менен сырдап салыӊыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg