ФУТБОЛЧУЛАРЫБЫЗ ЖЕӉИШКЕ ЖАРЫМ КАДАМ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ

3-сентябрь күнү футбол боюнча улуттук курама командабыз Орусия-2018 Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кезектеги оюнун өткөрдү. Биздин футболчулар олуттуу делген Иордания курама командасы менен кезигишти.

КОРГОНУУБУ ЖЕ ЧАБУУЛБУ?
Биздин тайпада Австралиядан кийинки эле олуттуу курама Иордания командасы эле. Учурдагы Азия чемпиону бул тайпада биринчиликти багындырарына шек жок болсо, экинчи орун үчүн калган курама командалар ортосунда айыгышкыс күрөш жүрөт. Иордания мурунку турда Тажикстанды утуп алган болсо, кыргыз футболчулары ошол эле күнү Австралияга өз үйүндө уттуруп жиберишкен. Андыктан алдыӊкы орундар үчүн күрөштү уланткыбыз келсе, Иорданияга жеӊилбешибиз керек болчу. Коргонууда 90 мүнөт бою ойноо же тобокелге салып чабуулга өтүү. Теӊ чыгууга макулдашуу же жеӊиш үчүн ойноо. Машыктыруучубуз Александр Крестининдин башы катып турду.
Оюнга бир күн калганда Ирбид шаарында өтмөкчү болгон оюн Амман шаарына которулду. Негизги себеп, стадион эл аралык стандартка жооп бербегендигинде болду (австралиялыктардын Бишкектеги стадионду шылдыӊдашканы эсибизде).

АТААНДАШТАРДЫН ДАРБАЗАЧЫСЫ МЫКТЫ БОЛГОНДО...
Александр Крестинин баштаган кыргыз футболчулары бул оюнга даярдыкты Бахрейнде өткөрүшкөн. Негизги курамдагы эӊ негизги өзгөрүү – дарбазаны Павел Матяш кайтармай болду.
5 миӊге жакын күйөрмандары колдогон иордандыктар калыс ышкырык берери менен алдыга жөнөштү. Үй ээлеринин мындай аракети он мүнөткө гана созулду, андан соӊ кыргыз футболчулары байма-бай чабуулга өтө башташты. Антон Землянухин адатынча активдүү болсо, Мирлан Мурзаев оӊ канатта атаандаштарга коркунуч туудуруп жатты. Каршы чабуулдун майын чыгара аткара алган футболчуларыбыз эсеп ачууга ири мүмкүнчүлүктү 45-мүнөттө кетиришти. Чабуулчу Виталий Люкстун соккусун атаандаштын дарбазачысы Амир Шафи тосуп, Бернхарддын кошумча соккусун да дарбазага киргизген жок.
Оюндун экинчи бөлүгү да дал ушундай таризде өттү. Иорданиялыктардын чабуулдарынан эч майнап чыкпай, Кыргызстан олуттуу чабуулдары менен жооп берип жатты. Бирок бул күнү Амир Шафи оӊ бутунан турган бейм, дарбазага бир да гол киргиздирген жок. Бул аракеттери менен Иордания дарбазачысы «Беттештин мыкты оюнчусу» наамына татыды. Жыйынтыгында эсеп 0:0. Кыргызстан жеӊишке жарым кадам жетпей калды.

«БИР УПАЙ АЛБАЙ ЭЛЕ ЭКИ УПАЙ ЖОГОТТУК»
Пол Пут, Иордания курамасынын башкы машыктыруучусу:
– Бул оюнда жеӊиш үчүн ойнодук. Андыктан биз чабуулга аракет жасагандыктан коргонуубуз алсырап жатты. Ошондой эле атаандаштын каршы чабуулдары коркунуч туудурду. Теӊ чыгуу бул оюнда адилеттүү жыйынтык деп эсептейм.

Александр Крестинин, Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу:
– Иордания абдан тажрыйбалуу команда. Алардын Азияда мыктылардын катарына кирери белгилүү. Бирок бул оюнда биз жеӊишке жакын болчубуз. Көпчүлүк мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдон чыгарып ийдик. Бир упай албай эле эки упай жоготкондой болдук. Атаандаштын дарбазачысы мыкты оюн көргөзүп, Иорданияны жеӊилүүдөн сактап калды окшойт. Бирок кантсе да конокто теӊ чыгуу жаман эмес жыйынтык.

ЧЕЧҮҮЧҮ БЕТТЕШТЕР БИР АЙДАН СОӉ
Беттештен соӊ чет элдик серепчилердин үй ээлери Кыргызстанды 6-0 эсебинде жеӊет деген сыяктуу божомолдору күлкү келтирерлик болуп турду. Бул оюн кыргыз футболчулары эчак бир тепкич өйдө көтөрүлгөнүн тастыктады. Учурдагы тайпанын абалына көз чаптырсак:

Азия чөлкөмүндө тандоо турунда 8 тайпада 40 команда катышууда. Анда финалдык баскычка тайпанын жеӊүүчүлөрү жана мыкты жыйынтык менен 2-орунду алган 4 команда чыгат. Жыйынтыгында бул 12 команда Дүйнөлүк чемпиондукка чыгуу үчүн ат салышат. Ошондой эле бул командалар 2019-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат. Азырынча Кыргызстандын 2-орун үчүн ат салышууга ири мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан улуттук курама командасы кезектеги оюнду октябрь айында Бишкекте Тажикстан жана Бангладеш менен өткөрөт. Бул оюндар тайпадагы чечүүчү беттештер гана эмес, кыргыз футболунун тарыхындагы эӊ маанилүү беттештер десек жарашат.

Оюндар тартиби:

8-октябрь. Кыргызстан – Тажикстан
13-октябрь. Кыргызстан – Бангладеш
12-ноябрь. Австралия – Кыргызстан
17-ноябрь. Кыргызстан - Иордания
29-март, 2016-жыл. Тажикстан – Кыргызстан

Бул оюн татыктуу атаандаштар тирешкенин айгинеледи. Эки команданын футболчулары бири-биринен кем калышкысы келген жок.

Спорт жаӊылыктары
ЭТНО ОЮНДАР ОЛИМПИАДАГА АЛЬТЕРНАТИВА БОЛО АЛАТ
7-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк этно оюн конфедерациясынын жыйыны өтүп, ага 12 өлкөнүн 20дан ашык улуттук спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышышты. Анда ар өлкөнүн улуттук оюндарын өнүктүрүү, Көчмөндөр оюндарынын деӊгээлин жогорку тепкичке көтөрүү боюнча талкуу жүрдү. «Дүйнөлүк этно оюндар Олимпиада оюндарына альтернатива боло алат» деп белгилешти жалпы катышуучулар. Ошондой эле бул жыйында аталган конфедерациянын жаӊы президенти катары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу Билал Эрдоган шайланды. «Көчмөндөр оюну 2016-жылы Чолпон-Атада өтөрү белгилүү. Бул оюнду келечекте Дүйнөлүк этно оюндар катары бүткүл дүйнөгө таанытып, жаӊы өлкөлөрдө өткөрүүгө кызыкдарбыз»,- деди ал өз сөзүндө.

Бокс
АЗАТТЫН СОККУСУ ГАНА ТААМАЙ БОЛДУ
Таиландда өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз мушкерлеринин арасынан Азат Усеналиев гана медалга жете алды. Ал 52 килограммга чейинки салмакта коло байгеге ээ болду. Тилекке каршы, көптү үмүттөндүргөн Эркин Адылбек уулу, Өмүрбек Малабеков жана Эрмек Сакенов аттуу мушкерлерибиз чейрек финалда жеӊилүүгө дуушар болушту.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
juventusmilan
2015-09-14 16:20:11
алга азаматтар
0
aibi8984
2015-09-14 16:57:37
Эрежесиз эр урушка Малайзияга кыздар арасынан бир кыз барып 1орунду алып келди дегендей болду эле, супер инфо маалыматынар барбы?
0
admin_media
2015-09-14 17:19:46
aibi8984, саламатсызбы!
Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук. Рахмат!
0
tynys88
2015-09-14 20:53:02
Кыргыз футболунун денгээли акырындык менен осуудо , буюрса дагы да болсо осот деп ишенем , октябрь айында боло турган оюндарга ийгилик .
0
dubai
2015-09-14 22:49:33
мынчалык пессимист болбосонор,2-орунга илинууго шанс бар,алдыда 5 оюн бар го,эн башкысы Иордания Австралиядан женилип,биз Таджикистан менен Бангладешти коп упай менен утсак 2орун биздики дей бергиле)))
0
Beka95
2015-09-15 02:44:11
Ийгилик каалайм ар дайым колдойм Кыргызстандын оюндарын кызыгып кором. Австралия менен болгон оюнда кыйкыра берип тамагым бир жума ооруп журду.
+1
Adilet2014
2015-09-15 19:57:11
Кыргызстан алга
0
acer7250
2015-09-17 11:51:07
Кыргызстанга ийгилик каалайм!Кыргыз футболчулары алга!
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан