ВИТАМИНГЕ БАЙ ЛЕЧО

Кыш камылгасын көргөндөргө кезектеги салаттардын рецебин сунуштайбыз. Ал витаминдер топтомун курамына камтыган лечо салаты.

БАКЛАЖАНДАН ЛЕЧО

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 2 килограмм
Помидор – 3 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 0,5 килограмм
Сарымсак – 2-3 баш
Чили калемпири – 2 даана
Ашкөк – 1 боо
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Туз – 2 аш кашык
Уксус (70%) – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды жууп-тазалап алабыз.
2. Казанга эт туурагычтан өткөрүлгөн помидор, өсүмдүк майы, туз, кумшекерди салып аралаштырып, жай отто 2 мүнөт кайнатабыз.
3. Болгар калемпирин узун-узун таякча түрүндө, чили калемпирин майдалап туурап, казанга салып, 2-3 мүнөт кайнатабыз.
4. Баклажанды чарчы түрүндө, ал эми сарымсакты майда туурап, буларды да казанга салабыз.
5. 20 мүнөт кайнаган соӊ кесек тууралган ашкөктү кошуп, дагы 5-10 мүнөт кайнатабыз.
6. Ысык кезинде бууланган банкаларга салып, капкагын жакшылап бекитебиз.

БОЛГАР КАЛЕМПИРИНЕН ЛЕЧО

Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири – 2 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Кумшекер – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Туз – 1-1,5 аш кашык
Уксус (9%) – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпирин жууп-тазалап, узунунан 4-6 бөлүккө бөлөбүз.
2. Жууп-тазаланып, эт туурагычтан өткөрүлгөн помидорду мискейге куюп, ага кумшекер, туз, өсүмдүк майын кошуп аралаштырып, жай отко коёбуз.
3. Томат кайнаганда калемпирди кошуп, дагы 30 мүнөт кайнатабыз. Түбүнө тартып кетпеши үчүн улам-улам аралаштырып турууну унутпаӊыз. Уксусту оттон алардан 5
мүнөт мурун кошуу керек.
4. Алдын ала бууланган банкаларга салып, капкагын жакшылап бекитебиз да, көмкөрүп, сыртынан жылуу ороп коёбуз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kadam
2015-09-14 11:54:08
Баклажанды алдын ала туздуу сууга 1 сааттай чылап коюу керек.
0
Ledi89
2015-09-14 17:15:24
kadam,Баклажанды эмне себептен туздуу сууга салып коюш керек?
+1
kutucsha
2015-09-14 18:01:51
Ledi89, баклажандын ачуусу кетиши учун,
0
palap
2015-09-14 16:45:47
Жакшы экен.
0
Ledi89
2015-09-14 17:13:06
Калып калган бош банка ларга жасап жаап коромго,кышындасы супер инфо админ ди салат менен сыйлаймын.
+1
kanykey125
2015-09-14 19:18:59
помидор сабиз чеснок кошулган лечонун рецебин .менин купуяма жазып коюнуздарчыы сураныч.мен туура жакшысын интернеттен табалбадым.
+1
daniel87
2015-09-14 22:07:19
Баклажандан этият болуш керек жакшысы кошпой жасаган он!айтып калса кокустан апа дедиртпей алып кетет жаныны
+2
Ulutum_Kyrgyz
2015-09-14 22:42:13
daniel87,ооба ошондой болот
+1
88inara88
2015-09-15 02:02:12
Баклажан менен жасаганы козунор жетпесе жасабай эле койгула.уулансан озуно келбейсин кайра.
0
kuma22
2015-09-17 12:08:02
пайдалуу экен!
0
anar-87
2015-09-19 15:17:56
мен бакалажан кошуп койдум ал ачыса жаман болсо керек .эгер салат кайнап кетсе жаман болот а салат жашынакай болсо эчнерсе болбойбу билгендер айтып койгулачы
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан