Кыргызстанда шайлоо алдында атаандаштык мыйзамдуу, маданияттуу жол менен катар тымызын, атүгүл кылмыштуу жолдор менен да жүрөрү ар түрдүү окуялар менен далилденүүдө. Мисалы, өткөн жумада парламенттик шайлоого карата үгүт кампаниясына старт берилгенден кийин эле «Ата Мекен» партиясында жагымсыз көрүнүш болуп өттү. Партиянын Бишкекте жайгашкан кеӊсесине ууру кирип, маанилүү документтер менен кошо 90 миӊ сомго чукул акчаны уурдап кеткени маалым болду.
Буга чейин эле үгүт иштери башталганда «Ата Мекендин» маанайы бузулган. Борбор калаанын мэриясынын чечими менен партиянын 56 баннери алынып салынгандыгын «ата мекенчилер» айтып чыгышкан болчу. Бишкек шаар башкармалыгы «Тазалык» ишканасы «Ата Мекенге» муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө укугу жок болчу» деген. Ал эми БШК «Тазалыкка» «Ата Мекендин» жараксыз болуп калган баннерлерин калыбына келтирүүгө тапшырма берип, мэрияга аларды кайра ордуна илип коюуну тапшырды. Кыскасы, БШК талашты аталган партиянын пайдасына чечип берди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg