Кыргызстан жакынкы 5 жылдык тагдырын аныктоочу окуянын алдында турат. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринде эмне максат-мүдөө бар? Буга чейин эмне кемчиликтерди кетиришти, эми кантип аларды жоюшмакчы? Алардын сыймыктана турган кандай жетишкендиктери бар? «Азаттыктын» партия лидерлери менен болгон маектеринин урунттуу учурларына бул санда да орун бердик.
– Саламатсыздарбы, биздин студияда «Республика-Ата Журт» партиясынын теӊ төрагалары Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев.
Биринчи суроо Өмүрбек Бабановго, сиз талапкерлер тизмесинде биринчи орунда, партиянын теӊ төрагасы болуп туруп Камчыбек Кыдыршаевич 41-орунда. Себеби эмнеде?
Өмүрбек Бабанов: – Тизмеге көрсөтүп жатканда биз элдин добушуна ээ болгон адам гана депутат болуп келет деп бир келишимге келгенбиз. Талапкерлерге округдарды бөлүп бердик. Ошол округдан орун алса, тизмеде канчанчы болбосун ал депутат болот, добуш албагандар чыгат. Өзүбүздөн мисал катары көрсөтөлү деп Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, ал 41-орунга турду.
– Мыйзамда партиянын курултайында бекитилген тизме шайлоодон кийин өзгөртүлбөйт. Демек, сиздер 41 мандаттан көбүрөөк добуш алабыз деген дымак менен баратасыздар. Же болбосо Камчыбек Кыдыршаевич өтпөй калса 41-орунга чейинкилер курмандыкка чалынат. Ушундай түшүнсө болобу?
Камчыбек Ташиев: – Биздин эч кандай шайлоо мыйзамын бузабыз деген оюбуз жок. Бирок ошол 41-орунга чейинки талапкерлерибиз өзүнө бөлүнгөн жерден добуш ала албай калса, анда тизмеден чыгууга мажбур болушат.
– Интернетке партиянын курултайында берилген анттардын көчүрмөсү жарыяланып кетти. Антта «эгер мен жетиштүү добуш албай калсам, тизмеден баш тартам. Эгер баш тартпасам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын» деген сөздөр жазылыптыр. Демек, сиздердин талапкерлер бир мандат үчүн балдарынын жакшылыгынан айрылганга даяр адамдарбы?
Ө.Б.: – Эӊ негизгиси, биздин талапкерлер эмне үчүн ушундай катуу ант берип жатышат?
– Демек, берилген ант туура?
– Туура, талапкерлер ушундай ант беришкен. «Депутат болуп шайланып келсем, ошол фракциянын мүчөлүгүнөн беш жыл чыкпайм, партиянын чечимине багынам, партиянын программасын колдойм жана саясий кеӊештин чечимин аткарам» деп. Бул биринчиси. Экинчи «татыктуу добуш албай калсам, тизмеден чыгам» деген убада баратат. Биз реалдуу түрдө кардиналдуу реформа жасайбыз деп баратабыз. Аны чечкиндүү адамдар гана жасай алышат. Ошон үчүн ошондой антты берип жатабыз. Бул ант – абийирдин анты.
– Антка кошумча «Бабанов ар бир талапкерге ири суммадагы насыя бериптир. Антына турбай тизмеден чыкпаса, ошол насыяны олчойгон үстөк пайызы менен төлөйт экен» деп айтылып жатат...
– Бул антка эч кандай тиешеси жок. Туура, мен балдарга жардам берип жатам, бир гана мен эмес, бир топ адамдар...
– Тагыраагы, талапкерлерге жардам берип жатасыздар...
– Талапкерлергеби, адамдаргабы, биз бир топ адамдарга жардам беребиз. Бирок ар бир адам жардамды алгандан кийин жоопкерчиликти сезе билиши керек. Кудай буюрса, шайлоодон кийин көрөбүз аны.
– Демек, насыя бергениӊиз чындык...
– Биз жардам берип жатабыз.
– Суроом Камчыбек Кыдыршаевичке, сиз 41-орунда, сизди актайм деп кызматынан айрылган Курманбек Зулушев (мурунку судья) 11-орунда баратат. Сизден да сизди актаган адам маанилүүбү?
– Мен үчүн мага ак кызмат кылган, ишеничимди актаган адамдар ар дайым маанилүү.
– Кримчөйрөнүн өкүлдөрү «Республика-Ата Журтту» да кыйгап өткөн жок. 26-орунда Улан Чолпонбаев баратат. Бул киши кримдүйнөдө «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин командасында болчу, «Хоп» деген каймана аттуу, керек болсо анын казыначысы болчу деген маалыматтар бар. Сиздер ушул жактарын карадыӊыздарбы? Же «Республика-Ата Журт» каралар менен дагы кызматташууга даярбы?
Ө.Б.: – Улан Чолпонбаев V чакырылыштын депутаты, оппозициялык фракциянын мүчөсү. Бир да иш козголгон эмес. Ошондой иштери болсо, бүгүнкү күндө бийликте турган адамдар иш козгосун, биз тизмеден чыгарабыз. Туура, сиз айтып жаткан сөз бар. Мен Уланды чакырып сүйлөштүм. Ал «эч кандай тиешем жок» деп айтты.
– Суроом Камчыбек Кыдыршаевичке, сиздер бириккенден бери эмне таптыӊыздар?
– Мен өзүм, тарапташтарым, шайлоочу-колдоочуларым Өмүрбек Токтогулович менен биригип мамлекетибиздин, Кыргызстаныбыздын, кыргыз элинин эртеӊки келечегин аныктай турган эӊ бир зор команда түздүк. Эч кандай өкүнүч жок.
– Сиз убагында оппозицияда жүрдүӊүз, баягы кашаадан секирип соттолгондугуӊуз да ошого байланыштуу. Андан кийин эле мурда сындап жүргөн Өмүрбек мырзага кошулуп кеттиӊиз. Эми эл сизге кантип ишенет?
– Эл мага ишенбесе, мени 3 жолу шайламак эмес. Кийинкисин бир жарым айдан кийин шайлоо бүткөндө көрөсүз, эл кимге, кандай ишенерин. Элдин үмүтү бир журналисттин же болбосо 4 адамдын чыгарган ушагы менен бааланбайт.
– Өмүрбек мырза, сизге да ушул эле суроону берейин, «Ата Журт» менен «Республика» биригип эмне таптыӊыздар?
– Мени капа кылганын айтайын, айрым журналисттер, сасык саясатчылар болбогон ишти айтып, ошол нерсе өзгөчө өнүгүп кетип жатат да. Мисалы, «Камчыбек Кыдыршаевич экөө тизмени түзө албай мушташып кетишти» деп. Экөөбүз экиге бөлүнүп кетсек, алар тимеле сүйүнө тургандай сезим бар. Туура, сиз айтып жаткан маселелер бар. Экөөбүздүн теӊ тарапташтарыбыз бар. Эки чоӊ партия 500 миӊден көп добуш алган эки партия. Эӊ негизгиси, көпчүлүгү, 80 пайыздан ашыгы эӊ туура кылды деп сүйүнүп жатышат. Туура, экөөбүз көп сындарды айтып жүргөнбүз. Бирок амбицияларды таштап туруп көз карашыбызды карап көрсөк, максатыбыз – мамлекетти көтөрүү экен да. Экөөбүз бириге албасак, анда элибизди кантип бириктиребиз? Маселелер бар да, аймактык, улуттук дегендей. Ошон үчүн мушташуу мындай турсун, бири-бирибизге катуу сөз айтпайбыз. Бул оӊой иш эмес, бирок бул туура иш. Туура иш эч качан оӊой болбойт. Биз сөзсүз жеӊишке ээ болобуз! Анткени биз оригиналдуу чечимдерге барабыз.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп,
кыскартылып берилди.