Калыкбек Султанов: «ПРЕЗИДЕНТТИН САЯСАТЫН ТОЛУК КОЛДОЙМ»

– Калыкбек Иманалиевич, Транспорт жана коммуникация министрлигинен өз каалооӊуз менен кеткениӊизге 4-5 ай болуп калды. Бүгүнкү күндө эмне иш менен алексиз?
– Эс алып жатам. Акыркы 5 жылдан бери кол тийбей көӊүл сыртында калган жеке иштерим менен алектенүүдөмүн. Үй-бүлөмө көбүрөөк убактымды бөлүп, жакындарыма кам көрүүгө аракет кылып жатам. Көп жылдан берки топтогон кесиптик тажрыйбам менен бөлүшүп, уулума компаниясынын («Авангард стиль») ишин алып барууга кеӊешимди берип, жардам берип жатам. Мындан тышкары акырындык менен ден соолугумду калыбына келтирип жатам, билинбей эле бир топ илдетке чалдыгыпмын…
– Транспорт министрлигин 2011-жылдан тарта 2015-жылдын апрель айына чейин дээрлик төрт жыл жетектедиӊиз. Бул убакыт аралыгында көзгө толумдуу кандай иштерди жасап үлгүрдүӊүз?
– Мен өзүмдү оптимисттердин катарына кошуп келгем, министр кезимде да. Иш учурунда негизги көӊүл өлкөнүн транспорт инфраструктурасын жакшыртууга бурулду. Жаӊы курулуштарга, аларды ишке киргизүүгө өтө көп чыгым талап кылынса да, биз бул тармактагы абалды турукташтыра алдык. Атап айтсам, транспорт тармагындагы эӊ маанилүү, көйгөйлүү бөлүгү болгон унаа жол секторун жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурдук.
Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там, Ош-Баткен-Исфана, Сары-Таш-Карамык унаа жолдорун оӊдоо-түздөө иштери жүрүп жатканы жалпыга маалым. Бул долбоорлордун алкагында 500 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Натыйжада бул жолдордогу кыймылдын өсүшү 20 пайызды түздү же суткасына 1750дөн 2100гө чейин унаа жүрөт. Унаа каражаттарынын жолдогу кыймылынын ылдамдыгы 2 эсеге өсүп, саатына 90 чакырымды түздү (мурда саатына 50 чакырым болчу).
Мындан тышкары мамлекет башчысынын жетекчилигинде жаӊы ири инфраструктуралык долбоорлор иштелип чыгып башталды. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет жасалып жаткан ири долбоорлор.
Ошондой долбоорлордун бири – Балыкчы-Кызыл-Жылдыз-Арал-Казарман-Жалал-Абад багытында (Түндүк-Түштүк) 433 чакырым альтернатива жолун куруу долбоору. Бул жол Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ, өлкөнүн аймагы аркылуу транзитке мүмкүндүк ачылып, экономиканын өнүгүүсү үчүн түрткү болот. Бул жол ошондой эле Жалал-Абад менен Балыкчынын ортосундагы сапарды 300 чакырымга кыскартат, албетте, муну менен түштүк аймагынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарына жүргүнчү жана жүк ташууга кетчү чыгым да кыскарат. Ошондой эле көптөгөн калктуу пункттарды камтыган инфраструктура да жакшырат – жаӊы убактылуу конуштар, тамактануучу жайлар, унаага май куюучу, унаа оӊдоочу жайлар жана башкалар пайда болот.
Бул унаа жолдун негизги мааниси – эл арасындагы түндүк-түштүк деген бөлүнүүнү бара-бара жоёт. Түндүк-Түштүк долбоорун ишке ашыруу – Алмазбек Атамбаевдин демилгеси. Президент бул долбоор жаралгандан баштап түрткү берип, натыйжада долбоор ишке ашууда.
2014-жылдан тарта кытай тарап менен жаӊы Транскыргыз мультимодалдык коридорун (ТКММК) түзүү долбоору иштелүүдө. Бул долбоор Кыргызстан аркылуу Кытайды Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстан менен байланыштырып, аймактагы контейнерлерди транспорттоо коридоруна альтернатива болот. Ал Кыргызстандын транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталып, Кыргызстандын Кытай менен Европанын ортосундагы транспорттук коридорго активдүү катышуусу менен кошуна мамлекеттерге болгон логистикалык көз карандылыктан арылтат.
Жалпылап айтсак, бул долбоорлор төмөнкүдөй оӊ факторлорго ээ: Кыргыз Республикасынын транспорттук коопсуздугун бекемдөө (кошуна өлкөлөргө болгон транзиттик көз карандылыкты азайтуу); Кыргыз Республикасынын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу; жүк ташуучу жана транзиттик транспорттон алынуучу бажы төлөмдөрүнүн эсебинен бюджетке кирешенин көбөйүшү; жаӊы жумушчу орундарын түзүү – ТКММКнын ишине кыргыз тараптын көптөгөн жүк ташуучу унаалары тартылат, тийиштүү инфраструктура (терминал жана башка) түзүлөт.
– «Министрлик кызматта иштеп жатканда ушуну жасасам болот эле, бирок жетише албай калдым» деп өкүнүч жараткан кандай пландарыӊыз калып калды?
– Олуттуу деле өкүнүүнү жараткан жагдайлар жок. Эмне колумдан келсе, эмнени жасаганга үлгүрсөм ошол ишти аткардым. Бир гана нерсе, объективдүү себептерден улам, анын ичинде бюрократиялык процедуралардан улам айрым бир долбоорлор башталбай, алдыга жылбай калды.
– Эгерде сыр болбосо, министрлик кызматтан кетүүӊүзгө эмне себеп болду?
– Буга чейин айтканымдай, менин кетишим – жеке чечимим болду. Үй-бүлөм менен кеӊешип чечим кабыл алган соӊ мамлекет башчысынан эс алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүндүм. Өкмөт тарабынан менин дарегиме ал учурда өзгөчө доо-талап, кысым көрсөтүү деле жок эле. Жалпысынан мен жетектеген министрликке коюлган тапшырмалар оӊунан чечилип жатты.
Мен Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигинде Кыргызстан үчүн жөнөкөй эмес ушул этапта иштегениме кубанычтамын. Өзгөчө Алмазбек Шаршенович менен иштешкениме сыймыктанам.
Анын тапшырмасы менен министр катары аябагандай чоӊ чыгашаны талап кылган амбициялуу долбоорлорду иштеп чыгууга туура келди, ал кезде бизде акча тартыш эле да. Өкмөттүн аларды алдыга жылдыруусу кыйын болчу. Президент болсо дал ошол актуалдуу жана аткарууга кыйын болгон долбоорлорду ишенимдүү илгерилетти. Мен Түндүк-Түштүк долбоору тууралуу айтып жатам. Бул долбоор мамлекет башчысынын чечими менен азыр ишке ашып жатат.
Айта кетчү жагдай, президент өз учурунда чечкиндүү чечим кабыл алууга зарыл болгон далилди уга билүү жөндөмүнө ээ. Анын бул сапаты өлкөбүздү өнүктүрүү саясатын ийгиликтүү жүзөгө ашыруудагы маанилүү фактор деп эсептейм.
Мен анын саясатын толук колдойм жана мага кайсы участокто ишеним көрсөтсө, мындан ары да иштешкенге даярмын.
– Жакында сиз «Ата Мекен» партиясынын катарынан чыкканыӊыз белгилүү болду. Ушундан улам аталган партия «Калыкбек Султановду бийлик коркутуп, «бул партиянын катарынан чыгасыӊ» деген талап коюптур» деген кеп чыгара тургандыгы айтылууда. Буга эмне дейт элеӊиз? Сизди чын эле бийлик коркутуп «Ата Мекендин» катарынан чыгардыбы?
– Ооба, чынында эле оӊой эмес чечим кабыл алдым, жакында эле «Ата Мекен» партиясынын катарынан чыктым. Акыркы 5 жылда партиянын алдыӊкы катарында орун алып, кызматташып келдим.
«Ата Мекендин» катарынан чыгуу чечимине узак убакытка ойлонуп, таразалагандан кийин келдим. Менин бул кадамым, позициям «Ата Мекен» тарабынан объективдүү түшүнүү менен кабыл алынгандыгын айтып коюшум керек. Ошондуктан эч бир мааниге ээ эмес бул ушактарга ишенбейм, бул сөздөр ушак деӊгээлинде эле кала берет. Ошондой эле партиядан чыгуу менен мен республиканын саясатынан кетпейм деп белгилей кетмекчимин.
Алдыда Жогорку Кеӊешке шайлоолор турат…
– Башка партияга өтүшүӊүз мүмкүнбү?
– Учурда мен башка партияга өткөн жокмун, бир да партияга мүчө эмесмин.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
eliza5566
2015-09-14 10:32:02
кызматтан кеткенде баары ушундай дешет
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан