Ырчы Бактияр Токторовдун кызы Аяна: «БАЛДАР МАГА БУЙ-БУЙДУН КЫЗЫ ДЕП ТИЙИШИШЕТ»

Баланын тили балдан да таттуу экенин ар бир ата-эне билсе керек. Бүгүн биз ырчы Бактияр Токторовдун кыздарынын кичүүсү Аяна менен маек курдук. Эч нерседен тартынбай баарын ачык айткан Аянанын маеги назарыӊыздарда.

– Ширин кыз, алгач таанышып алалы. Менин атым Замира, сеникичи?
– А мен Аяна Токторовамын.
– Атыӊды ким койгон, билесиӊби?
– Менин атымды Аяна деп, кичинекей инимди Алихан деп атам койгон.
– Канча жаштасыӊ?
– 4 жаштамын.
– Кимдин кызысыӊ?
– «Буй-буйдун» кызымын.
– Атаӊдын аты «Буй-буйбу»?
– Жок, атамдын аты Бактияр. Бактияр десем балдар тааныбай калышат. Ошондуктан «буй-буйдун кызымын» дейм. Сокулуктан балдар «буй-буйдун кызы» деп тийишип качышат. Анан мен аларды энеӊди урайын деп кууйм.
– Атаӊ үйдө эмне жумуш кылат?
– Эч нерсе кылбайт, бизди эркелетип эле жата берет, анан тез эле уктап калат. Дагы телезордон (ред. телевизор) «буй-буй» деп чыгып иштейт. Күнүгө кетип калат. Мен сагынып, качан келет деп ыйлайм. Апам «ыйлаба, сага атаӊ банан, сок, йогурт алып келиш үчүн акча тапканы кетти» деп айтат. Анан атам көп акча алып келип үйүбүздү тезирээк бүтүрсүн деп ыйлабай калам.
– Үйдө апаӊа жардам бересиӊби?
– Апам «огороддо» (ред. бакча) эле иштейт, калган иштердин баарын Мираида, Аделина эжелерим жасашат. Атам акчасынын жарымын апама берип «эс алып келгиле» десе, ал бизди паркка, батутка алып барат.
– Чоӊойгондо ким болосуӊ?
– Ырчы болом. Мен «жамгыр төктү, эч басылбай» деп ырдаганда «соседдердин» баары карап калышат . Алар мага Алла Пугачёва деген ат коюп коюшкан. Мен жаздыктан ашып уктасам атам «мен да ушинтип уктачумун, менин кызым атасына окшоп белгилүү кыз болот» деп кечке эле айта берет.
– Бала бакчага барасыӊбы?
– Ооба, эрте туруп барайын десем, атам алып барбай коёт. «Силерди сагындым, жыттап-жыттап эркелетип алайын» дейт. Анан биз менен ойнойт.
– Атаӊ урушабы сени?
– Алихан экөөбүз компитур (ред.компьютер) талашканда аны ыйлатсам урушат. Апам «Аянушка» деп эркелетсе, атам «лапочкам», «шапатайым», «ак жолтоюм» деп эркелетет.
– «Шапатайым» деген эмнени түшүндүрөт, билесиӊби?
– «Шапатайым» деген бети кичинекей, шапалактай болгон кыз. «Ак жолтоюм» деп эмнеге айтат, айтайынбы? Менден мурун атамдын 3 кызы төрөлүп уктап калган экен. Ошого мени «ак жолтоюм» дейт да. Мен төрөлгөндөн кийин Алихан төрөлгөн, атам машина алган, үй салган. Ошондуктан мени жакшы көрөт.
– Кандай тамакты жакшы көрөсүӊ?
– Пиццаны, кашаны жакшы көрөм, манты жакпайт. Камыр жесем семирип кетем. Анан «красивий» көйнөктөрүм батпай калат.
– Азыртадан келбетиӊе кам көргөн тыӊ кыз экенсиӊ, бактылуу бол!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Azura
2015-09-14 12:36:40
торт жаштагы кыздын маегин,не по годам умная.молодец!!!
+4
perim.ai
2015-09-14 13:16:27
Семирип кетем дегенин... Омуру узун, бактылуу кыз болсун.
+6
Асылжан
2015-09-14 13:52:16
Азыркы замандын балдары тын. Азамат такылдап суйлогон акылдуу кыз экен. Келечекте журналист болчудай туюлду. Эн негизгиси бактылуу болсун.

+5
Kozushka
2015-09-14 15:41:28
аябай сонун интервью бериптир аябай жакты омуру узун болсун!!!
+3
kutucsha
2015-09-15 00:24:28
))))))))
0
Jesika
2015-09-15 01:19:51
"Красивый койнокторум" сонун го)))
+1
88inara88
2015-09-15 02:12:53
Шапатай дегени жакты,бир жыргаап кулуп алдым,аябай акылдууго коз тийбесин,чон кыздардай жооп бериптир.
+2
tabyshmak
2015-09-15 10:48:02
Ата кызы турбайбы, бактылуу балалыгын балдай турмуш жолу менен улансын! Ата-энендин ак жолтою эле эмес жакындарындын баарынын акжолтою бол!
+3
amanatym
2015-09-16 09:50:38
Бактылуу кыздардан бол
0
madin_
2015-09-18 19:22:15
Аябай чыйраак кыз экен... Омурун берсин ИншаАллах!!!
0
cezim01
2015-09-18 21:16:17
кыздар атасына жакын болотго
0
aksy.koi-tash
2015-09-19 08:17:18
Абдан акулду ширин кыз екен омурлу болсун
0
Guku8290
2015-09-19 14:12:17
Акжолтой кыздын омурун берсин
0
nice.love
2015-09-19 18:13:24
Айи тыкылдаган тын кызго. Суйлогон создору деги эле билимдуу жакшы окугандыгын далилдеп турат. Кичинекей келечегин кен болсун.
0
guzel_
2015-09-22 15:28:49
Ырдаганы да бийлегени да озуно аябай сонун жарашат Бактияр Токторовдун.Ийгилик каалайм
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан