Кыргызстан жакынкы 5 жылдык тагдырын аныктоочу окуянын алдында турат. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринде эмне максат-мүдөө бар? Буга чейин эмне кемчиликтерди кетиришти, эми кантип аларды жоюшмакчы? Алардын сыймыктана турган кандай жетишкендиктери бар? «Азаттыктын» партия лидерлери менен болгон маектеринин урунттуу учурларына бул санда да орун бердик.
– Cаламатсызбы, КСДП бийликтин партиясы болуп туруп тизмесине кримдүйнөгө байланышы бар адамдар кошулуп кеткени боюнча ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Мисалы, Бакыт Жетигенов жана «Дики» деген каймана аты бар Дилмурат Акпаралиев... Ушул боюнча комментарий берип кетсеӊиз.
– Биз тизмелерди партиянын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүнүн сунуштарын эске алуу менен, алардын партияга сиӊирген эмгеги, эл арасындагы аброю сыяктуу маселелерди эске алуу менен түздүк. Айрым талапкерлер боюнча тактоолор мына эми болуп жатат. Андай талапкерлер мыйзамдын негизинде катышканга мүмкүнчүлүктөрү болсо дагы арыздарын жазып кетип жатышат.
– Партия лидери катары Бакыт Жетигенов тууралуу мурда ИИМдин башчысы эмне деп айтканын билесиз да. Дилмурат Акпаралиев тууралуу да маалымат болгон. Тизмеге киргенге чейин тактаганга мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
– Биринчиден, Бакыт Жетигенов 5 жыл депутат болуп жүрдү. ИИМдин башчысы Суранчиев айткан сөзүн кайра артка алган. Мунун баарын биз билген үчүн, демек, адамдар, министрлер ашыкча же жаӊылыш айтып кайра сөздөрүн артка алганын эске алдык да.
– А Дилмурат Акпаралиев боюнчачы?
– Ал киши биздин тизмеден кетти.
– Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов элүүдөн кийинки катарда турат. Шайлоочулар деле элүүнчү орунда
турганы менен ал баары бир соодалашып, орундарды жылдырып келет деп ойлоп жатышат да...
– Бизде андай тажрыйба болгон эмес. Эгерде 50 мандат алсак мүмкүнчүлүгү бар. Эгер ала албай калсак, демек, өзүнүн кезегин күтүшү керек.
– Бул жолу Турсунтай Салимов менен Ыргал Кадыралиеванын тизмеге кирбей калышына партия лидери Чыныбай Турсунбеков нааразы болду дегендей пикир айтылып жатат...
– А эмнеге нааразы болушум керек?
– Чыгаргысы келген жок деген ойду айтып жатышат.
– Туура, мыйзам алдында алар күнөөлүү эмес. Бирок моралдык жактан аларга так түшүп калды. Ошого байланыштуу биздин жаштар канаты өздөрүнүн талаптарын койду. Биз ал талаптарды уктук.
– Буга чейин «Азаттыкка» берген маектериӊизде «бизде эч кандай акча жок, мынча беришиӊ керек деп тизмеге киргизген жокпуз, демөөрчүлөрүбүз бар» дегенсиз. Ошол демөөрчүлөр кимдер?
– Демөөрчүлөр ушул партияга ишенген, ушул партия бийликке келсе, Кыргызстан үчүн жакшы иш кыла алат деген адамдар, ишкерлер деп айтса болот.
– Ошондо алар тизмеде турбай эле колдоп турушабы?
– Тизмеде турбай да колдогондор бар. Ошол тизмеге киргизбей койгонубузга карабай колдоп жаткандар дагы бар. Мүмкүнчүлүгү бар адамдарды сен колдобо муну деп айтпайбыз да. Элдин баары эле ошентип ойлошот окшойт. Баары эле соодалашып иш кылбайт. Соодалашкандар башка партияда болушу ыктымал, бизде тизмени көрүп турсаӊар керек – Апрель революциясына катышкандар, ошол жерде курман болгондордун өкүлдөрү, майыптык маселелери барлар, жаштар. Ачыгын айтканда, байып кетпеген, колунда жок адамдар тизмеде алды жакта турганын көрүп жатасыӊар. Алар биздин агитациялык иш-чараларды жүргүзгөнгө жардам бере турган адамдар. Ошондой адамдарга ишенип, ушул партияга ишенип колдоо көргөзгөн жетиштүү адамдар бар.
– Шайлоочулардын арасында шайлоодо КСДП партиясы административдик ресурсту колдонуу менен добушту көп алышы мүмкүн деп жатышат. Мына, Ошто шайлоо аймактарынын бири партия мүчөсүнүн имаратында жайгашкан экен...
– Андай маселелер болсо, сигнал жетсе, БШК реакция жасайт деп ойлойм. Билбестиктен болуп калышы ыктымал. Эгерде административдик ресурсту колдонгон боюнча фактыӊар болсо айтсаӊар, көргөзсөӊөр сөзсүз түрдө жооп бергенге даярбыз. Бекеринен биометриканы социал-демократтар, Атамбаев баш болуп киргизип жаткан жери жок. Биз таза шайлоону көксөгөн, таза шайлоо Кыргызстандын мындан кийинки ынтымагына фундамент болуп берет деген пикирдеги адамдарбыз.
– КСДП көпчүлүктү алуу дымагы менен баратат да. «Кыргызстан» партиясы бийликтин эле долбоору, эки партия биригип көпчүлүктү түзүүгө аракет кылып жатат» деп айтылып жатат. «Кыргызстан» партиясы бийлик менен иштешип жатканын ачык айта аласызбы?
– Кыргызда жакшы макал бар «атадан алтоо болсоӊ да, ар башыӊа жалгызсыӊ» дейт. Социал-демократтар өзүбүздүн тизмедеги адамдардын депутат болушу үчүн күрөшүп жатабыз. Ал партия өзүнүн жолу менен баратат. Эми канчалык көбүрөөк партия менен иштешсек, Кыргызстандын өзүнө кызык болот да. Чабышып иштеген убак өттү. Чабышып жүрүп Кыргызстанга мүйүз чыккан жок, жашоосу оӊолуп кеткен жери жок. А чабышып, кыйкырып эл көзүнчө башкаларды сындап жүргөндөр деле Кыргызстанды жыргатып ийген жери жок. Тескерисинче, унчукпай иштеп жүргөндөр Кыргызстанга көбүрөөк пайда алып келип жатат. Мен ошол позицияны көбүрөөк колдогон адаммын. Ким биз менен иштеше билсе, бардыгы менен иштешкенге даяр болушубуз керек.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп,
кыскартылып берилди.