Өкмөт башчы Темир Сариев Беларустун Гродно шаарында өткөн ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышып жатып: «Кыргызстан ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү катары анын жарандары жана товарлары биримдиктин башка мүчөлөрү тарабынан кодулоого дуушар болбошу керектигин өтүнөт. Биздин элибиз, ишкерлерибиз бул биримдикке киргенден кийинки жеӊилдиктерди сезиши кажет»,- деди. Буга катар ал кыргыз-казак чек арасында кирип-чыгууда тоскоолдуктар дагы эле болуп жатканын белгилеп, ал өткөрмө бекетиндеги ветеринардык көзөмөлдү 1-октябрга чейин алып салууну өтүндү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg