ИРАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДЕӉИЗГЕ ЧЫГУУСУН КАМСЫЗДООГО ДАЯР

Президент Алмазбек Атамбаев 5-сентябрда Иран мамлекетине расмий сапар менен барды. Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. Президенттер Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы келечегин жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Буга катар өлкө башчылары тарабынан эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба, маданият, энергетика, соода-сатык тармагында кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлду. Иран президенти Хасан Роухани: «Кыргызстан менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык чөйрөдө жана коопсуздук тармагында кызматташууну кеӊейтүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар»,- деп белгиледи. Ошондой эле ал Иран Кыргызстандын деӊизге чыгуусун камсыз кылууга даяр экендигин билдирди. Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан менен Ирандын ортосунда кыргыз-иран кызматташуусунун ырааттуу өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай пикир келишпестиктер жана талаш маселелер жок»,- деп эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жөнүндө да айтып өттү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан