Парламенттик шайлоого аттанган 14 партия үгүт кампаниясындагы эйфория абалында кыргызстандыктарга жомоктогудай жашоону убада кылып жатышкан кези. Албетте, ал кандай да болсо жеӊип чыгуунун, парламенттин босогосунан өтүүнүн аракети. Эгер бюллетендин эӊ аягына сөзсүз кошула турган «БААРЫНА КАРШЫ» деген добуш утуп кетсе кандай болот?
Биз БШКга ушул суроо менен кайрылдык. Мыйзамга ылайык, шайлоодо «баарына каршы» деген пункт талапкерлерден көп добуш топтосо, шайлоо болгон жок деп эсептелинет да, 30 күндүн аралыгында кайра өтүүчү шайлоо күнү белгилениши керек. Экинчи жолку шайлоого мурунку шайлоодо өтпөй калган, мисалы, учурда ат салышып жаткан 14 партия катыша алышпайт.
БШК өкүлдөрү: «Негизи андай «баарына каршы» деген пункт көп добуш ала турган болсо, кайра шайлоо жарыяланат. Боршайком ошол кырдаалга жараша аракет көрөт. Азырынча андай жагдай тууралуу сөз кылуу эрте»,- деп жооп берди.
Эске салсак, 2005-жылы парламенттик шайлоодо Кочкор шайлоо округунда «баарына каршы» деген пункт көп добушка ээ болуп, шайлоо өткөн жок деп жарыяланган. Депутаттыкка талапкер болгон Турдакун Усубалиев «талапкер Акылбек Жапаров элге тескери үгүт жүргүзүп ушундайга алып барды» деп сотко кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, кайра өтүүчү шайлоого «баарына каршы» пунктунан кийин көп добуш алышкан Турдакун Усубалиев, Нарынбек Молдоисаев кайра шайлоого катыша алат деп чечим чыгарган. Бирок ал шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо боюнча астына ат салдырбаган акаевдик заман болчу.
Биринчи шайлоодо өтпөй калган партиялар кийинки шайлоого катыша албай турган болсо, анда партиялардын тизмесиндеги талапкерлер башка партиялардын курамына кирип, кайра шайлоого катышышат. Эгерде өтпөй калган партиялардын талапкерлери да экинчи шайлоого катыша албай турган болсо, анда чынында эле саясий айдыӊда болуп көрбөгөндөй жаӊылануу болмок.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg