Бүткүл ааламды түрдүү боёгу менен тааныткан – бул биздин көздөрүбүз. Телефон, телевизор, компьютер, абанын кирдиги, кам көрүүнүн жоктугу жана башка көптөгөн факторлор көздөрдүн дартка кабылуусуна, көздүн айланасын эрте бырыш басуусуна алып келет. «Viva Profi» медициналык борборунун дерматолог-косметологу Айнура Уезбаева көзгө канткенде туура кам көрүп, бырыштардын алдын алууга болору тууралуу кеӊеш берет.
КӨЗ ЧАРЧАГАНДА...
Көз ар кандай факторлордон улам чарчап, кызарып, кычышканда алгачкы жардам көрсөтөбүз.
1. 30 мүнөт сайын монитор-экрандан алыстап, жок дегенде 5-10 мүнөт көзүӊүзгө тыныгуу жасаӊыз. 1 мүнөт алыс аралыкты (10-20 метр), 1 мүнөт жакын аралыкты (50-60 сантиметр) тиктеӊиз. 1 мүнөт ачык түстүү (кызыл-жашыл), 1 мүнөт ак-кара түстөгү буюмдарды караӊыз. Андан сырткары көзүӊүз менен үч бурчтук, төрт бурчтук, айлана формаларын элестетип чийиӊиз. 1 мүнөттөй бат-баттан ирмеӊиз. Андан соӊ 2-3 мүнөт жөн гана көзүӊүздү жумуп туруӊуз.
2. Күнүгө жатарда көк чайды демдеп, муздаганда ага кебезди малып, көздүн үстүнө коюп жатыӊыз. Бул компресс сизден 15-20 мүнөттү талап кылат.
3. Сүргүчтөн өткөрүлгөн 2 аш кашык чийки картошканы чакан 2 дакиге бөлүп салып көздүн үстүнө коюӊуз. 15-20 мүнөт тынч жаткан соӊ жылуу суу менен чайкап,көздүн айланасындагы териге арналган кремди сүйкөө керек. Компресс жумасына 2-3 жолу колдонулат.
4. Майдаланган 1 аш кашык жалбызды 200 грамм кайнаган сууга салып, жай отто дагы 5-10 мүнөт кайнатыӊыз. Суу муздагандан кийин чыпкалап, кебезди малып, көздүн үстүнө 10 мүнөт жаап коёбуз. Компрессти күнүгө кайталасаӊыз болот.
5. 1 аш кашык майдаланган петрушканын (же ромашка гүлү) үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, 1-2 саат демдеп коюу кажет. Андан кийин кебезди ал сууга малып, көздүн үстүнө 10-15 мүнөт жабабыз. Муну күн сайын колдонуӊуз.
6. Үй шартында көздүн шишигенин, кызарганын кетире албасаӊыз, офтальмологго барып текшерилүү сунушталат.
БЫРЫШ ТҮШКӨНДӨ...
1. Гигиена. Бырыштарды алдын алуу үчүн кечинде эринбестен сөзсүз беттеги макияжды, анын ичинде көздүн боёгун (атайын каражаттар менен) өчүрүү керек. Косметикалык каражат колдонбогондор дагы көчөдөн келгенден кийин бетти чаӊдан тазалап турганы оӊ.
2. Күнүнө 1-2 литрге чейин таза суу ичүү кажет.
3. Транспортто, жарык жакшы тийбеген жайларда китеп окуп же телефонго үӊүлүп СМС жазбаӊыз.
4. Өсүмдүк майы менен жумуртканын сарысын теӊме-теӊ өлчөмдө аралаштырып көздүн тегерегине сүйкөӊүз да, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.
5. Массаж. Күнүгө эстеген сайын 5-10 мүнөттөн көздүн айланасына аты жок манжанын учу менен жеӊил массаж кылуу кажет.
6. 50 грамм ак нанды жылытылган өсүмдүк майына салып эзип, көздүн айланасына жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.
7. Жатарда зайтун же башка өсүмдүк майын бетке сүйкөп (көздүн айланасына да), сиӊгенче жеӊил массаж жасап, анан жуубай туруп уктоо керек. Аптасына 1-2 жолу коюлат.
8. 25 жаштан кийин көздүн тегерегине колдонулуучу атайын крем колдонуу керек. Жарнамаларга алданып арзан крем алуунун ордуна кымбат болсо да сапаттуу крем, көз үчүн ботколорду алыӊыз. Сапатсыз косметика бетке, анын ичинде көздүн айланасына бат бырыш түшүүгө жеткирет.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg