Гүлзат Байзакова Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине көчүп киргенине 2 жылдын жүзү болуптур. Ырчы айымдын айтымында, ак өргөөсүн ал өз табитине ылайык кылып жасалгалаткан. Ырчы айым жашоосун тынчтыкка жана жылуулукка бөлөгөн ак өргөөсү менен тааныштырды.
Чай маек
– Гүлзат айым, алгач келиндүү болушуӊуз менен куттуктайбыз!
– Рахмат. Тун уулум Камбардын үйлөнгөнүнө 1 ай болду. Келинимдин аты Гүлназ. Заманбап үйлөнүү тою октябрь айында болот. Буюрса, ошондо келиним тууралуу сиздерге кенен маалымат берем. Мурдатан бери колумда эже-сиӊдимдин кыздары көп жүргөндүктөн азыр үйдө дагы бир кыз жүргөндөй эле сезилип жатат. Ошондуктан кайнене болгонумду али сезе элекмин (күлүп).
– Үй тууралуу кеп кылсак, сиздин Ак-Өргөө конушунда жашаарыӊызды билчүбүз...
– Бул үйдү 2011-жылы сатып алып, ичин жасалгалап, 2013-жылы көчүп келгенбиз. Ак-Өргөөдөгү үйдө азыр сиӊдим убактылуу жашап жатат.
– Бул батирди жасалгалоодо атайын адистер менен иштештиӊизби?
– Жок. Ар бирибиз өзүбүздүн ыӊгайыбызга жараша эмеректерди тандап, жасалгалап алдык.
– Жаныӊыздан чыкпаган бул кичинекей кыз сиздин кызыӊызбы? (ред. Кичинекей кыз деген сөздү угуп жактырбаган бөбөк: – Ики, мен кичинекей кыз эмесмин, мен чоӊмун,- деп апасынын этегине жашына калды)
– Ооба, аты Амина, 3 жарым жашта. Биздин көкүрөк күчүгүбүз. Эшиктен үйлөнүү тойго жасалгаланган унааларды көрсө эле «апа, сенин тоюӊ башталыптыр» деп күлдүрүп калат. Кызым жолдошума жакын, атасы азыр Сокулукта кайненеме үй салып жүрөт.
– Рахмат, үйүӊүзгө береке толсун!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg