Август айынын аягында ЕСА («Борбор Азия эксперттери») консалтинг компаниясы кыргызстандыктардын шайлоодо кимдерге жан тартарын иликтеп чыкты. ЕСА компаниясынын уруксаты менен биз ошол иликтөө жыйынтыгы боюнча өз ой-пикирин билдирүүнү өтүнүп, ЕСА компаниясынын директору Талантбек Сакишевге кайрылдык.
– Талантбек мырза, бул иликтөө канчалык кеӊири болду?
– Башынан эле айта кетейин – бул биз өткөргөн биринчи өлчөп-ченөө эмес. Дегеле шайлоочулардын маанай-мамилесин ушул жылдын жаз айларында эле изилдеп баштаганбыз. Бул сан-сапат жагынан өлчөп-ченөө да, бир катар фокус-топторду өткөрүү десек да болот. Ошондуктан соӊку айларда саясий күчтөрдүн салмагы кантип өзгөрүп турганы жөнүндө так маалыматыбыз бар. Ирети боюнча акыркы өлчөп-ченөө иш чарасын «Эл Пикир» эркин социологиялык кызматы менен бирге ишке ашырганбыз. Мында «Эл Пикир» сурап билүүнү түз өткөрүп, биз болсо талдоочулук милдетти аткардык.
Бүт өлкө боюнча сурап билүүгө 3500 киши тартылган, ылгап алуунун жаӊылыштыгы 1,8 пайыздан ашпайт, бул болсо маалыматтар өтө так дегендикке жатат. Сурап билүүнүн ыкмасы – жекече маектешүү.
– Азыр бардыгын саясий күчтөрдүн орду жана салмагы кандай экендиги кызыктырып жатат...
– Биз респонденттерге берилчү суроону мындай деп түздүк: «Эгерде шайлоо бүгүн өтсө, сиз кайсы партияга добуш берет элеӊиз?». Бүгүнкү күнгө карата кыскача корутундулап айтсак, коомдук пикирде партияларга көз караш кескин өзгөрдү. Эгер үч ай мурда көпчүлүк «Республика-Ата Журтту» тандаса, учурда тандоо Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына ооп баратат.
– Ал партия канчалык озду?
– Айырмасы орчундуу: СДПКнын тарапкерлери 21,4 пайызды түзсө, «Республика-Ата Журттун» пикирлештери болжолдуу 17,8 пайызды түзөт. Аталган партиялардын биринчиси адамдар менен тикелей иш жүргүзүүгө басым кылат. Экинчиси болсо, балким, карапайым калк менен тыгыз алака-катнаштарды түзүүнүн ордуна жайында түштүктөгү жамаат башчылары менен өз ара иш-аракетке басым жасап, тарапкерлеринин бир нече пайызынан айрылып калган да, эми жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ордун толтурууга ашыгууда. Анын натыйжасы кандай болорун көрө жатарбыз.
Бирок мен бир жагдайды анык айта алам. Кайсы гана партия болбосун, анын ийгилиги өз жетекчилерине гана эмес, ал өлкө чөлкөмдөрүн канчалык кучагына алганына жана жергиликтүү калк арасында жүргүзгөн ишинен да көз каранды. Мында орчундуу дагы бир жагдай – «партия башчылары» атыккандардын жасаган иш-аракеттери канчалык даражада ырааттуу болгондугу да маанилүү. Тилекке каршы, башчылардын бардыгы эле ырааттуу кыймыл-аракеттерге жөндөмдүү боло бербейт. Партиялардын биригиши, алардын айрым мүчөлөрүнүн башка партияларга өтүп кетиши жана партиялардын өздөрүндө күчтөрдү кайрадан топтоштуруу сыяктуу көрүнүштөр буга далил. Ал эми карапайым шайлоочулар баарын байкап, өз алдынча жыйынтык чыгарып жатат.
– Демек, туура түшүнсөк, кырдаал толугу менен өзгөрүп кетиши мүмкүн экен да?
– Иш жүзүндө жарыш башталган күн – 4-сентябрь эмес. Муну баары эле түшүнөт. Мисалы, бул өнөктүккө СДПК эӊ кийинкилерден болуп киришти. Чоӊ партиянын кыймылы жай, бирок ал күүлөнүп алгандан кийин зор болот эмеспи.
Биздин талдоо көрсөтүп жаткандай, бул партиялардын аброю дале болсо өсө бериши ыктымал. Алдыдагы эки партиянын жарышы – кызыктуу жараян. Туруктуу үчүнчү орунду ээлеген «Ата Мекен» партиясы дээрлик 15 пайызга ээ. Бул көрсөткүч жарандардын шайлоого кызыгуусу арткан сайын улам өсүп барууда. Аталган партия жогоруда айтылган эки атаандашынан кийинки орунда бара жатат. Аталган партияларда, ар бир партиянын ичинде жана анын мүчөлөрүнүн арасында эмне болуп жатканына карабай, жылдан-жылга өз партиясы үчүн гана добуш берип жүргөн туруктуу шайлоочулар тобу бар. Балким, бул көрүнүш Орусияда Жириновский үчүн добуш бергендердин кулк-мүнөзүнө окшоп кетиши ыктымал. Бирок парламенттик шайлоо өнөктүгүндө алар жарышта алдыӊкылардан болуп кетиши арсар.
– Жакында «Республика-Ата Журт» партиясынын башчысы билдиргендей, алардын максаты – парламентте 65 орунга ээ болуу. Ушундай болушу мүмкүнбү?
– Менимче, депутаттык мандаттардын теӊинен көбүнө ээ болуу мүмкүн эмес. Мандаттардын басымдуу көпчүлүгүн, балким, бийлик партиясы гана ыйгарып алышы ыктымал. Бирок ошондо да Конституция жол берген 65 орундун баарын олжо кылып алышы күмөн. Албетте, бул партиянын иш жүзүндө жасаган аракеттери президенттин өзү менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, алар бийликтин ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынат.
– Сиз СДПК жөнүндө кеп кылып жатасыз. Башка партияларчы, аларды калк кандай кабыл алып жатат?
– Кыргызстанда партия башчысынын мааниси өтө эле бийик бааланат. Кээде ал күйүп бүткөн күлдү тартып бараткан локомотив сыяктуу. Болгондо да лидердин ажары, сүрү отун катары пайдаланат. Натыйжада жетекчи эмне айтканы, эмне жасап, убадаларды бергени, өз тегерегине кимдерди топтогону мааниге ээ болбой калат. Ошондуктан акыры барып шайлоочулар ал кишиден иренжип калары да турган иш. Анткени, сиз билген бир кишиге эле добуш бергенсиз да, парламентке болсо сиз шайлабаган бир нече киши өтүп кетип жатпайбы.
– Силердин жоромолдор боюнча канча партия ЖКга өтөт?
– Статистикалык маалыматтарга таянып, парламенттин азыркы курамынан үч партия 7 пайыздык босогодон ишенимдүү өтөт деп айта алам. Бул СДПК, «Ата Мекен» жана бириккен «Республика-Ата Журт». «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын да ийгиликке жетишүү үчүн эӊ жакшы шарты бар. Бирок «Өнүгүү-Прогресстин» өсүш кудурети чегине жетип бүттү. Бул партия аталган босогодон өтүп эле кетсе, парламентте аларга тийиштүү 12-14 орундарга ээ болот. Башка партиялар да өсүүдө, алар баштаган төмөнкү деӊгээл – нөл пайыздан 1,5 пайызга жетүү анча кыйын эмес, бирок 13 пайыздан 15 пайызга жетүү алда канча оор.
Мына ушул төрт партия азырынча туруктуу абалда.
– Демек, сиздин божомол боюнча төрт партия экен да?
– Шайлоо жарышы эми гана башталды, алдыӊкылар дагы озушу мүмкүн. Бирок эскерте кетейин: шайлоо таза өтсө гана, 7 пайыздык босогодон аша албай жаткан партиялар шайлоочулардын добуштарын сатып албаганда гана божомол жогоруда айтылгандай болот. Ал эми шайлоочулар добуштарын берсе, андай партиялар ал добуштарды сатып аларында шек жок. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, өлкөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө добуштардын «баасы» да түрдүү болот. Биздин пикирибизче, көп кишилер сунуш кылынган акчаны алып, бирок өздөрү каалагандай добуш берүү ниети бар. Бирок бул куру сөз. Анткени адамда абийир, ыйман да бар эмеспи. Ошондуктан көп кишилер акчаны алган соӊ алардын добуштарын сатып алган «эргул саясатчыларды» алдагысы келбеши ыктымал. Ошондуктан коом бул тууралуу ачык айтып, сатып алгандын да, сатылгандын да мындай жоругу жаман, керек болсо ыплас экенин эскертүүгө тийиш. Азгыргандар, алдагандар болот – мына ушунун өзү кабатыр кылат.
Жоошбек Балтабаев