АДАМ МЭЭСИН ЧЕНЕМСИЗ ИШТЕТСЕ БОЛОТ ЖЕ "ЛЮСИ" тасмасы

Бүгүн биз сөз кылчу тасмада адам мээси канча пайыздык көрсөткүчкө чейин иштей алат деген тема көтөрүлөт. Жер жүзүндөгү эӊ эле акылдуу жандык бул адамзаты деп билебиз, жаныбарлардан айырмалап турган дал ушул акыл, аң-сезим эмеспи. Чындыкка жакыныраак фантастикалык кинону көргүӊүз келсе, анда «Люси» тасмасын сунуштайбыз. Аталган тасманы көргөндөн кийин акылыӊыздын көрсөткүчү канча пайыз экенине кызыгып каларыӊыздан шек жок.

Люси: «УБАКЫТТАН БАШКА ЧЕНЕЛҮҮ ЭЧ НЕРСЕ ЖОК, АДАМ МЭЭСИН ЧЕНЕМСИЗ ИШТЕТСЕ БОЛОТ».

Жанры – Фантастикалык боевик
Режиссёру – Люк Бессон
Продюсери – Виржиния Силла
Сценарийдин автору – Люк Бессон
Оператору – Тьерри Арбогаст
Композитору – Эрик Серра
Башкы ролдордо – Скарлетт Йоханссон (Люси), Морган Фримен (профессор Норман)
Тарткан өлкө – Франция
Тартылган жылы – 2014-жыл
Тасманын узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
Бюджети – 40 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражат – 458 863 600 доллар

АДАМДЫН МЭЭСИНИН 10 ПАЙЫЗЫ ГАНА ИШТЕЙТ
Режиссёр Люк Бессон «Люси» тасмасы аркылуу жер жүзүнө жаӊы доор келери тууралуу айткысы келген. Мунун баарын режиссёр тасманын негизги каарманы Люси менен болгон түрдүү окуялар аркылуу көрүүчүлөргө жеткизүүнү туура көрүптүр. Люси – жаӊы гана Тайванга окуйм деп келген студент кыз. Ричард аттуу жигит менен мамиле куруп жүрөт. Мурунтан мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн Ричард сүйүктүүсүнө кейстеги белгисиз нерсени айткан жерине жеткизип акча тапса болот деп жумуш сунуштайт. Албетте, ишенчээк студент кыз кейсте баӊгизаты бар экенинен кабардар эмес. Ошентип Люси корей мафиясынын башында турган Чан мырзанын торуна түшөт. Аталган корей мафиясынын колуна түшкөн ар бир кишинин курсагына маӊзаты салынып тигилип, башка өлкөлөрдүн чек арасынан өткөрүүдө колдонулчу. Бул ирет Люсиден башка дагы 3 кишинин карынына баӊгизат салышып, чек арадан алып өтүшмөк. Люси мафиянын мүчөлөрүнөн токмок жеп, ичиндеги маӊзат салынган баштык жарылып, баӊгизат кыздын денесине тарай баштайт. Мына ошондо каармандын акылына акыл кошулуп, өзгөчө күчкө ээ болуп чыга келет. Мафиянын мүчөлөрүн жер менен жексен кылган кыз качып жөнөйт.

Фильмдин жүрүшүндө профессор Норман студенттерине адамзатынын интеллектине жана акыл жөндөмдүүлүгүнө жооп берген мээсинин 10 пайызы гана иштээрин, ал эми жаныбарлардыкы 5 пайызы гана иштеп, адамдар алардан акылдуу болору тууралуу лекция окуп жатканы көрсөтүлөт. Ал менен катар студент кыздын башынан өткөн окуялар да улана берет. Кызыгы, Люсинин организмине тарап кеткен баӊгизаты анын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, анын иштөө коэффициенти бийиктеп жатканы сүрөттөлөт. Люси адамдардын оюн окуп, аларды толук көзөмөлдөө күчүнө, каалаган мезгилине, доорго баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол жөндөмүнүн жардамы менен мистер Чандын башындагы маалыматтарды окуп, өзү менен бирге мажбурланып иштеген дагы 3 курьердин даректерин алат. Париж, Рим, Берлинде жүргөн курьерлерди Франциянын полиция кызматкерлери менен бирге кармап, миӊдеген адамдарды көз каранды кылган баӊгизатын жок кылат. Аягында адамдардын азырынча акылы жетпей, теория түрүндө гана айтылып жүргөн адам мээсинин 100 пайыз иштеген көрсөткүчүнө Люси жетет. Фильм соӊунда Люси жок болуп, анын мээсиндеги 100 пайыздык акылы эс тутум картасында (флешка) сакталып калат.

ЛЮК БЕССОН ТАСМА ТУУРАЛУУ

  • - Тартуу иштерине даярданып жатып илимпоздордон адамда миллиарддаган молекулалар бири-бири менен байланышып, ар бир молекула секундасына миӊдеген белгилерди берерин билдим. Чынында фантастика менен реалдуулуктун ортосундагы жыйынтыкты чыгарууга бир нече жылдар керектелди.
  • - Аталган тасманы тартуу идеясы кесиби нейропсихолог, бирок актриса болгусу келген айым менен сүйлөшкөндөн кийин келген. Сценарийди жазууга 9 жылдай убакыт кетти. Аны жазып жатканда адамдын мээсиндеги нейрондор тууралуу түк түшүнүгүм жок эле. Бара-бара кызыгуум артып, сценарийди бүткөндөн кийин эртерээк эле тасманы тарткым келди.
  • - Адам мээсинин иштөө мүмкүнчүлүгүн 20 пайызга жеткирген соӊ андан кийинки баскычтарды ишке ашыруу оӊой эле.
  • - Башкы ролго Анжелина Жоли каралып жаткан деген жалган кеп. Скарлетти тандаганыбыздын себеби – ал өзү сценарийди окугандан кийин жабышты да калды. Мага ушундай кызыгуусу күч актриса керек эле.
  • - Скарлетт роль тууралуу күнүнө 500дөй суроо берчү. Анын кыймыл-аракети, сүйлөгөнү дайыма өзгөрүп турушу керек эле. Себеби акыл коэффициентинин кайсы бир тепкичин багындырган сайын ал адамга окшошпой баштамак. Ошондуктан экөөбүз Скарлетт дегенди азайтып, көбүрөөк Люсинин образынын үстүндө иштеп жаттык. Бул ролго чыныгы жылдыз эмес, чыныгы актриса керек болчу.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Фильмге массовкадагы актёрлорду кошпогондо баш-аягы 50гө жакын актёр тартылган.
  • Кинону тарткан «CEO EuropaCorp» кинокомпаниясынын билдирүүсү боюнча, бул фильм аталган кинокомпания тарткан эӊ кирешелүү тасма болгон.
  • Режиссёр Люк Бессондун айтымында, папараццичилердин айынан фильмди кечинде тартуу иштери бир топ тоскоолдуктарга учураган.
  • Тасма оӊ да, терс да сындарга бай. Көпчүлүк киносынчылар "тасма мааниси жок, ошол эле учурда кызыктуу" деген жыйынтыкка келишкен. Анан да тасманын сюжетиндеги адамдын мээси 10 пайыз гана иштейт деген маалымат бул жомок деп айтышкандар көп.
  • «Time» журналынын тандоосу боюнча, «Люси» тасмасы 2014-жылдагы эӊ мыкты 10 тасманын катарын толуктаган.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ledi89
2015-09-14 20:26:31
Мага аябай жагат ушул кино.
+1
Jesika
2015-09-15 01:22:15
Жаккан мага
+1
ereka
2015-09-15 09:52:57
Фантастика болгон менен реалдуулукка жакын кино, маанилуу да, мазмундуу да.
+1
aijan
2015-09-15 09:59:36
Сонун фильм!
+1
hayley
2015-09-16 21:27:14
Скарлетт Йохансон кимге жакпасын )))
+1
AykaMer
2015-09-17 22:06:03
Оа аябай жакшы кино,азыр ушул кино 3-жолу коруп отурам)))
+1
nasirdin
2015-09-20 22:18:15
Кызык окшойт коромго
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан