Тынымсыз эмгектенип, ийгилик жаратып келе жаткан жаш ырчы Самара дайыма талкуу чордонунда. Бүгүн биз интригадан алыстап, ырчынын жан дүйнөсүнө кирип жагымдуу маек курдук.
«САМАРА ДЕП АТЫМДЫ АТАМ КОЙГОН»
-Атам мугалим, ошондой эле чыгармачылыкка жакын болуп, аккордеондо мыкты ойночу. Коӊшу мамлекеттерге ырдап көп барар эле. Өзбекстандын Самарканд шаарында союз мамлекеттеринен 14 өлкө катышкан жыйын болуп, атам ошол жакка жөнөөрдө апамдын толгоосу башталыптыр. Анан аны төрөт үйүнө таштап, доктурларга «мен келгенде уулдуу болдуӊ деп сүйүнчүлөсөӊөр 1000 сомдон берем» деп кеткен экен. Бирок 6 кыздан кийин 7-си болуп мен төрөлүп жатпаймынбы. Атам кайтып келсе төрөт үйүнүн эшигин эч ким ачпайт имиш. Апамды чакырса ал коркуп, мени кучактап палатанын бурчуна отуруп алыптыр. Анан «кыз болсо деле мейли, эшикти ачкылачы» деп белек-бечкегин, сүйүнчүсүн берген экен. «Самарканддан келгенимде төрөлгөн кыз» деп атымды Самара койгон.
«ИНИМ ТӨРӨЛГӨНДӨ «АВТОРИТЕТИМ» ТҮШҮП КАЛГАН»
-Кичинемде эркек балага окшоп шым кийип, балдар менен футбол ойноп эле жүрчүмүн. Эжелерим «кызга окшошчу!» деп урушуп көйнөк кийгизишсе, өзүмдү ыӊгайсыз сезип кайра эле шым кийип алчумун. Чоӊойгондо гана көйнөк кийип, кебетем кызга окшоп калды. Үйдүн кичүүсү болгондуктан аябай эрке элем, каалаганымды жасачумун. 7 жашка чыкканымда иним Сагынбек төрөлүп, менин «авторитетим» түшүп калды. Инимден ата-энемди кызганып, бешикте уктап жатса көзүмө көрүнгөн нерсени оозуна салып качып кетчүмүн. Ыйласа чымчып, буту-колун кайрып салчумун.«СТУДЕНТ КЕЗДЕ АШПОЗЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ БОЛУП ИШТЕГЕМ»
-Кичинекей кезимде үйүбүзгө чыгармачыл инсандар көп келер эле. Атам алар менен таӊ аткыча ырдаса мен да уктабай, кошулуп отура берчүмүн. Бир күнү таӊга маал атамдын аккордеон салган кабына кирип уктап калыптырмын. Эртеӊ менен туруп «кара жөжө каякка кетип калды?» деп аябай издешиптир. Токон аяш атам (ред. Токон Эшпаев) аккордеонду жылдырса артында мен уктап жатыптырмын. Ошондо «бул кызыӊ чыгармачыл адам болот» деп батасын берген экен.
Студент кезде үйдөгүлөрдөн такыр жардам күтчү эмесмин, анткени атамдын дары-дармегине көп акча кетчү. Ошондуктан өзүмдү каржылайм деп кафеде ашпозчунун жардамчысы, официант болуп иштеп жүрдүм. Күнүнө 5 килограмм камыр жайып манты бышырчумун. Тапкан акчамды өзүмдөн арттырып айылга салып турар элем. Азыр ойлосом аябай эмгекчил болгон экенмин.
«БАРЧЫЛЫКТЫ ДА, ЖОКЧУЛУКТУ ДА КӨРГӨН КЫЗМЫН»
-Апам айылыбызда ФАПтын жетекчиси болуп иштеген. Ал кезде телефон жок да, балдарды эмдөө учуру келгенде айылды кыдырып ар бир үйгө кабарлачумун. Бир жолу кышында апам кабар айт деп 10 аялдын тизмесин берди. Чоӊ кара пальтону кийип алып бара жатсам, бир сары ит чуркап келип асылды эле, бетимди жаап бүрүшүп жата калдым. Ырылдап кийимимден тиштеп ары-бери сүйрөдү. Мен ыйлабай жата бердим. Бир убакта ит токтоп калды, башымды көтөрсөм мени карап отурат. Бир сааттай тиктешип отурдук окшойт. Же кетип кала албайм, ордумдан турсам эле кайра сүйрөчүдөй туюлат. Бир маалда кетип калды. Пальтомду жыртып салыптыр.
Союз тарагандан кийин атамдар банктан насыяга акча алып туура эмес иштеткенби, айтор, төлөй албай, малыбызды, болгон мүлкүбүздү сатканбыз. Эсимде, аябай курсагыбыз ачып апам айылдагы ооруп жаткан адамдарды эмдеп, алган акысына бизге нан алып келген. Баарыбыз чогуу отуруп жегенибизди эч унутпайм. Барды да, жокту да көрүп чоӊойгон кызмын десем болот. Ал кыйынчылыктар артта калып бардар жашоодо деле жашагам, атам тойдон келгенде эт, нан, таттууларды алып келчү. Аккордеонун кабынан чыгарганда аны менен кошо акчалар төгүлүп кетер эле.
«АТАМДЫН КОЛУН ЖАНЧЫП САЛЫШКАН»
-Бул тууралуу атам өзү такыр айткан эмес, аны менен чогуу жүргөн Токон Эшпаев, Жолболду Алыбаев, Абдыманап Төрөбеков аяш атамдар айткан бир окуя эсиме түштү. Атам Жалал-Абад шаарында окуган. Ошол кезде Ош, Жалал-Абадда атактуу болуп, аккордеондо ойноо боюнча алдына киши салдырбай жүрчү экен. Ошондо көрө албаган достору кыяк тарта албай калсын деп атама спирт ичимдигин ичирип мас кылып, мейманканадагы бут кийим тазалаган аппаратка манжаларын салып бырчалап эзип салышыптыр. Дарыгерлер «колу иштебейт» дешип, айтор, элдик табыптарга барып жүрүп 3 жыл дегенде колу айыгып кеткен экен. Анан кайра аккордеонун колго алган. Бул окуяны угуп, балким, бут тосуу болбогондо, атам борборго келип республикага белгилүү ырчылардын бири болмок беле деп ойлонуп калам.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg