КАЙСЫ ЫРЧЫ КАЙСЫ ПАРТИЯГА ЫРДАП ЖАТАТ?

Парламенттик шайлоо жакындап, үгүт иштери кызуусуна кирип калган кез. Шайлоо маалы ырчылардын эӊ майлуу-сүттүү киреше тапчу мезгили эмеспи. Учурда аттуу-баштуу ырчылардан баштап кечээ чыккан ырчысына чейин аймактарды кыдырып, партиялардын үгүт иштерине катышып өнөрлөрүн тартуулап жүрүшөт. Угушубузга караганда, ырчылардын ставкасы болуп көрбөгөндөй өсүптүр. Борбордо карааны көрүнбөй калган ырчылар кайсы партиянын камчысын чаап жүрүшөт? Бүгүнкү макалабызда мына ушуга баам салып көрүүнү чечтик.

«АТА МЕКЕНДИ» АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ БАШТАЙТ
«Ата Мекен» партиясынын үгүт иштеринде Гүлзинат Суранчиева, «Кыз-Бурак» тобу, Курал Чокоев, Нэна, Добр, Нурмат Садыров обон созушат. Өнөр адамдарынын сап башында чыныгы «ата мекенчи» Асылбек Өзүбеков да бар. Асылбек мырза өзү баштаган жоон топ ырчылар менен элди «Ата Мекенге» добуш берүүгө үндөп, жакшы жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.

КСДПда КИМ БИЙЛЕЙТ ДА, КИМ ЫРДАЙТ?
Ири партиялардын бири Кыргызстан социал-демократтар партиясын колдоп шайлоодо бийчи Атай Өмүрзаков «Адэм» жана «Тумар КР» бий топтору менен, ырчылар Самара Каримова, Гүлнара Тойгонбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Иса Өмүркулов, Аяна Касымова, Алина Жетигенова, Азиз Жетигенов, төкмө акын Жеӊишбек Жумакадыр жана башкалар өз өнөрлөрүн көрсөтүп жүрүшөт. «Той болот, тойдун эртеси да болот» дегендей, эгер КСДП парламентке келип калса, жогоруда ысымы аталган белгилүүлөрдүн ийгилик зоболосу бийиктейт шекилдүү.

«РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТТА» МЕГА ЖЫЛДЫЗДАР «БУЙ-БУЙЛАЙТ»
Дагы бир алп партиялардын бири «Республика-Ата Журт» үчүн Мирбек Атабеков, Урмат Усенов, Неля, Даниель, Бактияр Токторов, Расул Маматкулов, Айгерим Расул кызы, Замир Арыкбаев, Кайрат Примбердиев, Минюра Рахимжанова, куудул Талант Анарбаев, «We'll be» бий тобу жан үрөшөт. Аталган ырчылардын кайсы биринин Ташиевге симпатиясы болсо, кайсы бири Бабановду бааларын айтышты. Ушул эки лидерге симпатиясы күч ырчылар бул партияга чогулгандай.

«БИР БОЛДУ» АЛП ЫРЧЫЛАР МЕНЕН КУУДУЛДАР ЭЭЛЕШТИ
«Бар бололу, бир бололу!» деген ураан менен шайлоодо ат салышып жаткан «Бир бол» партиясында Бек Борбиев, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков, Сайкал Садыбакасова, Алишер Тоотаев, Асема, куудулдар Абдылда Иманкулов, Тынар Курбаналиев, Борончу Кудайбергенов талантын көрсөтүп жүрүшөт. Аты аталган алп куудулдар менен ырчылар «Бир болдун» атын чабышып парламентке жеткирет деп үмүт кылалы.

«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕССТИН» КЫЗМАТЫНДАГЫ ТАЛАНТТАР
Үгүт иштерин эӊ эрте баштаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы үчүн ырчылар Алтынай Нарбаева, Роза Шакирова, Темир Назаров, Аскат Мусабеков, «Нон-Стоп» дуэти, Жанета Бобкова ырдашат. Билишибизче, үгүт иштерине эӊ көп каражат короткон дал ушул партия. Андыктан бул партияда иштеген ырчылардын гонорары кышы бою иштебей, үйдө бекер жатканга жетсе керек.

«ЗАМАНДАШКА» 4 АРТИСТ ЖЕТИШТҮҮ
Чет өлкөдөгү кыргыздарга көмөктөшүп келген «Замандаш» партиясы бул жолку шайлоодо айым башкарганына карабастан ишенимдүү келе жатканын байкоого болот. Кызыгы, учурда белгилүү жылдыздарды партиялар талашып, ырчылар «дефицит» болуп жатканда «Замандашка» ырчы ашпай калдыбы, айтор, бул партиянын үгүттөө иш-чараларында «Чоро» тобу, Сыймык Бейшекеев, Айбек Бакытбеков жана «Жоролор» куудулдар тобундагы эки жигит гана өз өнөрлөрүн тартуулашат экен.

АТАКТУУЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти:
– Ырчы эл тандабайт, кайсы партия көп төлөсө ошого ырдай беришет, мунун уяты деле жок. Айрымдар келишим түзүп, бир ай бою ошол партиянын атынан ырдашат. Ал эми кээ бири ири шаарлардагы чоӊ-чоӊ концерттерге гана катышат.

Абдылда Иманкулов, куудул:
– Ким көп төлөсө, ошого ырдай берүү туура эмес. Ырчы да Кыргызстандын жараны катары өзүнүн саясий көз карашына төп келген партияга ырдаганы жакшы. Азыр партиялардын баары «бизге добуш берсеӊер эле шайлоонун эртеси күн башка жактан чыгат» деген убадаларды берип жатышат.

Гүлнара Кахарова, ырчы:
– Мен кайсы партиядан сунуш түшсө ырдай берем. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу аймактарга чыкканга мүмкүнчүлүгүм жок. Бишкекте 2-3 партиянын концертине катыштым, дагы сунуштар түшсө барам.

Мүзүр Мамбетов, «Кеӊеш» тобу:
– Бизге 2-3 партиядан сунуш түшкөн. Бирок акча маселесинде келишпестиктер болуп калды. Бизди өтө төмөн баалайбы же буларга боло берет дедиби, айтор, түшүнбөдүм. Угушума караганда, ар кимдин ставкасы ар кандай экен, 2 миӊ доллардан 30 миӊ долларга чейин. Менин айткан баама макул болушкан жок. Азыр тойлордун мезгили, мен шайлоодон түшө турган каражатты тойлордон деле таап алам.

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы:
– Шайлоону унутуп коюп эле алдын ала тойлорго заказ алып алыптырмын. Азырынча эч бир партиянын атынан ырдай элекмин, убактым жок. Тааныш байкелер бар, алар суранышса барып ырдап коём.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (78)
infomit
2015-09-16 08:40:34
Ырчылардын кээ бирлери сойкуларга эле окшош, ким акча берсе кете берет. Акча бергенде да кобуроок берсе беркинисин уктатат сразу.
+1
baha0306
2015-09-16 14:27:18
Ар ким озунун угут ишин жургузот да. Ал эмт жогоруда паспорттун копиясын чогултуп жатат деп жатпайбы ансыз шайлоого катышууга мумкун эмес. Ал Сизди туруктуу жашаган жердеги тизмеден чыгаруу учун керек. Кимге добуш беришти озунуз чечесиз да.
+1
baha0306
2015-09-16 14:32:36
. Концертин коруп , айтканын угуп кете бериниз да. Кайсы парияга добуш беришти озунуз чечесиз.
+1
Mr.Prezident
2015-09-16 15:07:02
Мен интернеттен кордум, денесин саткан кыздар 1 саатына 500 сом алат экен, сен 5 жылдык омурунду 1000 сомго сатпагын деген. эми кайсыл артист канча алышын билбейм, бирок эл озу таразалап добуш берсе болгону.
+1
dasta
2015-09-16 19:03:47
емнегедир омар корунбойтта еч бир партияда
0
Mercedes202
2015-09-17 09:53:36
dasta, ал эми дыйкандарга бекер ырдап калбаса болду.
0
dasta
2015-09-16 19:12:10
артистер бооп калатко чиркин
0
AZIK01
2015-09-16 19:18:20
Гонорар "вах"- дей турган экен. Ырчылардын, журнал гезиттердин б.а айтканда баарынын заманы экен.
0
Gul.08
2015-09-17 00:55:36
Ырдай бергиле любой партияга кыскасы силерди наразы кылбай акча толошсо болду
0
Mercedes202
2015-09-17 09:51:29
Республика Ата Журтка салам анткени Бабанов эркек айткан созуно турат.
+1
kutucsha
2015-09-19 17:20:41
Mercedes202, ))) айттыбы аткарат де
+1
joker007
2015-09-18 00:40:43
Ооба 5жылда бир келчу шансты кетирбегиле ырчылар,бирок ар ким озу билет да кимди шайлашты...
0
omka100514
2015-09-18 01:30:54
партиялар неге угут иштерине ырчыларды алып келет? эл коп келсин деп, элдер атайын ошол самаган ырчысын келип коруп кетууго келишет, андан да акысыз концерт. Ат салышкан партиялар ырчы-чоорчусу жок чогулуш отуп корсун эч ким келбейт, себеби алардын шайлоо алдындагы зоону омкоруп, тоону томкором деген дежурный создорунун эч кимге кызыгы жок, так что азырынча голливуд жылдыздарыбыздын чардап жургон мезгили
+1
bek040295
2015-09-18 10:22:38
МБКС-партиясын шайлайм мен
0
Mir83
2015-09-18 21:09:17
Кыргыз элим Кыргыз жаштары ким кандай ырчы жалдабасын оз келечегибизди жаштар озубуз чечели. Кыргызстан биздин келечегибиз.Ойлоно турган учур келди. Чыныгы Эл учун куйгон партияны Гана шайлайлы.
0
anar-87
2015-09-19 15:43:09
Азыр партия келди чогулуш десе эчким барбайт эл тажап калган ырчылар ырдап чоордоп атса унун угуп барасын.партиялардын баягы кыйратма кеби.Буга чейин шайлангандан кийин биринин да кылган эл учун жасаган иши жок .Баары кыйратмалар жайлайбыз дейт шайлангандан кийин митинг кресло талашмай башталат.Андан коро элдин камын коруп азырак эл учун иштесе да ошол мээнет баланат.сдпк да бийлик бар экен жасап койду шайлоо болот деп мындан ары да ушундай болсо жакшы.Баарына ийгилик ырчыларына да ырдатып жаткандарга да
0
admin_superstan
2015-09-21 10:17:26
tatulinka, жеке билдирүүнү купуя менен!
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан