(Башталышы өткөн сандарда)
Генерал Курманжанга кызыл кымкап тон жапты.
– Биздин азирети ак пашабыздын ыракымы. Кут болсун, урматы улук канике айым! Сизге орус аскеринин полковниги деген аскерлик чин берилерин жана дагы өз өлкөӊүздөгү эӊ бийик баркыӊызды мындан ары дагы да көтөрүп, сизге «Кара кыргыз каникеси» деп урматтоо ылайык табылганын көп алдында жария кабарлап коюуну өз вазийфам деп эсептейм. Жана да мындан тышкары азирети ак пашанын казынасынан сизге жылына үч жүз сом өлчөмүндө көмөкчү каражат ыйгарылат.
Курманжан мелтиреп суз кабыл алды. «Кайдагы канике?! Өз алдынча журт сурайт канике деген! Бул шартнамага мөөр басып, анан каникемин десеӊ тууган уялбайбы, душман табалап күлбөйбү, кокуй?!»
– Эми мага атак зарыл эмес, улугум... Мага эми азирети ак пашанын пейили кеӊ болушун гана бир Кудайдан тилеп, ушул ыйык шартнамага ылайык журтум тынч болсо, журт ичинде өзүм бир Кудайга кулдук өтөп, тынч өмүр кечириш жагы гана ылазым...
ххх
Энеден «бек туулгам», «хан туулгам» дегендер бири хандык укугунан ажырап, бири бекчилик кадырынан тайып, эӊ акыры жок дегенде «орус менен кол коюшуп» «ит жемин» бөлүшүп калбаганына өкүнүшпөй коймокпу?! Не кокустук, не эрегиш, иши кылып болуп кеткен кагылыштар тымызын күйткүлөнүп, «журт намысы», «дин намысы» деген ыйык сөз кайрадан күбүр-шыбыр болуп, кайрадан жанына кире баштаганда кылдат жарымпаша муну көз жаздым кылган жок. Бир убакта эл көтөрүлүшкө каршы «иш кылып» беришкендиги үчүн өзүлөрү ар түркүн «наам», «чин» ыйгарган «Его высочества» Кудаяр, «дворянин» Насирдин, «полковник» Абдырахман элден бөлүнүп, алыскы Оренбург губерниясына көчүрмө кылынды. Түркстан жерин канга бөлөгөндүгү үчүн чет элде да, бул элде да өзгөчө жек көрүнгөн генерал Скобелев оболу Санкт-Петербургга чакырылып алынды да, андан ары ошол кезде Балкан-Тоодо жүрүп жаткан орус-түрк согушуна жиберилди. Мунун кетиши да жергилик элди кыйла ыраазы кылган иш болду.
ххх
Абил бий бир күнү Бекназарды чакыртты.
– Эми... үкем... не кылган менен тууган экенбиз, чакыртсам назерими сындырбай үйүмө келип, бирге даам сызышып отурасыӊ...- деп көпкө токтолуп, буулуп отуруп кеп улады... – Аттиӊ ай, кимге катуу кебим өтсө, катуу камчым тийсе... күйүп кеткен ордонун кебин айттым эле, ошонун катуу камчысын чаптым эле, аттиӊ ай... Не артты мага?! Өз туугандарыма, өз курдаштарыма жаман көрүнгөнүмдөн башка?!
Унчукпай, тиктебей деле өзүнчө эле угуп отура берди Бекназар.
– Өзүӊ билесиӊ, үкем, баары сенин көз алдыӊда болуп өттү го... Тээ баягы «кан көтөрүш» болгондо көздөй жигитими бердим – кан көтөрүлүп калсын дедим; ырылдаган ит Домбунун кунун бүтүрдүм – элге тынччылык болсун дедим; кайран Шер датканы жараштырдым – тиякта Ташкен алынып турган убакта ордонун ынтымагы бүтүнүрөөк болуп турсун дедим; элдин эрегиши күч алганда эрегиш жакка Абдырахманды өткөрдүм – күч бириксин, бир жагына оосун дедим; ал көй мансапка тез жетмечки болуп, тили ширин жарымпашанын азгырыгына кирип, акыры азгырган азгырык аны талаага таштап кеткенде, канча болсо да артынан ээрчиген кошууну бар эле анын, кайра Исхак менен жараштырдым – бийлик бир бекем колго өтсүн, ордо сакталып калсын, мамлекет бузулбасын дедим...
Ырас, болгон иш мунун баары. Баш ийкеп, жанагыдай эле тынч отурду Бекназар.
Абил бий:
– Бирине милдет кылдымбы?! «Датка кылгыла», «парваначы кылгыла» деп жулунуп бардымбы?! Жок. Иттей ырылдашып, мышыктай кыйылдашып талашып жаткандарга аралашып калгым келген жок. Бу бийлик деген кимден калбаган, кимдин башын жебеген?!
Сөз кошподу Бекназар.
– Мына, эмне болду акыры?- деп өзү кейиди Абил бий. – Эӊ акыры ханын дарга астырып, «жаман төөнүн жабуусу» эле бизге ордо, аны алдырып, көӊдөбөгө күрөлүп ташталды го өзүлөрү да?!
(Уландысы кийинки сандарда)