2015-жылдын 15-август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине Нарын облусунун Кочкор районунун 29 жаштагы Назгүл Текеева аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Билдирүүсүнө караганда, анын Рустам аттуу 26 жаштагы иниси 13-август күнү Ивановка айылындагы убактылуу жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
«ШЕКТҮҮЛӨР ӨЛҮКТҮ КАЙДА ТАШТАГАНДАРЫН КӨРСӨТҮШТҮ»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова буларга токтолду:– Жогорудагы арыздын негизинде Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери Рустам Текеевдин жашаган жерине барып анын тааныштарын, акыркы учурда көргөн-билген адамдарды суракка алышкан. Жыйынтыгында белгисиз жарандар Текеевди унаага салып кеткендиги билинип, аны издөө иштери башталган. Көп өтпөй Текеевди уурдап кеткенге шектелип 41 жаштагы Автандил Жумагазиев, 49 жаштагы Болот Султанбеков жана 35 жаштагы Талантбек Түнгатаров аттуу Кочкор районунун
тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда кылмышка шектүүлөр Рустамды өлтүрүп салгандарын айтышкан жана сөөгүн кайсы жакка таштагандарын көрсөтүп беришкен. 28-август күнү Кочкор районунун Кууакы ашуусундагы ээн капчыгайда колу-буту байланган Рустамдын өлтүрүлгөн денеси табылган. Учурда бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
«ЖАЛГЫЗ УУЛУМ ЭЛЕ...»
Бул окуя боюнча маркум Рустам Текеевдин апасы Орозбүбү Бекболотова төмөнкүлөргө токтолду:– Уулум Рустам 1989-жылы 22-августта Кочкор районундагы Чекилдек айылында төрөлгөн. Эки кыздын ортосундагы жалгыз уулубуз болчу. Атасы болсо өткөн жылы каза болгон. Уулумдун трактору бар эле. Талаа иштери башталган маалда Кочкордон Чүй облусундагы Ивановка айылына келип батирде жашап, ошол трактору менен талаа иштеринде иштеп, кийин акчасын чогултуп комбайн сатып алган.
10-август күнү ал Кочкорго барган. Айылда да эккен бир аз арпасы жана картошкасы бар эле. Аларды сугарып, эртеси «комбайндын 30 миӊ сомдой акчасын бере элек болчумун. Кожоюну сурап жатат, эртерээк барып акчасын берейин» деп Ивановкага кеткен. Эртеси мага телефон чалып «апа, сарсанаа болбой эле коюӊуз, мен жакшы жеттим. Комбайндын акчасынан кутулдум» деди. Кичүү кызым «турмушка чыгам» дегенинен ошого камданып, ал күнү уулум менен сүйлөшө албай калдым. Эртеси күнү телефон чалсам алган жок. Биздин айылдык Акжолтой деген келин мага телефон чалып, «Рустамдын телефон номерин берип коёсузбу?» деди. Ал келин күйөөсү менен ажырашып кеткенине 1 ай болгонун, Токмок шаарында батирде жалгыз жашап жатканын кийин уктум. «Мен чалсам албай жатат, жаӊы номери жок. Азыр бош эмесмин, анан чалчы» дегем. Кечинде уулума кайра чалсам өчүк. Кээде трактору менен Боом капчыгайы тарапта жүрсө телефону тартпай калчу, ошол тарапта жүргөн го деп ойлоп, ал күнү жатып алдым. Бирок таӊ атканча уктай албай жүрөгүм туйлап чыкты.
Эртеси чалсам телефону дагы деле өчүк экен. Анан шаардагы улуу кызыма телефондон «Рустамдын телефону иштебей жатат, чалчы» дедим. Кызым Рустамдын классташтарына, досторуна айтып, алар Ивановкага келишип, жашаган үй ээсинен сураштырышса, ал «2 күндөн бери үйгө келе элек. Машина, трактору турат» дептир. Аны угар замат чочуп кеттим. «Ал машинасы жок эч жакка чыкчу эмес эле, жок дегенде мага чалмак да» деп тынчсызданып, кыздарымды да Ивановкага жибердим. Алар барышса уулум үйдө кийген кийимдери менен эле чыгып кетиптир. Анан милиция кызматкерлерине арыз жазып, түп көтөрүлө уулумду издеп баштадык.
Акыры милиция кызматкерлери жанагы Акжолтой деген келиндин күйөөсүн, айылдашыбыз Автандилди кармашты. Ал башында 3 күн мас болуп эч нерсе айтпай туруп алды. Биздин болсо чый-пыйыбыз чыгып «жок дегенде каякка кеткенин айтып койсун» деп милиция кызматкерлерине улам-улам барып жаттык. Алар «соолукмайынча суракка ала албайбыз» дешти. Кийин анын дагы 2 шеригин колго түшүрүштү.
«УУЛУМДУН АНЫН АЯЛЫ МЕНЕН ОЙНОГОНУН БИЛСЕМ ТЫЙЫП КОЙМОКМУН ДА»
– Баламды өлөт деп ойлогон эмесмин (ыйлап). Колу-бутун байлап бир жерге таштап коюшса керек, бир күнү көзүн жылтылдатып келип калар деген үмүт менен күтүп жаттык.
14 күндөн кийин кармалгандардын бири баламды өлтүрүшкөнүн айтыптыр. Алар уулумдун колу-бутун байлап, моюнун толгоп сындырып, бычак менен сайгылашыптыр. Башына да бир нерсе менен катуу чапкан дешти. Эти курттап кетиптир (ыйлап). Өлүкканадан чыгарып, дароо эле жерге бердик, коштошконго да жарабай калдык. Баламдын бою 180 сантиметр, салмагы 100 килограмм болчу. Аны өлтүрүүгө жалгыз кишинин алы келмек эмес, үчөөлөшсө керек. Өлтүргөндөрдүн бири Автандилдин айтымында, балам анын аялы менен көӊүлдөш болгон имиш. Ал аял уулумдан бир топ жаш улуу, 40 жашта экен. Аны менен жүрүп алганын уккан да, билген да эмесмин. Билсем тыйып коймокмун да.
Акжолтойго телефон чалып сурасам, «Мага 13-август күнү күйөөм Автандил телефон чалып сага баратам деген. Түнкү саат 3төр чамасында эшик такылдаганынан күйөөм окшойт деп көзөнөктөн карасам, эки киши Рустамдын эки колунан кармап турушуптур. Анын оозунун тегереги кан, көзү көк аладай көрүндү. Рустам экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок болчу» деп койду. Сыягы, тигилер аны менен көздөштүрүүгө алып барышкан го...
Уулумдун жакшы тилектери бар эле. Ушул күздө атамдын ашын өткөрүп, эстелигин орнотом, анан үйлөнөм деп жүргөн. Айылга 2 кабат үй салып, короо-жайды оӊдойм дечү. Карындашынын күйөөгө кетерин айтканга үлгүрбөй калдым. Кылмышкерлердин туугандары келип кечирим сурап жатышат. Бирок мен аларды кечирбейм, уулумду кандай кыйнап талаага таштап өлтүрүшсө, алар да кыйналып, жазаларын алышсын!
«РУСТАМ ИШЕНГЕН ИНИЛЕРИМДИН БИРИ ЭЛЕ»
Маркумдун бөлөсү Замиранын айтымында, Акжолтой аттуу келиндин Токмокто кайсы жерде жашап жаткандыгын күйөөсү Автандил билчү эмес жана ал күнү кылмышка шектүүлөр Рустамды анын үйүн көрсөт деп өздөрү менен чогуу алып барышкан, бирок келин эшикти ачпай койгон. Ал эми тергөөдө маркумду өлтүрүүгө шектелген Автандил Жумагазиев төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Рустам өзүм ишенген айылдаш инилеримдин бири болчу. Үйгө дайыма келип турчу. Кийин анын аялым менен ойнош болуп жүргөнүн бирөөлөрдөн угуп калдым. Анан өкүл
балам Талантбек менен бир аз ичимдик ичип, Болоттун машинасын айдатып Ивановкага барып Рустамды үйүнөн алып чыктык. Анан Кууакыга келгенде Рустам экөөбүз чечишип алуу үчүн түшүп калдык. Эки шеригим машина менен кетип калышкан. Ортодо уруш чыгып кетип, мен таш менен Рустамды башка чаап өлтүрүп таштадым. Кылган күнөөмдү моюнума алам.
«РУСТАМДЫ ӨКҮЛ АТАМ ӨЛТҮРҮП САЛЫПТЫР»
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Талантбек Түнгатаров окуя тууралуу буларды айткан:
– Ошол күнү өкүл атам Автандил экөөбүз арак ичип отурганда ал Ивановкага барып келели деди. Макул болуп Ивановкага барып Рустамды алып кеттик. Кууакыдан өкүл атам менен Рустам сүйлөшөбүз дегенинен Болот экөөбүз кетип калганбыз. Өкүл атам эртеси келип Рустамды өлтүрүп салганын айтты.
«МАГА ЭЧ НЕРСЕ АЙТЫШКАН ЭМЕС»
Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн дагы бири Болот Султанбеков окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүргөн:
– Каза болгон жигит менен Автандил, Талантбектер айылдаш. Мен болсо коӊшу Совхоз деген айылда жашайм. Талантбекте малым бар болчу. Ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасында ал мага телефон чалып, «Байке, машинаӊыз менен өкүл атам экөөбүздү Токмокко алып барып келесизби, шашылыш иштерим бар эле» деп суранганынан макул болгом. Келип Ивановкадан бир жигитти алып кайра артка кайттык. Ал жигитти таанычу эмесмин. Кууакы ашуусунун ары жагына түшүп баратканда Автандил менен тиги жигит сүйлөшкөнү машинадан түшүп калышты. Экөө «Кайра артка барып Токмоктон Автандилдин аялын табабыз» деп жатышканынан кете берели деп Талантбек экөөбүз кетип калдык. Автандил ал жигитти өлтүрүп салганын 2 күндөн кийин уктум.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg