Алтынбек Сулайманов: «БИЗДИ УКПАСА, КЕСКИН ЧАРАЛАРГА БАРАБЫЗ»

Кыргызстан жакынкы 5 жылдык тагдырын аныктоочу окуянын алдында турат. Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринде эмне максат-мүдөө бар? Буга чейин эмне кемчиликтерди кетиришти, эми кантип аларды жоюшмакчы? Алардын сыймыктана турган кандай жетишкендиктери бар? «Азаттыктын» партия лидерлери менен болгон маектеринин урунттуу учурларына бул санда да орун бердик.

– Алтынбек мырза, «Бир бол» парламентке өтөт деп ишенип турасыздарбы?
– Атаандаштарыбыздын баары күчтүү партиялар. Албетте, өтөбүз деген ишеничибиз бар.
– Мен эсептеп бара жатып жаӊылып кеттим, аябай көп сандагы «Ак жолдун» мурдагы депутаттары, Бакиев бийлигинин акыркы күнүндө аны менен иштешип жаткан премьер-министр, министр, прокурорлор жүрөт. Ушундай эски кадрлар менен парламентке өтөбүз деп ишенип турасыздарбы?
– Албетте.
– Эл 2010-жылы ыӊкылап кылып бул кишилерди тараткан болчу да...
– 2010-жылы тарагандан кийин Акаевдин же Бакиевдин кезинде иштегендердин баары иштебей калдыбы? Ар бири өз мезгилинде Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон. Азыр жакшы иштеген инсандардын баары өз ордун таап, ар жерде иштеп жүрүшөт. Биздин тизмеде да ошондой кишилер бар.
– Талапкерлер арасында криминалга тиешеси барлар тууралуу көп сөздөр жүрүп жатат. Сиздердикине келсек, «Душка» деген каймана аттуу Дүйшөн Төрөкулов криминалга тиешеси бар делип жатат. Ошто көбү тааныйт экен. Ал тургай Кара-Суу районун кармайт, карайт деп айтып жүрүшөт...
– Дагы жаӊылышып жатасыӊар. Маалыматыӊарга журналисттик жакшы анализ жүргүзүп алсаӊар болмок. Ал жигит Ошто спорт комитетин башкарат.
– Ооба, аны билебиз. Андан тышкары...
– Ал жигит бул күнгө чейин спорт тармагында жүргөн. Криминалдык дүйнөдө жүргөн болсо иликтеп көргүлө, кимдер менен жүргөн, кайсы кылмышты кылган? Жөн эле спортчуларды же көчөдө тентегирээк жүргөн балдарды криминалга такай берген туура эмес.
– Сиздин атыӊыз деле аралашып жүрөт...
– Ооба, меники да көптөн бери аралашып жүрөт. Дагы айтам: иш козголмок түгүл бир күн да милиция кызматкерине сурак берип көргөн жигит эмесмин.
– Ош аэропортундагы карактоо боюнча мурдагы партиялашыӊыз Жусуп Коргонбай уулу жана анын иниси Жоомарт «каракчылыкка шектелгендердин бирөөсү менен байланышыбыз болгон, катташып жүргөнбүз» деп моюнга алышты. Сиздин дагы бир өнөктөшүӊүз, партиялашыӊыз Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси да каракчылыкка шектелип кармалды. Ошол миллиондогон долларды карактаган ишти бийликте отурган чоӊ жетекчилер болбосо, таасирдүү топ болбосо жасай алмак эмес деп багытты сиздер тарапка буруп койгон болчу. Сиз кандай жооп бересиз, байланыш бар болуп калган жокпу, же жөн гана дал келүүчүлүкпү?
– Замир Сыргабаев көп жылдар бою жанымда жүргөн. Иниси ошол ишке аралашып жаткан болсо, ал азыр түрмөдө отурат. Ал ишти жасагандар бүт ачыкка чыгып, камалганы камалып, качканы качып, керек болсо ал ишке байланыштуу казактар да кармалды. Бүт аягына чейин чыкты да. Чыккандан кийин ошол сөз да токтободубу. Аралашкан болсок бизди эбак эле жеп коймок да?!
– Бир тыйын дагы алган эмессизби?
– Кандайча бир тыйын алышым керек?! Сен мындай кичине сөзүӊдү оӊдоп койсоӊ...
– Жок-жок, колуӊузга бир тыйын да тийген эмеспи?
– Тийген эмес. Керек болсо биз ал ишти билген эмеспиз, кийин билип жатпайбызбы.
– Сиздин кирешеӊиз кайдан түшөт, эл билсе болобу ушуну?
– Менин кирешем... Менин компаньон досторум бар, депутаттыкка келгенге чейин жасап жүргөн бизнесимди уланткан инилерим бар. Бизнесим көбүнчө курулуш тармагында. Өндүрүш жакта да бар. Түрдүү иштерди кылган «Карго» бар.
– Декларация толтурганда жалаӊ эле айлыгыӊызды көрсөтүпсүз. 2014-жылга 721 миӊ сом деп эсептелиптир. Сиз анчалык кедей эмессиз да?
– Көрүп жатпайсыӊарбы, мыйзам иштебей жатса, элдин бардыгы байлыгын көрсөткөндөн коркушса, анан журналисттер алып чыгып көрсөтүп жатсаӊар, ким кепилдик берет?.. Эртеӊ аларды кимдер келип тоноп кетет? Бул деген жашыруун болушу керек да. Декларация деген менен ар бир жарандын коопсуздугу сакталышы керек...
– Сиз мамлекеттик кызматкер катары мыйзам боюнча ачык болушу керек да.
– Ооба, меники боюнча эч бир мыйзамды бузган эмесмин. Мүлктөрүмдү өзүмдүн атыма жаздырган эмесмин. Мен азыр бизнес менен алектенбейм, бүгүн депутат катары мамлекеттен маянадан тышкары эч нерсе алган жокмун. Бизнесимдин өзүнүн менеджерлери бар, бир тууган иним бар, ошол жумуштарды жүргүзүп жатат.
– «Жаш күч» деген спорт клубуӊуз Ошто көп. Парламенттик шайлоодон кийин башкача натыйжалар чыгып калса, «Жаш күчтүн» спортчулары кокусунан ошол иштерге аралашпайбы?
– Жеӊгенди да, жеӊилгенди да билиш керек. Эгерде биз чындап жеӊген болсок, тийиштүү добушубузду алган болсок, бирок жыйынтык бурмаланса, анда биз ар бир шайлоочубуздун добушун коргоого милдеттүүбүз.
– Кантип коргойсуздар?
– Кеттик, согуштук, мушташтык деген сөз болбойт. Биз мыйзам чегинде барышыбыз мүмкүн. Эгерде талабыбызды талашып, добушубузду сактап бергиле дегенибизди укпаган болсо, анда башка нерселерге да барышыбыз мүмкүн.
– Мисалы, эмнеге барышыӊыздар мүмкүн?
– Биз анда бүгүнкү бийликтин кетишин талап кылабыз.
– Сиздер айтсаӊыздар эле кетпейт да...
– Кетпесе... Кандай кетпейт? Биздин туура койгон талаптарыбызды укпаган болсо, анда биз деле «крайний» жолдорго барышыбыз мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектен түшүрүлүп,
кыскартылып берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
fanatka19
2015-09-15 18:39:28
Эптеп эле бийлике жетиш керек,жетпей калса пикет кылың керек го мунун максаты.
+2
Gulnaz.GS
2015-09-15 19:12:18
супер неге озунордо мындай журналист жок.силер аябай сылыксынар.черезчур
+6
jama9210
2015-09-15 23:11:10
Кантет бу киши!? Кекетип мокотуп коркутатго чиркин!)))) Короче отстой.
+3
Мэри
2015-09-16 10:01:26
Макаланы окуй элекмин, бирок темасын окуп эле иренжий түштүм.Коркутат го, ушинтип анан "капа" кылышат да...
+2
Rashinboy
2015-09-16 16:55:51
Айткылачы кимге салсак жарашат?
Партиялар мага сал деп талашат.
Канааттанбай добушума негедир.
Кемпиримдин добушун да самашат.
Кошуна, дос жүрөт мени үгүттөп.
Мобуга сал ушул мыкты жигит деп.
Кимге ишенип, кимисине салайын?
Кетишпесе экен шайлоо бүткүчө жиликтеп.
Сөзүн угуп Ажыбыз Чубактын.
Миң сомун албай койдум чунактын.
Күнөө кылбай жүрдүң беле мурда деп.
Кемпир жеди кужурун кулактын.
Кетсе дагы кээбирөөнөн ишеним.
Калп айтса ишенебиз биз элим.
Калың элди кан какшата бербезтен.
Кагылайын депутаттар түзөлүң.
Ошкадан ашып өттү жарнамаң.
Акчаңарга ичим ачып арданам.
Добушумдун аямакмын эмнесин.
Эл катары берүүгө камданам.
Элге окшоп мен деле алданам.
+7
Akshumkar
2015-09-16 17:59:26
ОО дерский ыр болуптур эркек
+2
Aikyn93
2015-09-16 22:01:04
кебетесинен эле корунуп турат кандай киши экени кыргызстанга мындайдын барынан жогу жакшы
+6
Medina87
2015-09-17 21:31:16
Журналистке ийгилик!
+4
Medina87
2015-09-17 21:33:35
"Мал аласы сыртында, адам аласы ичиндеее"-деп бекер айтылбаган...
0
jypar.i
2015-09-18 14:23:32
Medina87,бирок мунун аласы деле билинип калды го,өтө коркунучтуу киши экен, өзүнүн партиясына антиреклама жасап алдыбы дейм
+1
matrisa9
2015-09-18 07:14:47
Озу деле азыркы бийликте отурбайбы.
0
ALAi..14
2015-09-18 16:50:59
Озу башында кандай комент калтырылса баары ошону кыска,женил ой менен ээрчип кете беришет бул табияттан ошондой, суроого жараша жооп берилген жебеген жердин астында жеседа ишин так аткарган адамдар чонгулган деп айта алам Бир болго,анан да СДПКны эмне чукушпайт деген суроону берген кайран ооз ал бештен белгилуу темболее азаттыктын 2журналистти ушул партиядан кетип жатса... Мен алдыдагы шайлоодо оз добушумду Онугуу прогресс учун коротом!

0
mani
2015-09-20 21:42:37
Бир бол андай , бир бол мындай деп аябай жамандапсынарго. Кимди мактагынар келип атат? Атамбаев СДПК, Текебаев АТА МЕКЕН, Ташиев АТА Журт, Мадумаров Бутун эмгек? Кыргызстанды бир Бакиев, Бир Акаев жеп кетти дегени турасынарбы? Ошол учурда иштеген айыл окмот, мектептин директору, райондун бухгалтер начальниктери,мээрияда иштеген ар бир кызматкер, жаза берсен коп баардык мамлекеттик иште иштеген адамдар курттай олконун казынасын жеп ошол менен жашап келишкен. Азыр да жашап жатышат.
0
mani
2015-09-20 21:45:29
Бир болдо эмес баардык партияда жегендер журот. Соо Адам содагер болобу? Дегендей эле соз да. Баары жейт. Олконун кызыкчылыгы кимге керек. Ар кандай бизнестери бар. Ошол учун депутатыка ат салышып жатат. Карапайым Ким бар?
0
mani
2015-09-20 21:48:36
Кыргызстан онолушу учун 6 млн адамдын 1,5млн ХХХ ХХХ керек. Ошондо гана мамлекет онолот.
0
admin_superstan
2015-09-21 10:43:05
mani, провокация билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
0
admin_superstan
2015-09-21 10:59:20
Aikyn93, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан